Угуу

Азыр ободо

Кечки Азаттык, 1-чыгарылыш

Алдыдагы берүү


Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

И. Исаков: "Мени соттогондорду ыйман сотуна койдум"

12.02.2010
Жаркын Темирбаева

Аскер соту сегиз жылга түрмөгө кескен Исмаил Исаков Республикалык Аскер сотунда апелляциялык арызы каралып жаткан маалда ара-чолодо "Азаттыктын" кабарчысына маек куруп, өзүнүн ак жеринен күнөөлөнүп капаска түшкөнүн, бирок акыры акыйкаттык болоруна ишенерин билдирди.

И. Исаковдун жердештеринин Алайдагы каршылык акциясы
- Исмаил мырза! Республикалык аскер соту сиздердин апелляциялык арызыңыздарды карап жатат. Сот териштирүүсү боюнча пикириңизди уксак.

- Сот азыр мыйзамдын чегинде эле жүрүп жаткансыйт. Азырынча жаман же жакшы деп айтууга болбойт го. Бирок кечээ күнкү соттун отурумунда мурунку тергөө учурундагы материалдарды иликтөөдөн аттап, кандайдыр бир кажети жок каттарды окуп коюшту. Анда мага карата жалаалар бар болчу да.

Бишкек аскер сотунун судясы Серик Абиев сизди сегиз жылга түрмөгө кескен өкүм чыгарбадыбы? Ага чейин сыртта жүрүп суралып жаттыңыз. Сот залынан генерал Исмаил Исаковдун колуна кишен салынат деп ойлодуңуз беле?

- Эми мен андай болот деп ойлогон эмесмин. Себеби мага коюлган күнөөлөр соттук териштирүүдө такталган жок да. Демек, күнөөм жок да. Күнөөм жок болсо, сегиз жылга кесип салат эмес, сот залынан таптаза болуп тазарып чыгам дегем да. Актайт деп ойлогонбуз да.

- Сиз ошол күндөн бери Улуттук коопсуздук комитетинин жер төлөсүндө отурасыз. Мына бир ай болуп калыптыр. Жактоочуңуздун айтуусу боюнча сиз отурган жерде кандайдыр бир жыт чыгып, сиздин ден-соолугуңузга зыян келтириши мүмкүн дегендей болду эле..

- Бизде туура, кооптонуу болгон. Себеби дегенде, баягы депутат болуп жүгөндө, каанабыздан бир жыт чыгып, уу газ менен ууландыралы деген аракеттери болгон. Ошонун негизинде текшерип, угуучу аппараттарды тапканбыз. Ошол окуя боюнча балдарга айттык.

- Уулуңуз Руслан “Атамдын өмүрү коркунучта “ деп айтты да. Кандай жооп айтасыз?

Исмаил Исаковдун офицер уулу Руслан Исаков
- Мен ага мындай жооп берет элем. Уулумдун тынчсызданганынын жөнү бар деп ойлойм. Себеби, азыркы замандагы окуялар ошондой ойлорго түртүп жатпайбы. Канчалаган адамдар уурдалып, канчалагандар ыргытылып, өрттөлдү дегендей. Эми кооптонуу жок деген туура эмес, анткенге негиз бар да.

- Исмаил мырза! Сопу-Коргондо 85 жаштагы апаңыз уулунун азаттыгын сурап, жогорку бийликтин ырайымын сурап, ачкачылыкта отурганын уккандырсыз?

- Ооба, уктум. Канча жашка чыксаң да эне үчүн качан да болсо бала турбайсыңбы. Ушул жерде отуруп ушул оюма келди. Мен боюнча чочулабаңыз, кылмышым жок, эрте-кечпи акталамын деп, 85 жаштагы курак оңой эмес да, кыйналып, ооруп каласыз дедим. Апа экен да. Өзүнүн баласы абакта отурса, карыган неме, ушул абалымды уккандар ырайым кылар деген аргасыздыкка барган го байкуш апам.

Исмаил Исаковдун апасы Анипа Маматисаева
Кантейин, апама барып токтотконго мүмкүнчүлүгүм жок да азыр. Ден-соолугун тилеп отурам. Эмне демек элем, апамдын кайратына ырахмат айтамын. Анан да көз жашын эч кимдин алдында көрсөтпөстөн, карылыгына карабай, өзү айтмакчы: “акыркы жанын уучтап” мен үчүн тикесинен тик турганына ыраазы болуп жатам. Аскер адамын төрөгөн эненин саясатка тике карап, айткан жообу болсо керек деп ойлойм.

