Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:06

Эркиндик

Нарында митинг: кымбатчылык кыжырга тийди

24-февралда Нарын шаарында жүздөгөн адамдар митингге чыгып, электр наркын кымбаттатууга, электр акысын төлөөгө берилген жеңилдиктерди алып салууга каршылык билдиришти. Митингичилер Президентке, Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алышып, талаптарды орундатууга 10 күндүк мөөнөт коюшту.

Эл эртелеп чогула баштады. 24-февраль, 2010-жыл
x
Эл эртелеп чогула баштады. 24-февраль, 2010-жыл
Текст көлөмү - +
Митингге келген элдин санын уюштуруучулар 2000 адамга жакындады деп боолголосо, бир катар байкоочулар миңдин айланасында деп болжоп айтышты. Жергиликтүү бийлик митингге 300 адам чыкты деген маалымат таратты. 
 
Каршылык акциясына чыккандар экономикалык-социалдык талаптарды көтөрүштү:
Кар калын, сууктун мизи Нарында кайта элек. 24-февраль, 2010-жыл


Талант: - Нарын облусунун губернаторуна нааразымын. Себеби элдин баарын акимчиликтин алдынан РТСке кубалады. Кар белчеден. Элдин көбү келе албай, ылдый жакта турат.

Момуналиева Жыпар: -
Электр энергияга бааны кымбаттатып салды. Тапканыбызды светке төлөп коюп отурабыз, балдарыбыз кийинки күндөрү ачка калып атышат.

Жолдошбек: -
Базарда соода кылам. Бул бийликти жок кылыш керек, түп оту менен кетириш керек, булардын барынан жогу. Бизге нормалдуу мамлекет керек, жакышрак бийлик керек элге кызмат кылган.

75 жаштагы карыя Думанаев Бектен: -
 Электр энергиясы кымбаттады, эми кандай жан сактоо болот. Бакиевдин кылганы туура эмес, пенсия жетпейт. Бакиев кетсин.

Айнагүл: -Элдин кыжырына тийишпеси. Эл толкуса жаман болот. И.Исаковду эмнеге камап салды? Жөн жерден камап атат, аны чыгарсын. Нарындыктар алайлыктарга кошулабыз.

А
Кар малтап укугун коргогон эл, 24-февраль, 2010-жыл
тын айтуудан айбыккан жергиликтүү мугалим бул тынч митингге тоскоолдуктар болгондугун билдирди:

-Бүгүнкү күндө бизде коркутуп-үркүтүүлөр болуп атат. Администрация тарабынан эгер бул митингге чыксаңар силер жумуштан бошойсуңар дешти. Бүгүн эле мектепке граждандык коргонуудан кишилер келип, бир сааттай бул жерден жылбайсыңар деп актылар түзүлдү.

-Кысым болду деген маалымат туура эмес, -дейт өз кезегинде Нарын шаарынын вице-мэри Чынара Абдраимакунова. - Анткени ар бир жарандын өз укугу бар. Экинчиден, тарифтер боюнча, 110 кВт саат жеңилдик боюнча буга чейин эле маселелер коюлуп келген.

Тарифтер экономикалык жактан негизделбей туруп, жөн гана механикалык түрдө көбөйтүлгөн. Өздөрүнө өзүлөрү айгак чыгып атышат.
Муса Алыбаев, серепчи
Нарын областындагы элге климаты катаал тоолуу аймакта жашагандыгы үчүн айына 110 киловатт саат электр кубаты бекер берилип келаткан. Жаңы жылдан тарта электр акысы кымбаттаганда жеңилдиктер алынып салынып, бардыгы үчүн бирдей тариф киргизилген. Ошондуктан нарындыктар нааразы болуп электр акысын төлөөгө жеңилдикти кайтарып берүүнү талап кылышууда.

Митинг болуп жаткан маалда Нарын шаарынын негизги көчөсү бир саатча тосулуп турду. Чогулгандар талаптарды аткарууга 10 күндүк мөөнөт чектешип, тарап кетишти.

- Он күндө чечип берсин. 10 күндө жооп келбесе биз бул жерге чогулбайбыз, жөө жүрүш кылабыз. Сойсо сойсун, өлтүрсө өлтүрсүн, атса атып жиберсин,-деп сүйлөндү митингичилердин бири.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Алмаз каяктан: Нарын
01.03.2010 19:00
6 ай кыш болгон Нарынга бир тең, бир ай кыш болгон башка аймакка бир тең баа койгон Данчик чын эле Нарынга келип жашаса анан көрмөк. Электриктер болсо жарык кылганга эле милдеттүүбүз дешет. Андай болсо көмүрдү толук камсыз кылбайбы бийлик, баасын 500 сомдон кылып. Айтор нарындыктар бааны төмөндөтмөйүнчө тынчыбай калганын билишсин.

