Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:27

Маданият

Асыкбек Оморов: Чыгыш календарын кыргыздар ойлоп тапкан

Кыргыздар эмне себептен жылдарды жаныбарлардын аттары менен атаган? Бабалар жылдын башталышын эмне себептен март айына белгилешкен? Камандын этин жебеген кыргыздар эмне үчүн анын атынан жылды атап калган? Мына ушундай улуттук жыл сүрүү маданиятын сыры жөнүндөгү суроолорго жазуучу Асыкбек Оморов жооп берет.

x
Текст көлөмү - +
 - Асыкбек мырза, кыргыздар жылдын аталыштарын мурда кандай атап келишкен?

- Тарыхка карасак, Орусиянын биринчи императору Петр биринчи 1689-жылы империяны түзөт, ошондон кийин 1694-жылы өзүнүн өкүмү менен 1-январды жаңы жыл деп жарыялап койгон. Ошону менен Европага бүт тарап кеткен, кийин Европадан Америкага жайылган.

Ал эми негизи биз кыргыздар кар ээрип, жерге көк чыга баштаган кезде, бак-дарактар бүрдөп, жан-жаныбарлар төлдөй баштаган март айын жылдын башы дешчү, Март айын Жалган Куран дешчү. 13-кылымдан бери ушундай аталып келатат. Ага чейин байыркы кылымдарда биз муну Күкүк ай дечүбүз. Күкүк жаныдан чыгып сайрай баштайт да, ошон үчүн ушундай деп аталып калган.

- Жалган Куран деген аталыш эмнеден чыккан?

- Эликтин эркегин куран деп коет. Ошол элик куутка кирип жазга жуук бооз боло баштаганы арсар болгон үчүн Жалган Куран деп айтылып калган. Экинчиден, жаңыдан жан-жаныбарлар туула баштаганда ошолорду аман багып калалы деген ой менен Жалган Куран деп аташкан.

Андан кийинки апрель айын ата-бабаларыбыз Чын Куран дешчу, же мурун Чилде айы деп аташчу. Май айын Буу, Сары чай дешчү. Андан кийин июнь айын Кулжа дешчү, Кыркүйө айы дешчү. Июль айын Теке дейт. Эмне үчүн Бугу, Кулжадан кийин Теке болуп калган? Текенин териси жука болот, жүнү суюк болот. Жайында жаан жаап өткөндөн кийин кой жөтөлбөйт, эчкилер жөтөлүп калат. Ошон үчүн булар жай айында төлдөшөт, улактары өлүп калбас үчүн. Себеби тоолуу бийик жерлерде суук катуу болот да.

Ал эми бугу менен кулжалар төлдөгөндө балдарынын жүнү коюу болуп, суукту көп тогото бербейт. Ошон үчүн буларды биринчи кезекке коет. Эң акырында Теке айын койгон. Теке чаңыт деп коет, ата-бабаларыбыз айтып калчу, зоонун башына чыгып алып теке ай карап турат деп. Ай караган теке деген, бул айды карап аба ырайын аныктап, андан кийин айга жараша аныктап алгандан кийин теке эчкиге кошулат, куутка кошулат.

Кыргыздар миңдеген жылдар мурун эле жаныбарларды ыйык тутуп, жаныбарлар менен жашап, куландын кулунунан алып келип багып, жылкыларды өстүргөн. Аркар кулжанын балдарын ларек дейт. Ларек кезинде кармап алып келип туруп, булардан кой менен кочкорлорду өстүргөн. Ал бир жылдын, бир кылымдын ичинде боло турган окуя эмес да.

Бүгүнкү күнгө чейин кыргыздар жаныбарларды ыйык тутабыз. Бүгүнкү күндө дагы мал менен жашап атабыз. Ошон үчүн малдын аттарын коюп туруп, Бугу, Кулжа, Теке деп келип туруп, анан Баш оона дейт. Баш оона кезде баардыгы төлдөп, өзүнчө жанын багып калган үчүн башы оонап, ары-бери жакка басып, каалаган жерде оттоп калат.