- Эми Исмаил мырза! Ачкачылык акциясын жарыялагандардын катарын өлкөнүн туш тарабынан келген жарандар толуктап жатканынан уламбы, Аксы окуясы кайталанып кетиши мүмкүн деген пикирлер болуп жатат. Бул сизди тынчсыздандырбайбы?

- Албетте, тынчсыздандырбай койбойт. Соттун адилетсиз чечимдери түбү барып эле чоң жаңжалды пайда кылат. Себеби дегенде биздин карапайым жарандардын кимиси болбосун адилетсиз чечимдердин азабына батып турган учур. Сотторго болгон жийиркеничтер күчөп тургандыктан, албетте, эл толкунун токтотуу кыйын болуп калат. Ошондуктан мындай болбойт деп айтуу да кыйын, абал абдан коркунучтуу да, колдон чыгып кетиши ыктымал.

- Исмаил мырза! Сегиз жылга соттолуу деген оңой иш эмес го. Өзүңүз айтып жаткандай, же бир коркунучтуу кылмышкер болбосоңуз. Бир келген өмүрдү тобокелге салууну ким кандай түшүнөт. Кандай болгондо ушунтип камалып калбайт элем дейсиз?

И. Исаковдун ишин Республикалык Аскер сотунун судьясы Абдрашитов Тилек карап жатат.
- Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн же улуттун эртеңкисине кайдыгер болбогон адамдардын баары түшүнүп турат деп ойлойм. Кызматта жүрө берсем унчукпай же болбосо кызматтан кетсең дагы өзүң менен өзүн болуп, көр турмуштун артынан жүрө берсең, эч ким тийбейт. Анан, элдин кызыкчылыгын, бийлик саясаты кайсыл жагына карап кетип баратканын кантип айтпайбыз. 2005-жылы элге убада берип атсак. Андан мурда да убада берип жүргөн адамбыз да. Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы чыгып жүргөнбүз да. 

Элдин мүдөөсүн угабыз дегенбиз. Туура эмес жолдо баратсак, эртең эл сурайт да. Эй жигит, колдоп жүрдүк эле, оппозицияда жүргөнсүң, убадаңы берип жүрдүң эле. Сени колдоп, биз ишке ашырып берсек, кана?! - деген суроо болот да. Ошондуктан мен дагы элге уят болбоюн, колумдан келбегенден кийин отура бербейин деп, ачык айтып туруп, “мына булар туура эмес” деп, арызымды жазып, басып кеткемин да.

- Исмаил мырза! Сизге тиешелүү болгондуктан, имиш болсо да суроо бергенге туура келет. Президент Курман Бакиевдин колунда бир кат бар экен. Анда сиз баштаган бир топ адамдар бийликти кулатып, төңкөрүш жасайбыз деп жатканы, ал операциянын аскердик жагын сиз жетектеп жатканыңыз жөнүндө жазылган экен?

- Кандай десем болот. Жанагы кошоматчы- жуукурлар президентке жакындаш үчүн ушундай ыпылас нерселерди жасашат экен да. Аскер адамы катары айтайын, кантип ушул деңгээлге жетейин. Ошондой төңкөрүш жасоо оңойбу? Канчалаган күнөөсүз адамдар зыянга учурабайбы.

Мага келген ушундай бир имиштер бар да. Президент ооруп калганда, мына эми бул президент болбой калды деп Исаков айтты деген жалган ушактарды жеткирип киргендер болуптур. Ушундай сөздөр да. Чындыкка жатпаган нерсе да. Азыр армиянын баарын чогултуп алып иш жасаш оңой эмес да. Алардын командирлери бар. Бир автомат эмес, бир ок ала албайсың ал жерден.

- Жакында ынтымак курултайы өтмөк болууда. Ушул өңүттөн алганда сиз менен президент бир келишип, сүйлөшүп, ынтымакташайын деп сүйлөшүүгө чакырып калса барасызбы?

- Мындай да. Согуш, уруштун баардыгы сүйлөшүү менен бүткөн. Мен өзүм сүйлөшөм деп айта албайм да. Менин укугум жок. Президент өзүнүн конституциялык укугун колдонуп, чакырып, сүйлөшөм десе эмнеге барбаш керек. Барыш керек, угуш керек. Мен өзүмдүкүн айтам. Мүмкүн ал өзүнүкүн айтар. Эгерде ошондой болуп калса, мындайда качканга болбойт. Беттешкенде гана чындык чыгат. Беттешпей, жанагындай ушактардын артынан чечим чыгарып отура берсек, акыры бул жакшылыкка алып барбайт. Мен өз керт башым үчүн ушундай абалга кабылып жатканым жок.

