Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:13

Саясат

Томас Дэшл: Кыргызстанда демократия тамыр жайганын көрдүм

АКШнын Улуттук демократия институтунун төрага орунбасары, көп жылдар Америка Сенатында демократтардын лидери болуп келген Томас Дэшл Кыргызстандагы демократиянын келечегинен үмүтү чоң экенин билдирди. Дэшл мырза ушул тапта Бишкекте иш сапары менен жүрөт.

x
Текст көлөмү - +
“Азаттык”: Кыргызстанга кош келипсиз, сенатор мырза. Бул сиздин Бишкекке экинчи жолку келишиңиз экен. Бу жолкусунда өлкөдөгү абал сизге кандай таасир калтырды?

Томас Дэшл:  Рахмат, бу жолку сапарыма абдан канааттанып турам. Телеканалдардан Кыргызстандагы окуялар тууралуу кабарларды көрүп, ар кандай макалаларды окуп, абдан тынчсыздануу менен келдим эле. Аларда айтылгандай, Кыргызстандагы бейстабилдүүлүк, белгисиздик чегине жетип калгандай туюлган. Бирок мына азыр саясий лидерлер менен жолугушуп, көп нерсени көрүп, жеринде жагдай менен таанышкан соң, Кыргызстанда демократия тамыр жайып баратканын көрдүм. Референдум ийгиликтүү өтүптүр. Ага катышкан элдин саны өтө жогору болуптур. Жакшы аракеттер көрүлүп атыптыр, албетте, чыныгы демократияга дагы узак жол бар. Коррупцияны ооздукташ керек. Улуттар аралык мамилени жакшыртуу жагын аяр карап чыгуу зарыл. Кыргызстанда бир топ кадамдар жасалыптыр, ушунун баары менде чоң үмүт жандандырды.

“Азаттык”: Буга чейин сиз азыр иштеп жаткан АКШнын Улуттук демократиялык институту Кыргызстандагы демократияны бекемдөөгө салым кошуп келатат. Мындан ары кайсыл башкы багыттарды тандап алууну ойлоп жатасыздар?

Томас Дэшл: Менимче, биринчи кезекте жарандык коомду демократия куруудагы башкы өнөктөш катары колдоону улантышыбыз керек. Коомдогу айкындуулукту өркүндөтүп, демократиялык институттарды бекемдеп, шайлоо жараянын калыс уюштуруу жолдорун жайылтууга дилгирбиз. Алдыдагы парламенттик шайлоого байкоо салабыз. Добуш берүүнүн ачык, айкын болушун камсыздоого жардам көргөзөбүз.

“Азаттык”: Ошентсе да, өзүңүз деле угуп-билип жатсаңыз керек, кырдаалды азыр жөнөкөй деп айтуу кыйын. Кыргыз өкмөтү, президент Роза Отунбаева да кээ бир жергиликтүү коомдук уюмдар тарабынан катуу сынга алынып жатат. Айрым укук коргоочулар Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болушса, дагы бирөөлөрү коркутуп-үркүтүүлөр болуп атканын айтып жатышат. Кырдаалдын ушундай татаал болушуна эмнелер себеп болууда деп ойлойсуз?

Томас Дэшл: Мындай учурда элдин талабы, таламы дайыма өтө жогору болот. Бул боло жүргөн иш. АКШда деле кайсы бир саясатчы президенттик кызматка келгенде, элдин үмүтү абдан чоң болуп, ар кандай себептерден улам анын баары ишке ашпай калган учурлар болуп эле келатат. Кыргызстанда айтылып жаткан сын пикирлердин көбү негиздүү экенин моюнга алуу керек. Көйгөйлөр арбын. Убактылуу өкмөт алардын баарын бир күндө чечиши керек деп күткөндүн өзү туура болбос. Алар бийликке келгенине кыска гана убакыт болду. Убакытлуу өкмөт мүчөлөрү арасында түрдүү көз караштагылар барбы? Сөзсүз. Уюштуруу, башкаруу органдарын түзүүдө проблемалар барбы? Сөзсүз. Бирок булар октябрда туруктуу иштей турган өкмөткө чейин аткаруу бийлигин өз мойнуна алып, оор жүктү аркалап жатканын эстен чыгарбашыбыз керек. Сабырдуулук, кызматташтык, эл аралык коомчулуктун колдоосу зарыл.

