Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:54

Саясат

Ачкачылык акциялары максатына жетмейинче токтобойт

Бишкектеги Исмаил Исаковду коргоо комитетинин жетекчиси Рысбек Калиев экс-генералга боштондук талап кылган ачкачылык акциялары максатына жетмейинче токтотулбайт деп билдирди.

Текст көлөмү - +
- И.Исаков тууралуу түзүлгөн комитеттин негизги максаттары жана алдыдагы пландары кандай?

И. Исаковдун Алай районундагы жактоочуларынын каршылык акциясы
- Бишкек шаарында И.Исаковду коргоо комитети түзүлгөн, комитеттин төрагасы жана 13 мүчөсү бар азыркы күндө. И. Исаков эч себепсиз күнөөлөнүп, 8 жылга эркинен ажыратылып, азыр СНБнын убактылуу кармоочу жайында турат. Бийликке талаптарды коюп, ушул кишини боштондукка чыгаруу боюнча иштерди алып барып жатабыз. Негизги эле пландарыбыз, ачкачылык акциясын токтотпой, алайлык туугандарыбыз менен биргеликте, И.Исаковду биздин алдыбызга чыгарып берүүсүн бийликтен талап кылып отурабыз.

- Рысбек мырза, Аксыда жана Баткенде дагы Исаковду коргоо комитеттери түзүлүптүр, бул качан ачылды?

- Баткенде, Аксыда И.Исаковду коргоо комитеттери түзүлгөн. Андан тышкары Ош облусунда, Ош шаарында дагы түзүлгөн. Бул комитеттер азыр өзүлөрүнүн иш-аракеттерин региондордо жүргүзүүдө.

- Ал эми “акжолчу” депутаттар ушул сиздердин ал-акыбалыңыздарды, сиздердин талаптарды уктубу?

- Биздин комитетке “акжолчу” депутаттардан келип кабар алган азырынча эч ким жок.

- Сиздер кайрылган жоксуздарбы?

- Биз кайрыла элекпиз.

- Рахмат маегиңизге.

"Азаттык" тасмасында: Саясий куугунтукту токтотууга чакырык
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Баки каяктан: Баткен
03.02.2010 09:26
Ак-жолчуларды эмне кыласыңар, алардын колунан бирдеме келеби деги, ушуларга ишенесиңерби, андан көрө кудайым өзү жардам берсин, кудайдан калбагыла. Биз дайым силер мененбиз, алайлык туугандар.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)