- Сиздин учурдагы абалыңыздын баарынан президент Курманбек Бакиев кабардар деп ойлосузбу?

- Албетте, анын эң жакын адамы азыр ошол жерде. Башкы прокуратуранын мурдагы жетекчиси жанында отурат. Барып айтса керек,  “Исаков кылмышкердин кылмышкери” деп. Мага коюлуп жаткан жалган айыптардын баары ошол Башкы прокуратурада коюлган. Квартираларды алып алды деп иш козгошподубу. Жыйынтыгында эмне болду? Мына Исаковдун күнөөсү бир гана прокурор кызматкеринин же бир жалгыз соттун алдында каралып жаткан жок да.

Белгилүү мамлекеттик кызматтарда жүргөн инсандардын, журналисттердин, укуктук жактан сабаттуу адамдардын арасында талкууланып жатпайбы. Мен мыйзамсыз квартира албаптырмын, бюджеттин акчасын уурдап жебептирмин, бирөөдөн пара албаптырмын. Мени каралайм дегендер, тескерисинче, менин ким экендигимди, министр катары кандай из калтырганымды мыйзамдуу таразалап жатышат. 

Исмаил Исаковдун сотунда күбөлөр сүйлөп жатат
Мен мамлекеттик ууру болсом, балама бир үй эмес, тээ чет жактардан үй алып бермекмин. Андай кылгандар, албетте, сотко тартылбайт да. Камакта кайдагы ойго келбегендер келе берет экен. Мына айтайын, чиновниктердин ичинен саналуу адамдардын балдары аскер кызматына тартылган. Саналуу гана. Ошолордун бири менин уулум Руслан. Ал үй боюнча атасы сотко тартылган деп тарыхта калбайт. Ата Мекенин сүйгөн атуул, эр жигит катары тарыхта калат. Мен эмне, уулума жарашпаган чин берип же бир өзүмдүн кызматыман пайдаланып, бир министрлик кызматка отургузуп коюпмунбу?

Мезгил келет, баары өз таразасына түшөт. Өзүңдү өзүң абийир алдында, эл алдында ыйман сотунда соттогондон кудай сактасын. Ал баарынан күчтүү сот. Ошол ыйман сотуна койдум мени соттоп жаткандарды.

- Ырахмат Исмаил мырза!

- Сиздерге да ырахмат айтамын. Калыстыктан тайбай, көргөндү көргөндөй берип жаткан, менин үнүмдү калың журтка жеткирип жаткан ушул “Азаттык” радиосуна ыраазылыгымды билдирем. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып кетейин. Ушул күндөрү суукту билбей менин камалышыма нааразы болуп, ачкачылык кармап жаткандардын деми мени дагы чыйралтып, акыйкаттуулук үчүн талбай күрөшүүдө күч болуп жатат десем болот. Бар болуңуздар! Акырында айтарым, эрте-кечпи акыйкаттык болоруна ишенемин. Ошондуктан үй-үйлөрүңүздөргө тарап, мыйзамсыз кадамдарга барбооңуздарга чакырат элем. Ырахмат сиздерге!

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Саясий аналитик каяктан: Москва
12.03.2010 21:44
Нарынбек, жүрөктөн жазган катыңа ыраазычылык билдирем.Кыргыздын уучу кем эмес.Сендей жигиттер көп болсун!

кимден: Мирбек каяктан: Бишкек
15.02.2010 15:41
Бүгүн актайт

кимден: Кубан каяктан: Лейлек
15.02.2010 15:30
Тартипсиз,атанын тилин укпаган журт экенибизди туюп жатасыңарбы туугандар!Баардык жерде тааныш-билиш,урмай-сокмой болуп кетти го!

кимден: Тоо гулу каяктан: Нарын
15.02.2010 11:43
Оштон жазган аскерге айтаар элем, ар кимдин ушак сөзүн тыңшабай алгач кыргызча таза сүйлөчү места деген сөздүн кыргызчасы орун заграницанын кыргызчасы чет өлкө. Эмнеге ушинтип эле жаза айта беребиз алайлыктарды көтөрчү нарындыктарды минтчу көлдүктөрдү тигинтчу деп баары биригип Кыргызстандык да. Кичи мекенге кызмат кылайын дейт да ар бир акылы бар киши. Мына Алайлыктар Келдибеков Султановдор элдин акыбалын сурабайт деп таарынып жатпайбы. Исаков мырза!!! Сизди Азаттыктын сайтынан көрүп жолуккандай болуп сүйүндүм. Сиз Путин да эмессиз, анчалык каардуу эмессиз сиз чыныгы кыргыздын чыныгы жигитисиз. Азаттык силер чындыкты кыргызча айткан жалгыз кыргыз маалымат шамысыздыр шеринеге кыргыздын тамгаларын коюп кое аласыздарбы мүмкүнчүлүк болсо.