“Азаттык”: Убактылуу өкмөт үчүн азыр чоң проблемалардын бири улуттар аралык мамиле. Жергиликтүү өзбектер, башка улуттук азчылыктын өкүлдөрү коопсуздук, стабилдүүлүк маселелерине тынчсызданып, Кыргызстанда бейкапар жашоо сүрүүгө ишеничи азайып баратканын айтышууда. Өкмөткө ушул маселени чечүү жагынан кандай сунуш айтаар элеңиз?

Томас Дэшл: Бир катар чечкиндүү кадамдар жасалышы керек. Калк арасында көңүл калуу маанайы бар, ошон үчүн азыр өтө чечкиндүү аракет көрүү зарыл. Өлкөдө коопсуздукту колгоо алуу – ушу тапта баарынан маанилүү. Кыргызстанда эл ишене турган полиция, тартип коргоо органдарынын ишин камсыздап, буга чейин болгон коогалуу окуяларды абдан дыкат талдай турган эл аралык көз карандысыз иликтөө жүргүзүлсө ал да жардам болушу мүмкүн. Ал иликтөөгө бардык тараптар, бардык улут өкүлдөрү катышып, алардын билдирүү-маалыматтары ортодогу араздашууну андан ары курчутпай тургандай болушуна көңүл буруу зарыл. Октябрдагы шайлоодо элдин бардык катмары катышып, добуш берүү адилеттүү өтсө кыргыз бийликтерине ишенич бекемдеп, андан кийин туруктуу иштей турган өкмөт, парламент жана башка бийлик бутактарынын ырааттуу ишмердигине пайдубал түптөлөт. Менин Кыргызстандын келечегинен үмүтүм чоң.

“Азаттык”: Чоң рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Студент
21.08.2010 11:11
Азамат Томас Дэшл чон рахмат!

кимден: Аска каяктан: Таш
21.08.2010 09:03
цитата: "Томас Дэшл: Рахмат, бу жолку сапарыма абдан канааттанып турам". Эгер азыркы кыргыздын аквалы ушуга окшогон адамдарды канааттандырса, мен анда билбейм "демократия" деген эмне экенин. Эсимде бир жолу 2000чи жылдары. Бир бейокмот уюм "демократия" сабактарын откозуп жатыптыр "тренинг" кылып. Бир американец келип калды. Тренинг болсо мектептин окуучулараны арналган экен. Анан тренер тиги американецке жабышып ар кайсы суроону берип кеп салды. Бир убакта амер: "бул жаш балдар эмне кылып атасынар бул жерде?" деп чыныгы кызыгуу менен сурады. Анда тренер(жаш бала) "биз демократия сабактарын отуп атабыз, биз деген демократиялык мамлекетте жашайбыз!" деп жооп берди. Амер мени карап: "Бул бешиктен бели чыга элек оспурумдор демократияны эмне кылат? Силерде мектеп жашынан окутабы?" деп мени карап тан калды... Анда тиги тренер бобой эле "Сиз демократиялык мамлекетте жашайсыз, биз айтып бергилечи, отунобуз!" десе тиги башын чайкап "Балдар, мен билбейм ал эмне экенин" деп жооп берген. Кийин ойлонсом ошол оспурумдор азыркы демократтар турбайбы...Батыштын маданияты биз танууланып атат, болсо болду болбосо жок. орустун "авось" деген созу бар эмеспи

кимден: Патриот каяктан: Ош
20.08.2010 18:56
Ушул америкалыктарга тушунбойбүз, оздөру башка олкодо нефть, газ жана башка жер байлыктары болсо эле, адам укуктары бузулуп жатат деп эле басып жатып калышат, мисалы Ирак, Иран, Афганистан жана б.
Эми Кыргызстанга үйротуп келатышат. Биздин бийликте турган адамдар же акча бергенине кызыгып жатышабы тушунбойм. Элди ким жана качан ойлошот экен, биздин патриотторго окшогондор: Отунбаева, Бекназаров, жана башкалар.

кимден: Артек каяктан: жүргүнчү
20.08.2010 17:44
Томас, ырахмат! Сиз акыйкат кишисиз. Сиздин "көмүскө миссияңыз" жок. Кыргыз демократия көчү-бара-бара түзөлөт.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)