Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:47

Саясат

Аксыдагы оппозиция президент К. Бакиевди тааныбайт

3-августта Аксыда өткөн жыйын К. Бакиевди президент катары тааныбоо жөнүндө кайрылуу кабыл алды.

Аксыдагы жыйын
Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
Аксы районундагы Топ-Жаңгак айлындагы жыйынга бүгүн Жалал-Абат облусунун бир нече райондорунан топтолгон жарандар катышты. Жыйында президенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолду, ошондуктан ал легитимсиз деген баа берилди.
 
БЭКтин борбордон келген өкүлү, адам укугун коргоочу Сартпай Жайчыбеков чогулгандарга 23-июлда жер- жерлерде катталган мыйзамсыздыктар жана эл аралык уюмдардын шайлоого берген баасы тууралуу кеп курду. Ал өз сөзүндө шайлоочулардын укугун коргоо максатында нааразылык акциясына чыккан адам укугун коргоочулар менен айрым саясатчылар кармалып, соту далилсиз өткөнү менен алар камоолорго жана айып пул төлөөгө кириптер болгонун мисалга тартты.

Арпа, Аксай өрөөндөрүндө темирдин жүз жылдык кени бар экендигин, бажы жана чек ара бекеттерин ичкери жылдырып ийген кыргыз бийлиги шайлоо болгон үчүн гана ал кемчилигин мойнуна алгандыгын, Таш-Көмүрдөгү кремний заводунун өнүмдөрү менен төрт жыл ичинде өлкөнүн тышкы карызынан кутулса болоорун билдирди. БЭКтин талапкери А.Атамбаев президенттик шайлоодо утту делгени менен элдин берген добуштары жер-жерлерде көпчүлүк тарабынан корголбой калгандыгын белгиледи:

-Азыр шайлоо таза өттү дегенге болбойт. Муну бир эле кыргыз эмес, чет өлкөдөн келгендер дагы бул шайлоо таза эмес, укук бузуу менен өттү деген жыйынтыкка келди. Бир эле шайлоого элдин катышуусу эмес, шайлоо кодекси административдик ресурс менен президент Бакевдин пайдасына жазылган деген жыйынтыкка келишти алар. Бүгүн Барскоондо, эертң Нарында, Бишкекте тынымсыз биздин Аксы окуясындагыдай болгон элдин нааразычылыгы боло берет. Ал канчалык деңгээлде көтөрүлүп өрткө айланып кетет, мен так айта албайм. Аны саясатчылардан сурагыла.

Жыйын суроо - жооп иретинде өтүп, шайлоочулардын соболдоруна С. Жайчыбеков менен БЭКтин Аксы, Чаткал, Ала-Бука, Таш-Көмүр аймактарындагы бөлүмүнүн координатору Кадыркул Өмүрбеков жооп берди:

-Алмаз Атамбаевге нечен ишти кылдык, аракетти түндүр-күндүр кылдык. Бирок Бакиев өзүнүн «Ак Жолу» менен, өзүнүн жигиттерин камдап жасап алды.

Нурбек Анарбаевдин ою боюнча талапкерди жеңишке жеткирүүгө БЭКтен да мүчүлүштүк кетти:

-Карапайым калкка таянып коюшту. Кыргызстандын баардыгы толукталган, толукталбаган маалымат боюнча дагы колдоп берди. Ошонун жемишин алалбадыңар, БЭКтин начар иштегендигинен эмеспи?

Жыйын бир нече кайрылууларды бир добуштан кабыл алды. Кыргыз калкына болгон кайрылуу менен тааныштырган оппозициялык уюмдун өкүлү Кубаныч Маматкеримов ийгиликке жеткендер өз кемчилигин акыры бир күнү сезишеерин, одоно мыйзам бузуулар менен өткөн президенттик жарыш үчүн коомчулук кийинки муундарга уят болоорун билдирди:

-Баарыңыздарга маалым болду. Эң өкүнүчтүүсү, бул шайлоонун кыргыз элине бүлүк салган, мамлекетибиздин жаратылыш байлыктарын талап-тоноого жол ачкан, келечеги кан жыттанган репрессиялык коркунучтуу коомдун башталышы болуп калуусу күтүлүүдө. Ушундай кырдаалда сиздерге кайрылар элем, бул шайлоодо биз утулган жокпуз.


