Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:51

Саясат

Генерал И. Исаковдун апасы: "Кур балээден кутулаарсың, уулум!.."

Экс-коргоо министри И. Исаковго боштондук талап кылып Сопу-Коргон кыштагында алты аял, төрт эркек ачкачылык кармап олтурушат. Алардын арасында Исмаил Исаковдун апасы да бар. Жашы сексен алтыны таяган Анипа Маматисаева уулунун сот залынан камалгандыгын жакында угуптур. Ал муну саясий буйрутма катары эсептеп, бир кезде колунан чай ичип, батасын алган президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жасады.

Генерал И. Исаковдун апасы Анипа Маматисаева.
Текст көлөмү - +
- Баламдын эмне күнөөсү бар? Эгерде айыбы болсо, үндөбөй эле үйдө жатпайт белем. Орго салып коюшкан турбайбы. Анткидей Курманбек Бакиевдин бир тал чачын жулуптурбу же Мекенине чыккынчылык кылыптырбы? Заарланып көрө албай ушул ишти кылышты. Кызматы өздөрүнө буюрсун, Исмаилди актап чыгарып койсун?! Бүгүн уулума душмандык кылган Курманбек шашпасын, эртең ага да кезек келет,-деп кайрылды Анипа Маматисаева мамлекет башчысына. 

Ошол эле учурда генералдын апасы өзүнүн камактагы уулуна - Бириккен Элдик кыймылдын жолбашчыларынын бири Исмаил Исаковго да дубай салам жолдоду:
 
- Чындыгында, Исмаилден башка карманаар тууган-уругум, алдымда агалай турган агам, артымда таяна турган инилерим жок. Бир эле учурда мен аны ага иретинде, ини катары, анан уул сыңары тутунчумун. Башыңды бийик көтөр, кагылайын! Тоодой бийик бол, ак деңиздей терең бол! Алтын башың аман турса, кур балээден кутулуп кетээрсиң, садагаң кетейин, алтыным!

Акциянын катышуучусу Осмон Турганбаев алардын бүгүнкү тагдырын чагылдырууга батынбаган өкмөтчүл массалык маалымат каражаттарына калыстык тиледи:

- ЭлТРден эч ким басып келген жок. КТР болсо бизге окшогондорду дегеле көрсөтпөйт турбайбы, жалаң бийликти мактап-жактап, аларга бей-бечаралардын сөзү жетпейт экен. Улуттук Биринчи канал ачкачылык акциясын таптакыр чагылдырбагандыктан, алайлыктар туурасында кыргыстандыктардын анчалык кабары жок. Эгерде аларга чыныгы маалымат угулганда, башка жактагы мекендештерибиз биз сыяктуу калыстык издеп эбак көтөрүлөт болчу.

Бул аралыкта район акими Алмазбек Осмоновго жолукканыбызда, ал эки-үч күн мурда медициналык кызматкерлерди ээрчите барып ачкачылык жарыялагандардан кабар алып кайткандыгын, алардын Исмаил Исаковду бошотуу талабы жогорку бийликке жеткирилгендигин маалымдады:

- Алардын башка талабы жок. Биз аны жогорку жактагыларга жеткиргенбиз. Эмне болгондо да аткаруу бийлигинин өкүлү катары соттордун ишине кийлигишкенге биздин акыбыз жок.

Ачкачылык кармагандардын эң кичүүсү - жетимиш жаштагы карыя Карымшак Турганбаев район акими Алмазбек Осмоновдун айткандарын төгүндөп, буларды кошумчалады:

- Айыл өкмөтүнөн күндө келип, байкоо салганча, чалгынчылык кылып турушат. Райондон жана облустан чоңдор кабар алышты дешкени кызылдай калп. Менимче, жетекчилерге элинин өлүк-тириги баары бир окшойт. Ошондуктан аларды жалганчы бийлик деп эсептеп калдым.

14-январдан бери наар татпай отургандардын ден соолугу медициналык кызматкерлердин такай көзөмөлүндө. Сопу-Коргон аймактык ооруканасынын дарыгери Бектурсун Кеңеш уулу ачкачылык кармагандардын бардыгынын, айрыкча Исмаил Исаковдун апасы Анипа Маматисаеванын саламаттыгы абдан начарлагандыгына тынчсыздангандыгын билдирди:

- Керээли кечке ушул жердемин. Мени кыжаалат кылганы: күн өткөн сайын булардын акыбалы оорлошуп баратат. Себеби дайыма депрессияда отурушат. Андай учурда ар кандай ооруларга тез чалдыгышат. Мисалы, кан басымы көтөрүлүп же жүрөк дартына кабылышы толук ыктымал. Мындайда алардын өмүрүнө сөзсүз коркунуч туулаары бышык.

Дарыгер Бектурсун Кеңеш уулунун эсебинде Алай районунун ар айыл-кыштагынан келип, ачкачылык кармагандарга кошулабыз дегендердин саны улам арбып баратат. Бирок медициналык кызматкерлер алардын дени-кардын текшерип, олуттуу ооруларын, мисалы ашказандагы же карындагы жараларын аныктагандан кийин көбүнө уруксат бербей, үйлөрүнө кайтарууда.

Ошого карабастан 14-январдан бери Исмаил Исаковдун кичи Мекени Сопу-Коргон кыштагында ачкачылык жарыялагандардын жалпы саны жыйырма алты кишиге жетти. Алардын он алтысынын ден соолугу начарлагандыктан дарыгерлердин кийлигишүүсү менен акцияга катышууну токтотушту.

