Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:37

Саясат

Евробиримдик Кыргызстанга беш млн евро жардам көрсөттү

3-июль күнү Евробиримдиктин гуманитардык жардам бөлүмүнүн төрайымы Кристина Георгиева Ош калаасына барып, элдин абалына көз салып келген. “Азаттык” радиосу Кристина айым менен телефон аркылуу байланышып, бир катар суроолорго жооп алды.

Евробиримдиктин гуманитардык жардам бөлүмүнүн төрайымы Кристина Георгиева Бишкекте
Текст көлөмү - +

- Саламатсызбы, Кристина айым. Менин биринчи суроом, Евробиримдиктин гуманитардык жардамы кимге жана кандай формада таратылып жатат?

-Биз бүгүнкү күнгө чейин “Кызыл Чырым”, Бириккен Улуттар Уюму жана “АКТЕД” деген уюмдар аркылуу беш миллион евро котордук. Биз кыргыздарга да, өзбектерге да негизинен тамак-аш менен жардам берип жатабыз. Андан тышкары элдерди дары-дармек менен да камсыз кылуудабыз. Оштогу жергиликтүү ооруканаларга жана бейтапканаларга да көмөк көрсөтүү менен бирге үйсүз калган адамдарды материалдык жактан колдоого аракет кылуудабыз. Биздин дагы бир эң негизги максатыбыз - жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Муну ишке ашырууга биз азыркы колубуздагы каражат мене эле чектелип калбастан, келечекте да акча бөлөбүз.

- Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары, деги эле өкмөттөгү адамдар Ош окуялары учурунда элди, эл аралык журналисттерди толук маалымат менен камсыз кылган жок деген сөздөр айтылды. Сиз ошого кошуласызбы?

- Мен Бишкекте өкмөт менен жолукканымда алардын абдан ачык экенин байкадым. Президент Роза Отунбаева эл аралык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө кызыктар экен жана ошого багытталган кадамдарды жасап жатыптыр. Чын эле, эгер окуялар боюнча иликтөөлөр Кыргызстан тарабынан гана жүргүзүлсө, анын натыйжалары элдин ишеничине ээ боло албайт. Оштогу адамдар менен жолукканымда алар мага азыркы өкмөткө ишенбегенин билдиришип, бейтарап, көз карандысыз жана терең иликтөөлөрдү каалагандарын айтышты.

- Евробиримдиктен келечекте да жардам күтүүгө болобу же иш чаралар ушу менен чектелеби?

-  Жок, жок. Чектелбейт. Жогоруда айтылган беш миллион евродон тышкары биз дагы кошумча жети миллион евро болүүнү пландаштырып жатабыз. Бул акча келе жаткан шайлоолорго, мыйзам чыгаруу жараяндарына жана Ошту калыбына келтирүүгө жумшалат. Мындан кийин да кошумча жардам керек болсо, биз дайыма ачыкпыз.

- Рахмат маегиңизге.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)