Экинчи бир кайрылууда БЭКтин талапкери А.Атамбаевге ыраазылык айтылып, Аксы аймагындагылар аны дайыма колдоого алышаары тууралуу жар салынды. Бишкек шаары менен Чүй боорундагы шайлоочуларга жасалган кайрылууда А.Атамбаевди коргоого жана колдоого чакырык жасалды.

БЭКтин Аксы аймагындагы өкүлү Эсенгазы Жаңыбаев К. Бакиевди президент катары тааныбоо жөнүндө, анын өзү менен Жогорку Соттон, Башкы прокуратурадан жана Ички иштер министрлигинен БЭКтин мүчөлөрүнө, адам укугун коргоочуларга жана саясатчыларга карата куугунтуктоону токтотууну талап кылган кайрылууну окуп берди:

- Биз 23-июль күнү өткөн шайлоону шайлоо деп таппайбыз жана муну президенттигин легитимсиз деп эсептеген үчүн биз президентке дебей жөн эле Бакиевге деп жазып койдук. Кайрылуу: - Президенттик кызмат үчүн болгон шайлоонун жыйынтыгы өтө одоно бузулгандыктан, кыргыз элинин калыс укугу үчүн күрөш жүргүзүп келген калыс сүйлөп, чындыкты бетке айткан, силердин түрмөңөрдөн коркпогон Топчубек Тургуналиев, Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова, Асия Сасыкбаева, Гүлнар Жоробаеваларга, БЭКтин мүчөлөрүнө саясий куугунтуктоолорду, камоолорду токтотууну талап кылабыз. Биз аксылыктар 23-июль 2009-жылы Кыргызстанда таза шайлоо болбогондуктан Бакиевди Кыргыз Республикасынын президенти деп эсептебейбиз жана президент катары тааныбайбыз. Аксы аймактык БЭКтин мүчөлөрү.

«Азаттык» менен пикирлешкен Ноокен районундагы имамдардын бири Маман Жакшыбаев президенттик шайлоо таза өтүп, көпчүлүк добуш менен утуп чыккан К. Бакиевге оппозиция дайыма тоскоолдук кылып келаткандыгын угузду:

- Албетте, мындай митингге чогулуштун эч кимге кереги жок. Баардыгы таза өттү, көрүп турдук шайлоо болгон жерде. Бакиевге элдин бардыгы добуш берди. Оппозиция иштетпей эле пикет, көтөрүлүш кылганга аракет кылып атат. Эң негизгиси бизге тынчтык керек. Канчалык тынч болсо, ошончолук бизге жакшы болгону турат.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Дос каяктан: Нарын
30.08.2009 19:20
Элине жараша - хан. Какой народ и им же такой царь. Ар бирибиз өзүбүздөн баштасак адамгерчилик сапатты, Кыргызстандын келечеги мүмкүн онолот.

кимден: tilek каяктан: moscow
12.08.2009 00:55
Aksylyktar jakshy! kolduktor dele jakshy ele Almazbeke churkashty birok bolbodu! kirgiz saga kairylam tush toodon/

кимден: Манастын тукуму
11.08.2009 22:11
Эмнеге эле акипресс менен 24.kg га сын пикирлер чыкпайт десем, иттин өлүгү бул жерде жаткан тура. Карап көргүлө www.24.kg

