Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:32

Экономика

Биринчи кезекте турган экономикалык маселелер

Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси, белгилүү коомдук ишмер Базарбай Мамбетов убактылуу өкмөттүн алдындагы биринчи кезекте чечүүнү талап кылган маселелер катары токтоп турган заводдорун ишин жандантууну, "Кумтөр" алтын кени боюнча келишимди кайра карап чыгууну, Россия, Казакстан, Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштарды колго алууну атады.

x
Текст көлөмү - +

- Бүгүн Кыргызстанда убактылуу өкмөттүн түзүлгөнүнө беш күн болду. Өкмөт экономикалык реформаны эмнеден башташы керек?

- 19 жылдын ичинде Акаев менен Бакиевдин бийлиги өлкөнү жакырчылыкка, элибизди караңгылыкка, социалдык жакырданууга алып келди. Өлкө үчүн эң негизги экономика экенин түшүнүшкөн жок. Акаев демократия, элдин укугу деп, Бакиев болсо Бакиевдердин монархиясын орнотуу менен алек болуп жүрүштү. Биз үчүн экономиканын негизи бул өнөр жай, айыл чарба эмеспи. Бакиев 5 жылдан ичинде Акаевдин заманынан бери иштебей токтоп турган 300 завод, фабрикалардын бирин дагы жүргүзө албады.

Эң аягында иштеп турган кант цемент заводу, Токмоктогу айнек заводу, Майлуу-Суудагы электр лампа заводу былтыртан баштап иштебей калды. 19 жылдын ичинде Кыргызстандан 2 млн. ишке жарактуу адамдар кетип калышты. Ошолордун 1 миллиону башка өлкөнүн граждандыгын алышып, калган 1 миллиону ушуга чейин чет элде укугу жок болуп, жашырынып иштеп жүрүшөт.

Кыргызстандын өзүндө дагы азыр 1 мллиондон ашык жумушсуз адамдар бар. Демократия, курултай, референдум, шайлоо, коомдук кеңеш, президенттин кеңеши, элдик ассамблея дебей эле, ар бир токтоп турган чоң чарбаларды колго алып ишке киргизсе болот эле. Бүт дүйнөгө белгилүү Чүй боорундагы токтоп турган  Кант заводун иштеткенге эч кимдин акылы жеткен жок.

- 1-апрелден тарта Орусия Кыргызстанга жөнөтчү күйүүчү майларга бажы төлөмүн киргизген. Муну кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк барбы? Өзүңуз билгендей Орусия Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнө жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди?

- Биздин өкмөттүн орунбасары Атамбаев Москвага барып орус элиндеги мамлекеттин чоңдору менен сүйлөшүп келди деп угуп атабыз. Бүгүн ал киши пресс конференция бермек. Ошол сүйлөшүүлөрдүн эң негизи маселелеринин бири 1-апрелден баштап күйүүчү майларга салына турган 193 доллар деген салыкты алып таштоо болушу керек. Ошону биз бүгүн угабыз. Орусия деле жакшылап биз сүйлөшсөк, ошого даяр деген мен ойдомун.

- Кыргызстан ички экономикасын өнүктүрүү үчүн тышкы саясатын кандай жүргүзүшү зарыл?

- Биринчиден, биз азыр Казакстан, Өзбекстан, Орусия менен жакшы мамилеге келип, жакшы отуруп сүйлөшүп, өзүбүздүн алар менен биргелешип иштөөгө даяр экенибизди көргөзүшүбүз керек. Газ болобу, электр энергия болобу, суу болобу, же күйүүчү май болобу ошолор боюнча биздин көйгөйүбүздү жеп турган маселелер боюнча алар менен ачык отуруп сүйлөшүп, кеңешип иш кылышка биз даярбыз деп ойлойм.

- Соңку окуялардан кийин АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасынын тагдыры бүдөмүк деп айтып жатат. Эгер база чыгарылса бул кыргыз экономикасына кандай таасир берет? Зыян тартышы мүмкүнбү?

- Ал боюнча биз эгерде саясий жагын албаганда, азыр "Манаста" АКШнын аскердик базасынын туруп турганы туура эле деп мен ойлойм. Себеби алардын баары кетип калса, анда биздин "Манас" аэропортубуз толугу менен иштебей калат. "Манас" аэропортуна келип учуп конуп турган учактарына биз аябай көп кызмат кылып, аларга күйүүчү майларды алып келип сатып, алар менен биздин Кыргызстандын көп компаниялары байланышкан. Берки саясий жагы, ошол базанын бул жерде туруп турганы башка биздин кошуна өлкөлөргө жагабы, жакпайбы, аны биздин өкмөт башчылары өзүлөрү далилдеп алышы керек.

- Алтын кендерин иштеттүү боюнча Курманбек Бакиевдин бийлиги сындалып келчү эле, эми убактылуу өкмөт кендер боюнча кандай саясат жүргүзүшү керек?

- Эң биринчи маселе - бул Бакиев менен Акаевдин убагында кыргыз кендерине 600 лицензия берилген. Ошолордун бири да иштеген эмес. Алардын бардыгы дүйнөлүк биржаларда ошол лицензияларды бири-бирине сатып кайышып жатат. Биринчи маселе ошол 600 лицензияны толугу менен жокко чыгарып, ошол чет элдик компаниялардын ар бирин талдап чыгып, алар эмне кылып атат, канча акча табышты, жер кендерин иштетүү боюнча жаңы саясатты иштеп чыгып ишке киргизишибиз керек.

Эң негизгиси, Кумтөр боюнча былтыркы 30-апрелде кабыл алынган, кыргыз элин кемсинткен, шылдыңдаган келишимди жокко чыгарып, Канаданын Кумтөрдү иштетип жаткан компаниясы менен отуруп, алар менен башкача сүйлөшүп, башкача келишимге отурушубуз керек. Эң негизгиси Кумтөр боюнча Канада компаниясы жыл сайын 200 миллиондон кем эмес бизге төлөп турушу керек. Ошондо гана биз Кумтөрдү ордунда келтирдик деп эсептей алабыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кыргыз каяктан: Ростов
24.04.2010 05:08
Б.Мамбетов айткан маселелер Кыргыз элинин эн койгойлу маселелер болуп турат.Баары эле бийлике келгенде мен жыргатып жиберем деп келип акырында эмне болгону баарыбызга далил.Менин ойумча мыйзам чыгарууда жогоруда корсотулгон маселелер боюнча "ачык саясат" эл алдында отчет беруу усулдарын бекитип чыгуу зарыл.
Ошондо койулган маселе боюнча эч кандай жумуш болбосо элдин которулушу оной болот.

кимден: MBA каяктан: Francia
17.04.2010 22:36
Menimche en kerektuu kechiktirilgis chechimge muktaj maseleler ushular, birok emi ushuga tiesheluu ministirlikter, chechuuchu orunda olturgan bizdin urmatuu mekendeshter da positivduu pikirin bildirip jana produktivduu araket jasashsa abdan tuura bolmok.
Kyrgyz elime tynchtyk, birimdik, yntymak, turuktuu jana tatyktuu mamleket bashchy jana oshonun bazasynda osup onugushun chin dilden kaalit elem!

кимден: Gul каяктан: KG
12.04.2010 21:11
Eng Tuura !!! Zavod Fabrikalar ishtep eng jakshi bolot ele , kopton beri jumushtari jok jerdeshteribiz ishtuu bolup yi- bylooosyn bagip , bashka olkolorgo barip , alardin kochosun , shipirip fabrikalarinda - zavodunda ishtebei ,
Bir ejenin tualet juub jurgonun korup keenim ainidi , kolunan chelekti alip jardam bergenge umtulsam " Jook singdim jumushumdan aidap jiberet " dep jaldirap iydi , KG da al ejenin bashka olkolorgo barip tualet juuganin dele kaalagan emes elem .

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)