Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:10

Саясат

Мамлекеттик кеңештин карааны

Жогорку Кеңеш бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окулушунда кабыл алды. Аталган долбоордун эң маанилүү жаңылыгы - 52-беренеге сунушталган толуктоодо президент милдетин убактылуу аткаруучу адамды Мамлекеттик кеңеш аныктайт деп жазылган. (салыштырма таблицаны караңыз).

Текст көлөмү - +
Долбоорго киргизилген башкы өзгөртүү – президент ишке жөндөмсүз болуп калган учурда анын милдетин убактылуу аткара турган адамды аныктоо тартиби жөнүндө болууда. (Салыштырма  таблицаны караңыз).

Азыркы иштеп жаткан Конституцияда президенттин убактылуу милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы, ал аткара албай калган учурда премьер-министр аткарат деп жазылган. Муну долбоордун демилгечилери коллегиалдуу чечим болбой калат деп эсептеп, президенттин милдетин аткаруучуну Президенттик кеңешме аныкташы керек деп чечкен. Бирок бул жобо Конституциялык Сотто колдоо таппай калгандыктан, Конституциялык мыйзамдуулук комитети экинчи жолку кароосунда бул милдетти Мамлекеттик кеңеш карайт деген сунуш киргизген.

52-беренеге сунушталган өзгөртүүлөр мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй жазылган:

"Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын курамында Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана Президенттик кеңешменин мүчөлөрү кирген мына ушул максатта гана үч күндүн ичинде чакырылган Мамлекеттик кеңеш аныктаган адам аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын аткара турган адамды аныктоо жөнүндө чечим Мамлекеттик кеңеш тарабынан Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жаңы Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган учурдан тартып үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбей өткөрүлүүгө тийиш".

Мындай өзгөртүүгө караманча каршы чыккан тарап парламенттеги социал-демократтар фракциясы болууда. Сессиядагы талкууда фракция мүчөсү Кодуранова министрге мындай суроо берди:

- 2006-жылы президент жардыгы менен түзүп, жобосун бекиткен Мамлекеттик Кеңеш эмне болот? Ал дагы мамлекеттик маанилүү маселелерди чечет, ал дагы зарылчылыкка жараша чогулат. Ал эмне Мамлекеттик Кеңеш 1. Мамлекеттик кеңеш 2 болобу? Ал жок кылына элек да.

Министр Курмантай Абдиевдин бул суроого берген жообуна караганда мурунку Мамлекеттик Кеңештин тагдыры Конституцияга өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин чечилет. Дээринде дегеле экөө бири-бирине тоскоол болбойт, убактылуу президентти дайындай турган Мамлекеттик Кеңеш эң эле зарыл учурда, президенттин милдетин аткаруучуну аныктоо үчүн чогулат деп билдирди.

Социал-демократтарды президенттин милдетин аткаруучуну дайындай турган Мамкеңештин курамы да канагаттандырган жок. Долбоордо анын курамына Жогорку Кеңештин төрагасы. Премьер-министр жана Президенттик Кенешменин мүчөлөрү кирет деп көрсөтүлгөн.
 
Депутат Дамира Ниязалиева Президенттик кеңешменин мүчөлөрүн толук Конституцияга жазууга чакырды. Ал эми фракция башчысы Роза Отунбаева долбоордун авторлорун Президенттик кеңешме менен Мамлекеттик кеңеш бири-бирине коендой окшош түзүм экендигин эске алууга чакырды.

- Биз бул берененин Конституцияга киргизилишинин актуалдуулугун, чукул зарылдыгын түшүнгөн жокпуз. Бул элде ар кандай пикирлерди, жоромолдорду жаратып атат. Зарылчылык эмнеде, бул мамлекеттик башкаруудагы эң бийик артыкчылыкпы?-деп сүйлөдү Р Отунбаева.

