Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:50

Кыргызстан

Жаштар министрлигин түзүүдөн чыккан нааразылыктар

Жаштар иштери боюнча министрликти түптөө боюнча жумушчу топ министрликтин жобосу, түзүмү боюнча документти иштеп чыкты. Ал арада айрым жаш лидерлер комиссиянын курамына кирбей калганына, жетекчилерди дайындоодо Убактылуу өкмөт алардын пикирлерин эске албаганына нааразы болууда.

Текст көлөмү - +
Убактылуу өкмөт өткөн жумада 39 жаштагы Алиясбек Алымкуловду Жаштар иштери боюнча министрликтин жетекчиси кылып бекиткен. Андан мурдараак министрдин орун басары болуп Лариса Сосницкая дайындалган болчу. Ал арада Жаштар иштери боюнча министрликти түптөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ага Миграция, эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлигинин, бейөкмөт уюмдардын жана бир нече жаштар уюмдарынын өкүлдөрү кирген.

Бир жумача иштеген жумушчу топ министрликтин түзүмүн, жоболорун камтыган долбоорду иштеп чыкты. Бүгүн, 24-майда аталган комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп, ал ызы-чуу менен коштолду. Бир топ жаштар уюмдарынын өкүлдөрү сөз болуп аткан комиссия тууралуу аларга айтылбаганына нааразы болушту.

Мисалы “Ак Шумкар” саясий партиясынын жаштар канатынын өкүлү Асылбек Койбагаров буларга токтолду:

-Бул жумушчу топтун куралып, иштеп атканы тууралуу биздин партияга айтылган эмес. Мына бүгүн келип, булардын иши тууралуу угуп атабыз. Бизге мобилдүү, чакан министрлик керек деп ойлойм. Ал эми министрликтин түзүмү тууралуу бул долбоор өтө чаржайыт, түшүнүксүз экен.

“Биримдик” жаштар борборунун лидери Перизат Болотова Жаштар иштери боюнча министрлик түзүүгө каршы болуп келген. Атайын Жаштар министрлигин түзгөндүн ордуна жаштардын татыктууларын башкаруу системасына тартуу керек деген позицияда болгон. Бирок ушундай министрлик түзүлүп, ал гана эмес анын түзүмүн аныктаган комиссия бир топтон бери иштеп атканын угуп, мындай иштердин жең ичинен бүтүп атканына нааразы болду:

-Жаш лидерлердин баарын маалымдабастан эле өздөрүнчө жумушчу топ түзө калып иштеп атышыптыр. Мындай болбойт да. Анын үстүнө атайын министрлик түзүп отурбастан жаштарды жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинен тарта өлкөдөгү баардык министрлик, агенттиктерге тартышса болмок.


Миграция, эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырова жаштардын мындай сындарын бир чети жөндүү деп эсептеги менен, министрликти түптөөгө катышам деген баардык жаштарды ишке тартуу дээрлик мүмкүн эмес экендигин айтат:

-Биз өз сунуштары менен келген жаштарды жумушчу топко коштук. Бирок өлкөдөгү баардык жаштар уюмдарынын өкүлдөрү менен иштөө өтө оор. Бирок комиссияга кирбей калып таарынып аткан жаштар азыр деле өз сунуштарын айтса болот. Анткени бул долбоор дагы өзгөртүлүшү, толукталышы мүмкүн.

Жыйын учурунда министрлик жетекчилерин дайындоо маселеси дагы көптөрдүн нааразычылыгын жаратты. Жаштар Убактылуу өкмөт өкүлдөрү жетекчилерди дайындоодо алардын пикирин укпаганына, жетекчиликке саясатта мурда-кийин таанылбаган эле адамдар келгенин айтышты.

Жумушчу топтун мүчөсү, республикалык “Манас жаштар ордосу” уюмунун лидери Бакыт Романов жетекчилерден мурда Жаштар министрлигинин айланасында орчундуу башка маселелер бир топ экенин айтат:

-Жетекчилерди коюп министрликте кимдер иштейт, алардын маянасы канча болот, компьютер, үстөл өңдүү керектүү жабдууларды кайдан алуу керектигин чечүү зарыл. Өнүктүрүү фондусунун имаратын беребиз деп атышат? ал эми ал жакта керек болсо эмеректер жок.

Б. Романовдун айтымында, ушул тапта ал сөз кылган маселелер качан чечилээри, министрлик качан толук кандуу иштеп баштаары белгисиз.


Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: xxx
25.05.2010 15:31
al jerde da taanysh kerek beken menda barakalayin. al jerge meni kirgizip aylik baylap koygon kisige men omur boyu iraazi bolot elem dagi al emne dese oshonu jazamakmin. meni da alat bolushtu beken je shapkasi kancha eken bul jerge kirgenge taanishtarimdi ortogo salip kirip alganimda jakshi bolmok da!!! 7-aprelde katyshkandardi iraazi kilish, oozun maylap turush ucun osholordun icinen bilimduu-bilimsiz alip jatat deset ko, men da katishkanmin dep kubo izdesembi, janaki atamdin dozu azir biylikte jaksi ele orun taap aliptir je oshogo aytsamby?

Bunun baary tamasha-tushungongo chindikka jarasha!!!

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
25.05.2010 14:19
ООН дон жазган жигитке.
АР кай жерде иштеп журобуз бирок Кыргызстанга баргандын резону сага жоктур. Оз элин учун бир нерсе кылайын деген оюн жок болсо, сенде патриоттуулук деген сезим эзели болбосо керек.
Орду жок адам гана кайтып барат деп сен озундун тар дуйнонду сыртка коргозбочу.
Менин ишим да ордум дагы бар, бирок жакында Кыргызстанга биротоло кайтып барам.



кимден: Жылдыз каяктан: Бишкек
25.05.2010 12:48
Жаштар министирлигин тузуу - бул УО жаштарга берген авансы. Антпесе алар ото эле 7- апрелден кийин бийлик учун жанталашышты го. Озу азыр жаштардын копчулугундо баалуулук бул акча, бийлик болуп калган. Тилекке каршы, алар деле "акаещина", "бакиевщиналардан" эч айырмасы жоктор. Бийликти биз алдык, бизди четке чыгарып коюшту- деген доомат сощдору ушуну айгинелеп турат. Айланайын балдар, аранарда акылдуу, окмоттун курамында иштоого татыктууларды жок - деп айта албайм, бирок кобунордо мамлекет эмес оз уй- булонорду башкарууга дареметинер жоктор барсынар. Чын созго чычалаганда эмне? Азырынча кыйкырыша бербей, "Кыргызстан мамлекеттуулугун жоготот"- деген создун айланасында ой- жугуртуп, анын тескери экенин далилдейли. Бийлик, акча бугунку кун, бирок эретнибиз дагы бар эмеспи, ошону унутпайлы.

кимден: Kiyalbek каяктан: Kiprdagi Kyrgyz Jashtary!
25.05.2010 00:27
Emerek jana bashka buyumdardi oyloordon aldin jumushchu toptun strategiyasin, ishtin atkarilishin jana jiyintigin oylosh kerek! Al emi bul jerde Bishkektegi ele jashtar menen ishteshuu tuura emes chechim! Kyrgyzstandin bulun burchunan talanttu jondimduu jashtardin uyugun karash kerek! Sayasat bul jashtardin oorusu bolbosh kerek! Partiya je uyumdar oz aralarinda ar kanday taarinich je jeke dushmandik iplaska kirbesh kerek! Minday jat korunushtor bolboo uchun itak jana kalistik, jondomduuluk menen ishtesh kerek! Bul uyumdun sostavina chet jaktagi Kyrgyz jashtarindan da mucho kilip kabil alish kerek! Tehnologiya degen bar baylanishuunun onduu jolu! Jogorku jaktan bul mistrlike jalgiz gana karajat jardam jana kenesh kerek! Kadrdik sayasat bolbosh kerek! Agasin korup inisi, ejesin korup sindisi ossun birok tuura jaktarin alsin!
Kanday bolso da ishtin mayin chigarip ishtegenge may chugara turgan kuch barbi jokpu ani olchop alip, juurkanga jarasha burtunardi sungula Kyrgyz jashtari! Iygilik kaalaybiz!

кимден: ИШТЕГИЛЕГИ каяктан: ООН
24.05.2010 23:10
КЫРГЫЗСТАНДАН ЧЫККАН ЖАШ ДЖИГИТТЕР ДУЙНОНУН АР -- БИР ОЛКОСУНДО ЖАКШЫ ИШТЕРДЕ ИШТЕП ЖУРУШОТ, БИРОК КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛГЕНДИН РЕЗОНУ ЖОК! МАМЛЕКЕТКЕ БААТЫР ЖАНА ОРДУ ЖОК ГАНА АДАМ КАЙТЫП КЕЛЕТ.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)