кимден: Жaкутай
09.08.2009 16:57
Бизде бир жаман корунуч пайда болду, бийликтен оппозицияга, оппозициядан бийликке чуркамай, кызматтан кетсе, калп эле элдин проблемасын жамынып, убактылуу кыйын боло калат, анан ырайымсыздык менен соодалашып, кызматка отуруп айткан сөздөрүн унутуп, чөнтөгүн толтурат биринчи карупсанерлердин бирине болуп калат, анан кийин жумуштан кетсе, кайта элим эле элим дешет анан чын эле ичип жеген үчүн соттосо, анда куугунтук деп чуркаган акмактар бизде көп кездешет, алардын атын фамилиясын бардыгы билет, мурдагы оппозиция сөрөйлөр азыр бийликке сатылгандар бийликте отурат жана жакынкы арада бийликке бара тургандар, эсиңерде болсун экинчи силерди эч ким колдобойт! Колдосо туруктуу адамдарды колдойт, бир мисал Текебаев сыйяктуу адамдарды колдойт. Анан бийликке айтып кетейин мурдакы биздин соратниктерди, азыр силердин кошоматчы подхалимдерди жумуштан бошотуп койсоңор, аларды баары бир эч ким колдобойт, түбөлүккө пенсияга Феликс сыяктуу жүрө берсин, карапайым эл рахмат дейт болчу!

кимден: timka каяктан: Korea
07.08.2009 21:35
Atambaev kim al tuugandar,men taanybait ekenmin,al jash baldarga jomok aitsa bolmok,oozunan nanyn aldyra elekte.

кимден: Basmach каяктан: Duinodon
06.08.2009 20:21
Jazganim Tashbaltaga:) dosum kandai jazdin jegen jok degenin makul emi ani dalildesh kiyin dechi. Tuugandari ishtebei ele degenin okshoboi kaliptir da :) biraz izildechi dos.

кимден: киргиз каяктан: тоодон
06.08.2009 09:52
Кыргыз эли кызык калк экенбиз кече эле кыйкырып оппозицияны колдоп жаттык эле эми бүгүн бат эле мойун сунуп калыптырбыз. Аксылыктар азамат экен эч нерседен тайманбаган. калгандар да ушундай болсо. Көлдүктөргө окшобой. Ал эми тез эле бирөөнүн бир жерине кире качкандар дайыма ошол жерден чыкбайт.

кимден: men каяктан: germany
05.08.2009 19:08
boloor isch boldu ,bojegu kandi!Oposizija o4tu,ujat ele boldu,Tekebaev menen Atambaev!

кимден: Ташбалта каяктан: Ош
04.08.2009 20:17
Оппозиция минтип эч жакка бара албайт, эл оппозицияны эрчибейт да. Эрчигенде эмгиче эрчимек Акаевди куугандай эле Бакиевди куумак. Бакиевди колдойт себеби Бакиев таза иштеп жатат, эч кандай жеген да жок семейный власть да болгон жок эч ким доказать кыла албады го? Оппозициянын күнөөлөгөнгө бир да факты жок туугандар. Оппозицияны эч качан эрчибегиле! Кыргызстандын келечеги Алланын колунда, Алла Бакиевди колдойт буйруса!

кимден: Кыргыз каяктан: ЯССЫ
04.08.2009 18:00
Атамбаев, Бекназаров, Текебаев жана башка оппозиция сөрөйлөр - Бакиевдин эле адамдары го? Мен чет өлкөдө жашаймын, булардын оппозициясын көрүп, биздики менен салыштырып, анан ушундай жыйынтыкка келдим. Кыргызстанда оппозиция жок, бизде бийликтин аракети менен түзүлгөн - жасалма оппозиция бар. Муну менен бийлик Кыргызстанда демократия бар демекчи. Жалган демократия менен 20 жыл жашап жатабыз, бир кадам астыга жылдыкпы? Кыргызстан бул акбалдан чыгыш керек. Бизге бийликтин "Фокус-мокусу" кереги жок, бизге чыныгы демократия керек!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive