Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:37

Эркиндик

Барскоонго берилген төрт миллион доллар кайда кеткен?

Бүгүн Октябрь райондук сотунда “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын үстүнөн сот иши башталат. Иштин чоо жайын “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоевадан сурадык.

Текст көлөмү - +
 -Эркингүл айым, саламатсызбы. Сиздер берген бул доо арыз боюнча сот көптөн бери уланып келе жатат окшойт. Анткени 1-Май райондук соту май айында эле карап баштаган болчу?

- Бул боюнча биз 1-Май сотуна бергенде компаниянын өкүлү адвокаты Спасенко биз Октябрь районунда катталганыбыздын негизинде Октябрь районуна которулсун деп сураныч берген. Ошонун негизинде Октябрь районуна которулду.

-Өтө эле узак аралыка созулуп кеткен жокпу, анткени сот май айында эле башталган болчу?

- Булар ар кандай негиздерде сотту узартып атат. Мисалы, 1-Май райондук соту Октябрь районуна которулсун деди, ал жакка которулса кайра шаардык сотко берди. Биз 1-Май райондук сотунда эле калмакпыз, Октябрга которбой эле койгула деп атканбыз. Ошонун негизинде ушундай узак болуп атат.

Ал эми 2005-жылдан 2007-жылга чейин сот болгон. Бул боюнча булар тынчтык келишими боюнча өкмөткө 4 млн. доллар бергенбиз, ошонун негизинде өтүнүч кылышкан бул соттун ишин токтотуп бериңиздер деп. Бирок сот негиздеп изилдеп, бул тынчтык келишими законсуз түзүлгөнүнүн негизинде өтүнүч четке кагылган.

Ал эми азыр болсо компаниянын адвокаты Спасенко дагы эле өкмөттү экинчи жоопкер катары ишке тартууну суранып жатат соттон. Бирок биз ойлойбуз тынчтык келишими түзүлүп, ал 4 миллионду кимге берди, Акаевге бердиби, Силаевге бердиби ошолордон сурап алышы керек. Ал эми жабыркаган эл болсо эч кандай акча алышкан эмес. Мурун 1000, 500 сомдон балдарга жардам катары гана берилген болчу. Ошондуктан каза болгон, ооруп аткан адамдардын бул компанияны сотко берип жатышы закондун негизинде болуп жатат.

-Буга чейин биринчи траншка  каражат бергенин дагы Кумтөр ишканасы кайра-кайра кайталап атат?

- Бул таптакыр өзүнчө. 98-99-жылдарда өкмөттүн айыл чарба жагынан бир канча өкүлдөр текшерип чыгып, канча түшүм алынбай калды деп, ошол актынын негизинде алынбай калган түшүмдүн гана компенсация берилген. Муну эч кандай адамдын ден-соолугу боюнча маселеге аралаштырбаш керек.

-Цианид уусунан жабыркагандар катары 300дөн ашуун киши деп айтылып жүрөт. Доо арызды 29 киши берип атыптыр. Калгандары каалаган жокпу?

- Сот айтып атат 300 кишинин баардыгын карай албайбыз деп. Ошондуктан биз биринчи баскычында 29 кишини бердик. Эгерде буюрса сот биз тарапка чечип бере турган болсо, калган кишилерди улам-улам бере беребиз. Мен ойлоп атам, биз соттон жеңебиз деп. Анткени бизде бүт фактылар бар. Биринчи жардам берген медиктер дагы бизге кошулуп атышат.

-Эркингүл айым, сизге чоң рахмат!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Баки каяктан: Баткен
06.11.2009 09:51
Азаттын айткан сөзүнө толук кошулам, анткени биз азыркы күйндү ойлоп, келечек муунду унутуп коюп жатабыз. Суу алтындан да кымбат, бүгүн бюджет толуп жатат, эртең экологиялык катастрофа болуп калса мындай акчанын 100 млрд. болсо да ордуна келтире албайбы, кудай өзү сактасын. Кумтөр, Джерүй ж.б. долбоорлордун кереги жок. болгону 5 млн. эл болсок жөн эле экологияга таасирин тийгизбеген завод-фабрикаларды иштетип акча атпсак болот. Азыркы бийликке бир гана мансап, акча керек. Ыссык-Көлдөн ажырап калбасак эле болду.

кимден: Азат каяктан: Ысык-Көл
05.11.2009 19:27
Кумтор бул кыргыздын шору, анткени кийин баары бир эклогиялык катастрофа болот муну окмуштуулар далилдеп жатат. Биздин өкмөткө акча эле болсо болду. 10-20 жылдан кийин ушул акчасына муздарды, экологиябызды ордуна келтире албайбыз. Канадалыктар кетет, бул бийлик кетет анан кимден сурайбыз. Хвостохранилишеси ачылып кетсе бүт Нарын эли жабыркайт, Фергана ж.б.Муздарыбызды талкалап жатышат, таза суусуз бир да адам жашай албайт, эч кандай алтынга тең эмес биздин суу байлыгыбыз. Күмтөрдүн кереги жок!!!!

кимден: Altai каяктан: Bishkek
04.11.2009 16:50
kumotrdon paida az chinin aitkanda. kompania da, okmot da ech bir korunuktuu paida kilgan jok koldun jeeginde jawagan kalkka. el jakir jawait. men iwtegem bir ubakta kumtordo. bolgon uu tawtandilardi mongulordun janina jiiwtirip atiwat. bul 15-20 jildan kiin nakta katastrofa bolot. azirincha kompania akcha bolut atat ta owonu uchun xvostoxraniliwe turat. a 20 jildan kiin ani karmaganga karajat bolboit. owonu tuwunboi jatiwat. kop suular nakta owol jerden bawtalat egerde el bilbese. iik isik kolubuzdu korkunuchka kaltirdik. elge ele ubal. Zamira eje, zisge chon irakmat uwintip koigonuzga. ech unutpaim. ataganat

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)