Андан кийин Аяк оона деген - бул сентябрь айы. Муну Казан же Согуш айы дешчү. Баш оонаны болсо Кара чай дешчү мурун. Тогуздун айы - октябрь, Жетинин айы - ноябрь, Бештин айы – декабрь, Үчтүн айы – январь, анан Бирдин айы – февраль болуп, кайра Жалган Куран болуп, баардыгы 12 ай болуп калып атпайбы.

- Кыргыздардын ай аталыштары эмне себептен 2-3 ирет өзгөрүлүп, башкача аталып калган?

- Жалпы жонунан Чыгыш календары деп аталып калган менен аны кыргыздар ойлоп тапкан. 2500 жыл мурун кыргыз каганына Лийли деген кытай кызы турмушка чыгат. Каган өлгөндөн кийин ал кайра Кытай жерине кеткенде, ушул Чычкандан баштап Каман жылына чейинки биздин ойлоп тапкан календарды алып кеткен. Бул Кытайдын иероглифинде, архивинде бүгүнкү күндө сакталуу. Булар Балык жылын Ажыдаар жылы деп оңдоп койгон. Көп нерсебизди тарттырып ийип атабыз бүгүнкү күнгө чейин.

- Илгери кыргыздар камандын этин жеген эмес да. Эмне үчүн жылдын бири Каман жылы деп аталып калган?

- Илгери кыргыз ата-бабаларыбыз кыргыздар чечек оорусу менен ооруп калганда каманды атып, этин жешкен. Кара кийик деп атап алган. Адалдарды биринчи кое берип туруп, анан адамга пайдасы болгон үчүн каманды эң акырында аташкан.

- Эмне себептен чычкан жылдын башында айтылып калган?

- Ким тоодон көтөрүлүп келатканда күндү биринчи көрсө ошонун атынан аталып калат. Бул чычкан азыркы чычкан эмес. Талаа чычканы төөнүн кулагына кирип кетип жашынып алып, эртең менен анын эки кулагынын ортосуна жашынып алып күндү төөдөн мурун көргөн. Арс чычкан деп коебуз азыр. Ушунун атынан аталган жыл болуп эсептелинет.

- Кыш чилдеси болуп турган учурда да күн жылып, аба ырайы башкача болуп атат да, сиздин пикириңиз?

- Өткөн жылда мен муну кылдым, тигини кылдым, көп нерсени жасадым деп мактанбаш керек. Себеби мактанганды бул жыл жаман көрөт. Себеби жерде басып жүргөн жаныбарлардын сырттаны жалгыз ушул кабылан болуп эсептелет. Кабылан башка жылдарды мактаганды жасан көрөт. Бул ааламдык жылуулукка байланыштуу болуп жатат. Мөңгүлөр, Арктикадагы айсбергдер ээрип, кыш учурунда ташкын басып, Европанын канчалаган жерлерин суу басып өттү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Nur каяктан: Bishkek
03.02.2010 18:48
Atyn chykpasa,jer ortto degen chyn okshojt.

кимден: Илимбек каяктан: Бишкек
03.02.2010 10:59
"Кыргыздын көзү желкесинде" - деп айтчы эле ырматылык Салижан аке. Көрсө а киши да жаңылган экен. Оморовдун айткандарын угуп алып мен башка ойго келдим: " Кыргыздын көзү желкесинде эмес эле жамбашында окшойт, андай болбосо мындай болбойт эле".

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
03.02.2010 03:03
Анча мынчасы жомок болуп кетиптир.
Арс чычканды коргонбу агайыбыз. Ал тоонун кулагына батса мен анда пилдин кулагына батам. Кукук мартта сайрабайт, майда сайрайт.
Балыкты ажыдаар деп ондоп койгон деп кулку келет.
Кытайларда жыл атоо илгертен бар. Бизде алардан мурун башталганын кантип далилдеп атасыз?
Дегеле баарын эле кыргыздар биз баштаганбыз дей берген онор таап алды кээ бир окумуштуулар.
Илимде баарына далил керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)