Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:12

Саясат

Т. Акеров: Кыргызстан сырттан таңууланган оюндун азабын тартууда

Саясат таануучу жана тарыхчы, Кыргызстандагы Эл аралык университеттин этнология институнун директору Табылды Акеров Кыргызстанда апрель-май-июнь айларында болуп өткөн тополоң окуялардын себептери жана катышуучулары жөнүндө өзүнүн жеке иликтөөсүн жүргүзүп бүттү.

x
Текст көлөмү - +

-Табылды мырза, сиз апрелдеги бийлик алмашууга алып келген окуяларды изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болуп иштедиңиз. Ал комиссиянын ишинин жыйынтыгы элге толук жете электе эле сиз өзүңүздүн жеке иликтөөңүздү жарыя кылып жатасыз. Сизге жеке изилдөө-иликтөө жүргүзүүгө эмне себеп болду?

- Комиссия мүчөлөрү сегиз багытка бөлүнүп алып иштегенбиз. Ошонун ичинде саясий багытын мен карап чыккам. Өзүмдүн бүтүмдөрүмдү жазып, жалпылаштыруу үчүн катчылыкка бергем. Өзүмдүн жети сунушумду киргизгем. Алардын баары эске алынган.
 
Ошол маалда биз 19-майга чейинки окуяларды иликтеп атканбыз. Бизде ошол кезде эле эле биздин колубузда бир топ материалдар бар эле абалдын кандайдыр бир деңгээлде башка жакка бурулуп баратканын көрсөткөн. Себеби биз ошол күндөрү Ош жана Жалал-Абадда жүрүп, эл менен сүйлөшүп келгенбиз.

Биз келгенден кийин төрт күндөн кийин Оштогу окуялар башталып кетти. Анан кийинки комиссия түзүлдү, мен ал комиссияга эксперт катары кирдим. Комиссиянын мүчөлөрү менен Ош жана Жалал-Абадка барып, эл менен жолугуп, жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо органдары менен жолугуп, өзүм дагы материал топтоп, иликтөө жүргүздүм.

Ал ортодо мамлекеттик органдардын маалыматтары чыгып атты. Коопсуздук кызматы бул окуяларга Бакиевдердин тиешеси бар, ошолор каржылады деген билдирүүсүн жарыялады. Ошондон кийин мен ошол айтылгандардын чын-төгүнүн аныктоо үчүн чогулган материалдардын баарын тизмектей баштадым.

-Табылды мырза, азыркы талаш-тартыштын оту Ошто башталып, Кыргызстандын түштүгүн титиреткен кан тополоң окуялардын айланасында болуп жатат. Сиз өзүңүз жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында кандай тыянакка келип жатасыз? Бул окуялардын артында ким турат, кимге кереги бар эле мындай тополоңдун, алар эмне максат менен бейкүнөө элдин канын төгүштү?

-Бүгүн ачык эле айтсак болот, бул жерде өзбек эли да, кыргыз эли да күнөөлүү эмес. Мындай окуялардын келип чыгышына эң биринчи Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүп жатканы себеп болду. Ириде Россия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу бир катар КМШ мамлекеттери каршы болгон буга. 

Кыргызстанда революция болуп, революциялык партиялар бийликке келгенден кийин бакиевчил партиялардын ортосунда электорат үчүн күрөш жүргүзүп кетти. Ошол эле учурда өзбек диспорасынын лидерлери өздөрүнүн “Родина” партиясын даярдай башташкан. Максаты-конституциялык реформалардын талкуулайбыз деген шылтоо менен өзбек улутундагы элди чогултуп, саясий талаптарды көтөгөн жыйналыштарды өткөрүп киришкен.

Үчүнчүдөн, бул оюнга кызыкдар тараптар абдан көп болчу. Россиянын саясатчылары да кандайдыр бир деңгээлди кийлигишип, жергиликтүү саясатчылар менен сүйлөшүүлөр болуп турган.

Бул жерде, албетте, наркобарондордун дагы кандайдыр бир деңгээлде үлүшү бар. Өтө кооптуу жагы, исламдык экстермисттик топтордун дагы таасири чоң болду.

Снайперлер жүрдү деп айтып жатышпайбы. Көрсө, Ошто ислам багытындагы топтор таасирлүү болуп, көпчүлүгү куралданып алган, снайпер мылтыктар менен атайын даярданып жүргөн жигиттер болгон. Снайперлерди башка жактан алып келүүнүн зарылдыгы болгон эмес.

Дагы бир маселе, сырткы өлкөлөрдүн чалгындоо кызматтарынын дагы айрым бир ролу болгон деп эсептейм. Себеп дегенде, бизде 7-апрелде революция болду, ал эми 15-апрелде Фергана.ру сайтына биринчи чагымчыл макала басылып чыкты. Анда 1990-жылдагы коогалаң окуялар жөнүндө материалдар басылып чыгып, үч-төрт күн катары менен кайталанып берилип, эки элдин ортосунда, өзгөчө жаштардын ортосунда жек көрүү сезими козголо баштаган. Акырындык менен чагымчыл аракеттер жүргүзүлүп, кафелерде, көчөлөрдө, таксилерде мушташтар чыгып кетип жатты. Ошентип апрель-майда ушундай мушташтар болуп жатты, июнь айында ал күчөй баштады.

-Сиз Кыргызстанда болгон кайгылуу окуялар көбүнчө сырткы күчтөрдүн таңууланган оюну деген бүтүмгө келип жатасызбы?

- Ооба, ошондой айтсак болот. Бул саясатчылар менен сырткы күчтөрдүн сүрөөсү менен бышып жетилген окуялар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Эрик каяктан: Бишкек
30.08.2010 09:40
Табылды байке, чокотерин айтапсыз. Парламеннтик форма болгондо олкодо чечимди бар адам кабылалбайт Бакиев же Акаевдей болуп. Мисалы Бакиевдин учурунда Кремль бизди каалагандай манипуляция кыла алчы Бакиев аркылуу ал эми парламент болгодо жок дегенде 2 же 3 партия болот, ар кандай коз караш менен анан Кремльда, Вошингтонда, коншу мамлекеттерда коп анча мурдакыдай каалагандай лобби жургузо албайт. Азыр мисалы кыргыздын кайсы саясатчысына, кайса партияга ставка коерун ЭЧ ким билбей баш ооруп турган кези. Анткени кыргыздар абдан непредсказуемый калк болуп калды. Байкасам бийликтеги адамдар баягыдай оз билемдик кылбай аябай чочулап, элдин кабагын карап чечим чыгарып атышат. Коркуп калышты. Ал эми туштук боюнча айтсам, эл аран эле, эптеп эле чыдап жашап жургондой сезим калды менде. Бул трагедия. Коп адамдын омуру 3-4 кундун ичинде узулду. Ал эми Ошто жашаган озбек элине тан калдым. Жанагы кадыржан батыров жана башка бандиттер болунуп-жарынып, ар кайсы жаман кепти суйлоп атканда озбекин аксакалдары аны кой деп койбоптур. Неужели тырмактай аракет кылышкан эмес?? Ким билет балким аларды чыкырып тушундурмо иштерин жургузсо мынчага барбайт беле. Натыйжада кыргыздар жырткыч болуп корундук. Ким билет балким ушуну каалагадык кылып ушундай провокация уюшуртбу??

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)