Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:59

Саясат

Бийлик саясатына макул эместердин курултайы

Азыркы бийликтин аракеттери менен макул эмес ар кандай коомдук- саясий күчтөр 17-мартта Элдик курултай өткөргөнү жатат. Бул жөнүндө курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаева "Азаттыкка" билдирди.

x
Текст көлөмү - +
- Роза айым, 1-2 күн болуп калды Кыргызстанда Ынтымак курултайына жанаша дагы бир экинчи курултай өтөт деген маалымат тарап атат. Аны уюштуруучу топтун башчысы катары сиздин атыңыз аталып атат. Ушунун чоо-жайы тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

- Биз көрүп атабыз бийлик Ынтымак курултайы деп кандай ишти жүргүзүп атканын, кантип делегаттарды шайлап атканын. Ал жөнүндө элде толук маалымат бар окшойт. Бизди эч ким чакырган жок, оппозиция менен сүйлөшөм деген жок, же болбосо үндөрү, ойлору жакпаган элди эч киргизбей эле, эски адаттагыдай дүжүрлөрдү чакырып, ушундай курултайды өткөрөбүз деп бийлик ишти алып келе жатат.

БЭК 23үндө бийликтин курултайы болсо, биз дагы бийлик менен макул эместердин курултайын өткөрөбүз деп чечкен эле. Бирок азыр болсо бейөкмөт уюмдар, жалпы коомчулук, ар кандай интеллигенциянын өкүлдөрү бизге келип курултай деген идея чындап эле элге керек болсо, курултай элди жаңы ойлорго алып келип, консенсус, же макулдук коомдо түзүлөт десе, анда биз чогулалы деген сөз айтып жатышат. Ошондон улам атайын уюштуруу комитети түзүлүп, ошонун төрайымы кылып мени дайындап коюшту.

- Демек сиздердин камылгалар БЭКтин алкагынан тышкарыбы?


- Бул БЭКтин алкагынан тышкары, азыркы бийликтин аракеттери менен макул эместердин баарынын курултайы болуп атат. Биз 17-мартта өткөрөбүз деп чечтик.

- Анын максаты эмне, кандай маселелер талкууланат?

- 17-мартта биздин курултай тике карама-каршылыкта болбойбуз. Ошол жерден балким чечебиз курултайга катышабыз деп. Анткени бизден тышкары жасап атышпайбы. Биз курултайыбызды өткөрөбүз, анан ошол жерден чечебиз, барабызбы, же жокпу курултайга дегендей. Биз чындап эле барабызбы, барбайбызбы, ошого чейин да биз бийликтин иш аракеттерин байкайбыз.

Биздин күн тартибибиз белгилүү, жанагы эле төрт маселе. Биринчиси, тарифтер бүгүнкү жүрөктү өйүп аткан. Экинчиден, стратегиялык объекттердин менчиктештирилиши. Үчүнчүдөн, Конституцияны өзгөртүү маселеси. Ошондой эле саясий репрессияларга каршы туруу деп, биз төрт маанилүү маселени курултайдын күн тартибине чыгарып атабыз.

- Азыр уюштуруу маселелери кандай чечилип атат?

- Биз азыр спорт сарайын ижарага алуу боюнча суранычыбызды жолдоп атабыз. Биз облустардан, ар бир айыл өкмөттөн экиден төрт адамга чейин өкүлдөрдү чакырабыз. Биз бейөкмөт уюмдарды баарына өзүбүздүн чакыруубузду жолдойбуз. Ошондой эле ЖОЖдорго, интеллигенцияга, студенттерге дагы биз атайын чакыруу беребиз.

- Бийлик өкүлдөрүнөн дагы чакырылабы?

- Бийлик өкүлдөрүн да чакырабыз, келсин, элдин көйгөйүн, оюн уксун.

- Роза айым, дагы бир суроо. Бийликтин курултайы деп атпайсыздарбы, Ынтымак курултайы алдын ала чакырылды да 23-мартка деп. Эмне үчүн сиздер ушул курултайдын алдында чакырып атасыздар?

- Биз эмне себептен алдын ала чакырып атабыз, талкуулап атабыз бул маселелерди ошол ынтымак курултайы элдин үнүн уксун деп. Алар элди четке чыгарып атышат. Бизде болсо ар кыл позициялар, ойлор чагылдырылат. Мына ушул ойлордун баарын сыйдырсын өздөрүнүн курултайына, ошону уксун деп биз алдын ала өткөрүп атабыз.

- Рахмат сизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: ЧЫРНАЛИСТ каяктан: Ош
18.02.2010 13:18
АЗЫРКЫ БИЙЛИК МУРУНКУ БИЙЛИКТИН ОРДУН КАЙТАЛАП ЖАТКАНЫНА ЭЛ ӨЗҮ КҮБӨ. БИЗДИН ТООЛУУ РАЙОН АЙЫЛДАРЫБЫЗДА УШУНЧАЛЫК ЭЛДИН ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАШАП КҮН КЕЧРИП ЖАТЫШАТ. АЛАРДЫН МУҢ ЗАРЫН УККАН ЖОГОРКУ ЖАКТА ОЛТУРГАН ЧИНОВНИКТЕР ОЙЛОНУП КОЮШСА. "АК ЖОЛ" ПАРТИЯСЫ БИЙЛИККЕ КОШОМАТЧЫЛЫК КЫЛБАЙ ТҮЗ ЧЕЧИП КАБЫЛ АЛСА. 17- МАРТТА БОЛО ТУРГАН КУРУЛТАЙДЫН БОЛУУСУН ТУУРА ЭЛЕ ДЕП ОЙЛОЙМ.

кимден: Борончу каяктан: Чүй
17.02.2010 22:41
Роза эже бийликтин курултайына барабызбы же жокпу деп 17- мартта чечебиз дейт. А бийлик болсо делегаттарын шайлаттырып, делегаттардын списокторун түзүп койду. Кокус 17 - марттагы Курултай бийликтин Курултайына барабыз деп чечсе, анда алар кайсы квота менен бийликтин Курултайына барышат? Эл Курултайы бийликтин ыпылас иштерине, Курултайына киришпей эле өз сөзүн элге түз айтса дурус болот ко.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)