Ушул жылдын 11-январында Бишкек гарнизондук соту мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду кызматынан кыянат пайдаланып, уулу Русланга мыйзамсыз батир бөлгөн деп айыптап, аскердик генерал-лейтенант чининен ажыратып, сегиз жыл күчөтүлгөн режимге кескен эле. Исмаил Исаковдун өзү, ошондой эле оппозициячыл санаалаштары жана алайлык жердештери муну саясий буйрутма катары баалашууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Jogorudan каяктан: JAPAN
13.02.2010 12:01
Bardygy adamdar ertebi kechbi bul Duinodon ketishet...
Birok az ele insandardyn aty taryhta kalat...
Kurmanjan Datka taryhdagy az insandardyn biri bolup
bugunku kungo chein aitkan sozu eldi dyrkyrotot...
Kyrgyz kulundaryna koburaak ilim-bilim jana taza tarbiya berilip
kelechekte mykty mamleketterdin biri boloolu, OOMIN!

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
11.02.2010 07:12
Эй кыргызым, биздин мамлекетибизди кыргыздар башкарбай эле башка улуттагылар башкарып калганынын бир мисалы ушул болду-го. Себеби кыргыз эч качан эненин сөзүн, суранычын жерге калтырган эмес. Ошондуктан кыргыз элим кыргыздын макалындай " Бир женден кол, бир жакадан баш чыгырып дегендей , түштүк түндүк деп бөлүнбөйлү.

кимден: Aske
10.02.2010 22:18
Dazhe Isa Paighambar ak jerinen darga asylgan.


кимден: Алайчы каяктан: Бишкек
08.02.2010 13:33
Курманбек, Жаныбек, Максимбек Кудайга карагыла
каргыштан корккула, убал...
Шайтан бийлеп алды башыңарды..
Эртең кеч болуп калат жок дегенде өзүңөрдүн урук-тукумуңарды аягыла

кимден: Куке каяктан: Таш-булак
07.02.2010 03:12
Мына 20 жылдан бери чиновниктер (депутат, аким, генерал) мамлекетибизди урдаб-тоноб келе жатышат.
Байкуш ЭЛ бардыгына чыдады, керек болсо дагы эле буларга ишенет, коргогусу келет!
Бугунку колу кармак чиновниктер да - кыйтыр болуб алышты, койногу тутой баштаганда эле - оппозициянын этегине чуркай качат.
Мындай кылганынар бовойт жолдоштор, таб-такыр бовойт!

кимден: Kalys каяктан: Kipr
07.02.2010 02:32
Dostor aga ini tuugandar. Bul degen mamlekettik jana sayasit zakondor menen bagittalagan korunushtor.
Bir ubaktarda ISAKOV jogorku jakta ishtep turgan anin da koptogon aram ishteri bar, BAKIEV da jogoru jakta anin ARAM ishteri bar.
Emi bul boorukerlik je adamgerchilik menen baylanishpash kerek.
Meken aldinda baari joop beret kilgan ishteri boyuncha. ISAKOVDUN kilgan ishterin terendep izildep chiktinar bele? JOK!
Bugun ISAKOV el aldinda azabin tartsa erten BAKIEV tartat!
BUlardin baari sayasiy oyundun zakondoru. Ak ishtesen BAKIEV da sindiralbayt!

кимден: кыргыз бала каяктан: кыргызстан
06.02.2010 16:38
АЗАТТЫККА АЛКЫШ!!! ГЕНЕРАЛГА БОШТОНДУК!!! БКСке НААЛАТ!!!

кимден: Marat каяктан: Bishkek
06.02.2010 02:43
Anipa ene den-soolukta bolunuz,siz aitkan sozdordu okup denem durkurop yilagym keldi.GENERAL ISAKOV jalgyz sizdin uul emes KYRGYZ ELININ chynygy uulu.
Bakiev sizdi syzdatyp jatat, al ui-buloosu menen syzdap kalsyn, alarga az kaldy. Osho jerde oturgan ATA-APALAR baarynyzdar BAKIEVKE TERS BATANARDY berinizder, aga ulam jalynyp kat jazbai ele koiunuzdar karapta koiboit borkunuzdoi ishenip koiunuzdar, al eneden torolso jok degende sizdin ununuzdu ukmak. AZATTYK korkpoi chygaryp koigula.

кимден: Кыргыз каяктан: Ош
05.02.2010 21:51
Эй Курманбек сени да эне тууган бирок сени мындай таш бооор бол, ач коз бол, оз элинди атып, камап , ырыскысын талап же деп торобогондур!!! Анипа эне сизде чыныгы Курманжан энебиздин кайраты бар экен. Сиздей энени зарлаткан, сиздей эненин назарынан калган адам эч качан абийир таппайт. Аларга да жараткандын азабы бардыр. Кайрат кылыныз Исмайыл ага сиздин эле уулунуз эмес элдин да уулу!!!

кимден: Гүлжамила
05.02.2010 16:10
[quote] Башыңды бийик көтөр, кагылайын! Тоодой бийик бол, ак деңиздей терең бол! [/quote]

Генералдын апасынын бул сөзү 100 жыл мурун орустардын курмандыгы болуп кете берген Камчыбектин дарга асылып жатканда Курманжан датканын айтканын сөзүнө окшош экен. Курманжандай энелер бар экен арабызда. Булар турганда биз жоголбойбуз. Өзү И. Исаковго окшогон көкжалды жөнөкөй эне төрөй албайт!
Бар болуңуз, Анипа эне!!!

Курманбекти да бир апа төрөгөн, ошо апасынын сүтүн кантип актап атканын жамы кыргыз көрүп турат...
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине