Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:38

Эркиндик

М.Токоев: "Курч жазгандар өлтүрүлүп же сабалып атат"

Эл аралык басмасөз институтунун жаңы иликтөөсүнө караганда, акыркы он жылда дүйнө жүзүндө кесибине байланыштуу 735 журналист өлтүрүлгөн.

Акыркы жылдары эки журналист – Алишер Саипов менен Геннадий Павлюк киши колдуу өлдү
Текст көлөмү - +
Эл аралык басмасөз институтунун (the International Press Institute - IPI) 2010-жылы 11-февралда жарык көргөн соңку иликтөөсүнө караганда, акыркы он жылда дүйнө жүзүнүн ар кыл өлкөлөрүндө 735 журналист кесибине байланыштуу набыт болгон.


Алардын 170и -  Иракта, 93ү -  Филиппинде, 58и -  Колумбияда, 38и -  Мексикада, 35и -  Орусияда мерт болушкан.

Иликтөөлөргө караганда, Азия менен Жакынкы Чыгыш да журналисттер үчүн эң опурталдуу аймактардан болуп саналат.

Кыргызстандагы кырдаал

Соңку жылдары Кыргызстанда дагы журналистердин өмүрүнө коркунуч чоң болуп жатканын өлкөдөгү бейөкмөт уюмдун -  “Журналист” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоев "Азаттыкка" белгиледи:

- Эң тынчсыздандырганы – белгилүү, курч жазган журналисттерибиз же өлтүрүлүп же сабалып атат.

Опурталдуулук Кыргызстандын чегинен тышкары жакка башпаанек издеп кетип аткандардын санынын өсүшүнөн да байкалууда.


Акыркы жылдары кыргызстандык эки чыгаан журналист –  Алишер Саипов (2007-жылдын октябры) менен Геннадий Павлюк (2009-жылдын декабры) киши колдуу өлдү, бирок алардын кесиптик негизде өлтүрүлгөндүгүн расмий сот тастыктай элек.

Кыргыз укук коргоочулары жана оппозициясы бул эки кыргыз атуулу тең көз каранды эмес журналисттик ишмердүүлүгү үчүн мерт болушту деп эсептешет.

Азаттыктын архивинен:  Г. Павлюктун өлүмү – саясий өлүм

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
22.02.2010 19:35
Баш кесмек бар,тил кесмей жок дешчу эле эзелтен.Эмки бийлик тил кесип убара болуп отурбайлы деп,туз эле баш кесмейге отподубу.Тил куурагыр дененин башка жеринде жайгашканда,журналистер тилин болбосо да
башын сактап калат эле.Канкор,зулум адамдардын доораны
журуп турганда,бетке айткан журналистерди олтуро беришет ко

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине