Угуу

Азыр ободо

Кечки Азаттык, 1-чыгарылыш

Алдыдагы берүү


Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Нарындыктар бийликке бир жума убакыт берди

Нарындагы митинг, 2010-жылдын 10-марты.

Нарындагы митинг, 2010-жылдын 10-марты.

10.03.2010

Нарын шаарында 10-мартта кымбатчылыкка нааразы болгондор митингге чыгып, электр кубатына тарифтерди мурдагы калыбында калтыруу, тоо шартындагылар үчүн каралган социалдык жеңилдиктерди сактоо, пенсиянын көлөмүн жогорулатуу, тоо кендерин сатууну токтотуу жөнүндө талаптарды көтөрүштү.

Ошондой эле президенттин уулу Максим Бакиевдин бир жуманын ичинде өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган үндөр жаңырды. Бул талаптар аткарылбаса анда эл мөөнөтсүз ири акцияларга чыга турганы эскертилди.  

 

Митингдин катышуучулары Исмаил Исаковдун, Балыкчы, Петровка боюнча соттолгондордун бошотулушун талап кылышты. Эгерде бул талаптар 16-мартка чейин аткарылбаса, анда мөөнөтсүз ири митингдер башталаарын айтышты.
 
Нарындагы митингге Бишкектен СДПК фракциясынын башчысы Роза Отунбаева, белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев, "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов, "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев барып катышты. 

Митинг болуп жаткан жерде жергиликтүү бийлик башчылары жана тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы жүрүштү.
 
Митингди уюштуруучулар төрт миңге жакын адам чогулганын айтышууда. Байкоочулар өз кезегинде митингдеги элдин саны үч жарым миңге чукул деп айтып жатышат.

 

Нарында миңден ашуун адам катышкан биринчи митинг 24-февралда болуп, анда тарифтерди көтөрүүгө мораторий киргизүү, тоо шартындагы отун-сууга болгон жеңилдиктерди сактоо жөнүндө талаптар айтылган.

- Бул жерде биздин максатыбыз электр энергиясынын тарифин мурдагы калыбына - 70 тыйынга түшүрүү, 110 киловатт жеңилдигибизди кайра берүү, анан тоолуу аймактарда каралган 50 пайыздык жеңилдикти алып салбоо,-деп билдирген «Ата мекен» партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Адыл Эсенбеков "Азаттыкка".

Биринчи вице-премьер Акылбек Жапаров  2-мартта Нарынга барып, нааразы болгондор менен жолуккандан кийин 5-мартка белгиленген митинг токтотулган болчу.

Биринчи вице-премьер өкмөттүк жыйында Нарындагы элдин социалдык-экономикалык турмушундагы кыйынчылыктар үчүн жетиштүү чараларды көргөн эмес деп бардык жоопкерчиликти облустук бийликке жүктөгөн.

Бирок ошондон кийин нарындыктар А.Жапаров Бишкекке алардын талаптары тууралуу туура эмес маалымат айтып барды деп нааразы болуп чыгышкан.

Адыл Эсенбеков мурдагы митингде губернатордун, шаар бийлигинин кызматтан чететтүү боюнча дагы талап коюлбаганын, бул жөнүндө биринчи вице-премьер туура эмес маалымат жеткиргенин билдирди: 

- Биз эч кандай андай талап койгон эмеспиз. Аны туура эмес маалымат жеткирип, ошондой сөздү бурмалашкан. Биздин талабыбыз биринчи айткан талаптар болчу. Өткөндө А.Жапаров келип кайра баргандан кийин биз Нарын эли жеңилдик төлөм 200 сомду ала албай ыйлап, анан акыр-чикирди чыгара албай ыйлап, губернатор менен мэрди кетир деген талаптарды айткан сыяктуу болуп калыптырбыз. Биз эч качан андай айткан эмеспиз. Ал туура эмес жетилген экен.

Президент К. Бакиев 9-марттагы Жарлыгы менен Тынчтыкбек Чекиевди Нарын облустунун губернатору кызматынан бошотуп, анын ордуна Алмаз Акматалиевди дайындаган.

Жаңы губернатор чогулгандардын алдында чыгып сүйлөп, ал өзү деле жер сатууга каршы экенин, мындай көрүнүштөр тыйылаарын айтып убада берди.

Алмаз Акматалиев буга чейин Нарын районунун акими, Нарын областынын губернаторунун биринчи орун басары, Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келди.  Жаңы губернатор облустагы нааразылык толкунун басуу аракеттерин көрүп баштады.

Нарын шаарынын тургуну Марат Ешкуловдун тасмасы. 10-март, 2010-жыл.

Биринчи бөлүк



Экинчи бөлүк



Үчүнчү бөлүк

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
кимден: azia каяктан: Turkey
18.03.2010 05:02
Chynyn aitkanda bizde kirgizdarda birimduuluk intimak jok,patriottuk an sezim jok,tarinbagila bizde eerchimei jana koshomattik kop.Kim kursagimdi toygussa oshol menin adamim ooo menin taanishim dep jilmayabiz.Elim uchun jerim uchun degen an sezim jok.Menimche Kg ga jash muundardin sayasatka koshulushuna jol berilishi kerek.Bizdin en kemchiliktuu jeribiz al oshlyam,tigi arkalyk tigi Kazak talastiktar,kol,chuy dep alakanday Kirgiz elebiz biri biribizdi jaktirbaybiz menin en jek korgon jerim kirizdardin bolunushu.A ketsin B ketsin kim Kelsin?Akaevdi ketirip Bakievdi alip kelgen Soros bu kelsin,je Amerika bi kelsin.Amerika munun arkasinda uguttogon sayasati menen.Balik bashtan sasiyt bolup Bakiev bolso Akaevdin jolun joldodu jada kalsa aship ketti, karapayim kalktin iriskisin jeshti.Kancha degen Kyrgyz sandalip chet mamlekette dvornik bolup,Kizdar bolso chet mamlekette soykuluka majbuurlanip,jokchuluktun ayinan uybulosun tashtap ketken kancha degen Kyrgyz bar bular menen Biyliktin bashi da oorup koyboyt sandiktarin tolturushtun araketinde jazsan toltura ayta beruuchu soz bar arkabiz kayrimduu,elimdin tokchulugun,amandigin tileyin da jatayin tununuzdor beypil bolsun

кимден: narın- ankara
17.03.2010 18:06
ooba kyrgyzstanda jawoo ayabai ele kyiyn bolup kalyptyr
.menin oyumcha biylike jaw er azamattardan kelse onolot boluw kerek.ata mekenin suygon,elim jerim degen,chynygy patriottor kelse oz chontoktorun oyloboi kyrgyz jerin,elin oylogondor kelse onolot dep chyn jurogobuzdon iwenebiz!!!

кимден: байсуу
15.03.2010 12:37
туугандар, 23 мартты да майрам күнү кылбайлыбы.

кимден: Эркин каяктан: Бишкек
15.03.2010 09:27
Бакиевдин баласына караганда Акаевдин баласы жөн эле кичинекей тентек бала көрүнүп калды окшойт!

кимден: Жуман каяктан: Кыргызстан
13.03.2010 12:48
мен да силердин пикириңерге кошулам, элдин жашоосу өзгөрбөдү, бийликтегилерге бир эле акча болсо болду алар карапайым эл менен эч качан кызыкпаган, эгерде район жана областтарга бийликтер келишсе аларга деп чоңдор карапайм элдин айлыктарынан жыйнап алат, берген айлыгы менен тирилик өтүп жатса аны да алса анда кантип жашаш керек, алга кыргыз элим өз жашообуз үчүн күрөшөбүз

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.03.2010 00:50
Тилек . Көл качан толкуйт ???

кимден: Тилек каяктан: Кол
12.03.2010 18:47
Ох Аксылык Мирбек сонун жазыптырың да,давай сени президент кылабыз?

кимден: nurbai каяктан: Ekaterinburg
12.03.2010 17:36
Акаев кетти эч нерсе өзгөргөн жок,Бакиев кетет эч нерсе өзгөрбөйт,биз деген бүтүндөй башкаруу системасын өзгөртүшүбүз керек болуп жатбайбы,эл журтту ойлогон бирөө чыгар акыры!!!

кимден: Дежур кыргыз каяктан: Бишкек
12.03.2010 16:06
Бакиев күнүгө КТРдан экономика өсүп жатат,баары жакшы деп жатат.Көчөгө чыксам элдин көңүлү суз,кабатыр,эртеңки күнүм кандай болот,балама тапканым жетишеби деп жүрүшөт.Бул кандай эми,ажо адамдар да жалган айта береби?Же Бакиев өзүнүн үй-бүлөсүнүн экономикасын айттыбы? А анда түшүнөм.

кимден: asel каяктан: Kyrgyzstan
12.03.2010 14:20
Bakiewderdey prezidentti keregi jok.
    Кийинки 
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)