кимден: Кыргыз каяктан: мигрант
27.02.2010 14:27
Урматтуу президент! Нарынга тезинен бар. Элиң Сага ишенип чыкты. Элиң сенден үмүт кылып чыкты. Алар саясатчылар эмес.Алар наркобарандар эмес. Алар журналист да эмес. Карапайым эл чыкты. Мыйзам чегинде сенден тарифтерди төмөндөтүүңдү талап кылып чыкты. Алар сени кет дешкен жок. Алар сенден кызмат сурашкан жок. Алар өз укуктарын гана талап кылышты. Алар шарты оор Нарын жергесинде маңдай тери менен, адал эмгеги менен тапкан ырыскысын коргоо үчүн чыкты. Алар сенден жардам сурап чыкты. Алардын арсынан бир да саясатчы же эл бузар көргөн жокмун. Алар сенин элиң. Алар Кыргызстандын эли. Алардын эмгеги менен, алар төлөгөн салык менен сен экөөбүз айлык алуудабыз. Сен Нарынга барып эл менен жолук. Өз элиңди шылдыңдаба.Тарых менен Тагдырдын каарына каласың. Манас атабыздын арбагы урбасын. Ойлон. Элиңди ойло. Сен Кыргыздын атасысың. Бул катты талаада тентип жүргөн бир байкуш иниң жазып олтурат. Катуу жазсам кечиресиң.

кимден: Бекбай каяктан: Нарын
27.02.2010 12:38
Митинг болду, тарады деп губернатор баштаган чиновниктер жеңилдебесин. Көрсө өкмөттөн бир топ адамдар келип театрда жыйын өткөрүп кетишиптир бааны көтөрбөсөк электрсиз калабыз деп. Макул дейли, анда мамлекет элди жумуш менен камсыз кылбайбы. Андай болбосо элдин кыжыры кымбатчылыкка чыдабай бара жатканын эмне үчүн түшүнүшпөйт бул Бакиевдин бийлиги. Биздин талап электр баасын жок дегенге 1 сомго түшүрүү жана быйыл 1 сом боюнча калтыруу. Болбосо эми 2 миң эмес 20 миң адам көчөгө чыгабыз.

кимден: Патриот каяктан: Алай
26.02.2010 14:26
Акаевдин түбүнө Аксы жеткен, Бакиевдин түбүнө Алай жетет окшойт

кимден: Баки каяктан: Баткен
26.02.2010 13:43
Президент Бакиев уулуна тапшырма берди, аудит текшерип чыксын деп, аудит текшерип айтат, электр энергиясына болгон тарифтер мыйзамсыз деп, анан баласы айтасына айтат, атасы бир министрди иштен алып, тарифтерди мыйзамсыз көтөрүптүрсүңөр деп. Бакиев ак болуп элдин алдында, мына министрди иштен алдым, тарифтерди түшүрөбүз деп актангысы бар, бул оюн, поезд кетти. Кыргыз эли баары биригип, азыркы бийликке каршы турбасак, келечегибиз жок. 20-30-жыл Бакиевдердин бийлигинин астында жашайбыз, кыргыз эли туш-тарапка качкын болуп тарайбыз. Нарында кытайларга сатылып жаткан жерлер баарыбызга тиешелүү, ошондуктан белди бекем бууп, бийликке каршы иш-чараларды өткөрөлү. МАКС Кытайга бекеринен барган жок, алар кени бар жерлерди сурашат...

кимден: Anvar каяктан: Moscow
26.02.2010 04:39
Калган областарда баардык жашоолору жакшыбы?Ойгонбойбу баадык калайык калк! Баардыкынар бириксенер сиздер абдан коп болосуздар. Керек болсо тышкары мамлекеттегилер жардамыбызды аябайбыз, опазиция каякта калды?

кимден: Ozgon каяктан: Myrzaki
26.02.2010 01:59
Kymbatuu tuugandar elibiz uchun jeribiz uchun alga. Ozgon eli sizder menen. Kyrgyzstandy Kyrgyzdar bashkarbay jatat degen tuura kep . Bul nerseni tushungonunorgo rahmat. KYRGYZ myn degen kishige iygarylyshy kerek biylik degen. Tuugandarym aytmakchi tundukton bolonu tushtukton bolobu davay KYRGYZ dan shaylayli. Alga KYRGYZ darym ALGA

кимден: atas каяктан: Guangzhou
25.02.2010 22:45
Kirgizstandi kirgiz emes kim bashkarip jatat. Albette kirgiz anin ordunda sen bolgondo sen da oshondoi kilmaksin.jep toigondo Maskoonu karai kachmaksin.Sabirdin tubu sari altin kutsok chidasak balkim onolup kalar. Bul bolgonu mamlekettegi krizis dep oiloym balkim ubakit otso baari orduna tushot.

кимден: Рус каяктан: Ош
25.02.2010 19:29
Митин ото жугуштуу болот Бакиев ыргыйт болуп калды окшойт

кимден: Жээнбек каяктан: Нарын
25.02.2010 18:19
Бул элдин алгачкы толкуну. Кытай козголсо кылым козголот деп айтышчу эле. Тогузторолук Мирлан айтмакчы жоош деген нарындыктар козголсо, кылым эмес Улуу Жибек жолу тосулат, эгерде электр баасы шарты татаал аймактарда мисалы Чаткал, Алайда жок дегенде быйылча 1 сомго арзандабаса. Макаланын бир каарманы айтмакчы учурда эл светке акчаларын толошоуп, оздору ачка калышууда. Анан кантип кочого чыгышпасын
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)