Ошентип биринчи окулушундагы талкууга караганда, президенттин милдетин аткаруучуну аныктай турган Мамлекеттик кеңеш эмнеге таянып иш алып барары, Конституция кабыл алынгандан кийин такталмай болду.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Барсбек Кыргыз каяктан: Бишкек
14.02.2010 21:59
Бакыт, мен сенин оюңа кошулам. Түштү талашуунун мне зарылчылыгы бар. Текебаев, Бекназаров деп талашып отурчу убак эмес азыр. "Көз ачыктар" силер антип анын мунун тагдырын алдын ала көргөнсүп айтпай, элдин башын айлантканды токтоткула. Бирөөнүн түшүн оңдогонуңар күлкүңдү гана келтирет. Кичине аң сезимиңерди көтөргүлөчү, түркөйлүгүңөрдү таштап. Ушундай түркөйлүктөн өнүкпөй, онун мунун этегине тооп кыласыңар. Кичине ойлонуп туруп анан жазыш керек. Жазганыңарды окуган эл сабак алыш керек. Болбосо жазбай эле койгула, андай тантырактарды. Али бийлик алмаша электе эле бийликти бөлүштүрбөй. Ушу бийлик болушуп жүрүп Кыргыздар мамлекеттен ажырай турган болдук.

кимден: Айкын каяктан: Баткен
14.02.2010 15:48
Марс түшүң мага жакты.

кимден: Кутман каяктан: Жалалабад
14.02.2010 15:22
Эми бирөө өзүнүн түшүн жазып койду да ага эмне теригип жатасыңар көзү ачык менен Бакыт, түшү мага жакты абдан жакшы түш экен түшүң ишке ашса экен Марс.Текебаев татыксыз киши бакиевден айрмасы жок ,Бекназаров Акжүрөк куулук муулугу жок Эркекче жүргөн татыктуу киши. Саткандар эртеби кечби элдин алдында жооп берет.

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
14.02.2010 02:47
Туш жоручу жер эмес бул жер. Башка жакта айтсанар тушунорду.

кимден: Koz achyktar uyumu
13.02.2010 17:07
Marska,senin tushung tuura emes,ak kalpak kiip Tekebaev Kirip ketip jatkan ak uigo...a beknazarov andan kechirim surap,ekinchi Bakievi prezidenttikke alyp kelbeym,siz ele bolo beringiz dep jatkan,sen adashyp kaldyng...andai tushtu men da kordum...davai

кимден: Марс каяктан: Чуй
13.02.2010 16:53
Мен түш көрдүм да туугандар Акүйгө Бекназаров Ак калпак кийип кирип кетип жатыптыр жанында Атамбаев Исаков коштоп кетип бара жатыптыр анан эле элдер Максимди камагыла деп жатат анан алар камакта

кимден: аскер каяктан: кабул
13.02.2010 11:06
mamlekettik kenesh keebir uchurda presidentke kapshy chygyshy mumkun, sebebi "Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда", kim al uchur kelgenin jaryialait? tuura oshol ele President je Malekettik kenesh. Menimche americanyn modelin alsa bolmok viceni koiup, eger oiloru kop jashasyn dese.
kandaidyr bir ubakytka olkonu karangy uchurga alypkelet bul sunushtar.

кимден: немис каяктан: Германия
13.02.2010 01:51
Мисалы, өзүбүзгө суроо берип, ага жооп айтсак. Бакиев Кыргызстанда эл башчы болуп эмне менен алек болуп атат? Ошол эл учурда Кыргызстандын жалпы эли эмне менен алек болуп атат? Бакиевдин бийлиги Кыргызстан үчүн жакшылык кылгысы келбегени айдан ачык көрүнүп турат. Мамлекетке жакшылык кыла турган эл башчы, элдин жашоо-турмушун оңдойт, өлкөнүн абройун көтөрөт, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү менен алек болот. Ал эми Бакиев болсо, жеке бийлигин кантип бекемдеш керек деген маселе менен алек болуп атат. Кантип баласын өзүнүн ордуна эл башчы кылып калтыруу жөнүндө, ар кайсы мамлекеттик кеңештерди ойлоп табыштын үстүндө, аны мыйзамдаштыруунун үстүндө башын катыруу менен алек болуп атат. Карапайым элдин жашоо-турмушун унутуп калды, эл өз жанын өзү багуу менен алек болуп атат. Эл саясатка киришейн десе, үй-бүлөсүн ким багат? ким акча таап келет? Саясаттан курсагы тойсо, балким, эл саясат менен алек болот беле? Балким, Бакиев муну атайын жасап аткандыр, өлкөдө ушундай катал шарт турса, эл саясат менен иши болбойт деп. Ушундай элине жакшылык кылбаган эл башчынын, барынан жогу жакшы.

кимден: Шер_Али каяктан: Кол
12.02.2010 22:06
Кыргызстанда менчиктештируу саясаты мода болгон да, ошол сыяктуу эле кыймыл аракеттер болушу да мумкун, ал деген соз бийликти да менчик колдорго беруу мумкун.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)