кимден: Нарынбек
15.02.2010 10:15
НАРЫНДАН ЖАЗГАН САЛАМ КАТ

Бишкектен келди суук кабар,
Басты деп шаарды "душмандар".
Өлтүрүп жатат баарын деп,
Кеп кылды аны уккандар.

Ысмайыл баатыр баштаган,
Аскерлер жоодон качпаган.
Колуна түшүп душмандын,
Зынданда жатат ачкадан.

Бишкектин жарымын алды дейт,
Кыргызда күч аз калды дейт.
Акыркы огун дүрмөттөп,
Азимбек ураан салды дейт.

Өмүрбек ачса согушту,
Журналист ага болушту.
Өлтүрдү дешти душмандар,
Геннадий деген орусту.

Туткундап торго салыппы,
Аликбек менен Калыкты?
Тез эле басып алды дейт,
"Телеком" менен "Жарыкты".

Көп окшойт душман күчтөрү,
Көк көздүү дешет жүздөрү,
Агабыз Мамбет көрүптүр,
"Аватар" сымал түспөлү.

Белгисиз чыны, жалганы,
Нарындын "баатыр" балдары.
Өттү дейт душман тарапка,
Нариман, Аскар... калганы...

Көбөйсө душман жеңиши,
Биринчи өтүп Мелиси.
"Кеңешчи болгон жоого"- дейт,
..Кыйын го кайра келиши...

"Укук" деп жүрчү ар апта,
Турсунбек Акун, заматта,
Өттү деп уктук ал дагы,
Өзгөрүп, душман тарапка.

Дардайган келбет - денеси,
Мотуйдан качкан "кен ээси".
Белегин берип жүрөт дейт,
"Беш - Сары" деген немеси.

Кылбасак, мындай - тигиндей,
Көбөйөт оору билинбей,
Каирде жүрөт деп уктук,
Карганбек көзгө илинбей.

Тим эле болду мыкты дейт,
Тилегин кудай укту дейт.
Бир жылы жаткан туткунда,
Ишенбай качып чыкты дейт.

Согуштан кабар угабыз,
Солкулдап коркуп турабыз.
Кыргызды кырган душманга,
Кыл чайнап качан чыгабыз?

Душманды көрсө алаңдап,
Мекенин саткан жамандап.
Нааразы болуп балдарга,
Нарындан жазган салам кат.

кимден: Расулбек каяктан: Москва
15.02.2010 06:45
Менимче бул иш боюнча Бакиев ийне жибине чейин билип турат. Исаков азыр бир жолун таап чыгышы керек, жана келечекте өз командасын башка жолдор менен түзүш керек. Дагы бир ойлоп калам Исаков азыркы оппозициянын чыныгы акыбалын түшүндү го деп.

кимден: Akmaral каяктан: Germaniya
15.02.2010 04:26
Chynynda Ismail Isakovich bir gana ak zherinen karalanyp zhatkan mamlekettik ishmer emes,buga cheyin taryh baraktarynan kanchalagan saiasiy ishmerler, sayasiy kuuguntuktardyn kurmany bolgonu baarybyzga belgiluu.Bugunku biyliktin da,adiletsiz kadamdarga baryp zhatkanyna tang kaluunun keregi zhok.Biz ozubuzdu ozubuz basmyrlap,ozubuzdu ozubuz zhok kylgan elbiz.Albette birok,zhyldar otup ailar kelgende yrlar zhazylyp,zhyiyndar otkorulup,kadyryna zhetip almaiybyz da bar.Kanybyzga singip kelgen nerseni,biylikti kulatyp ele,revolyutsiya menen zhok kyla albaibyz.Andyktan azyrky bash-alaman ata-zhurtka sabyrduuluk tileim!Sabyrduuluk menen adilettuu chechimderdi kutunguzdor! Ak iyilet,birok synbait!

кимден: asel каяктан: Kyrgyzstan
15.02.2010 01:27
U.Icakow mi c WAMI.

кимден: chyndyk каяктан: aksy
14.02.2010 20:44
Men sizge murdatan ele jakshy baa berchimun,aitylgan sozunuzdun baarysy orunduu,tak,maazmunduu.birok ayaabai okundurgonu jakshy adamdardyn sotttolushu dagy jana bashka nerselerden ulam alardyn ordularyn bashka adamdardyn olturup kalyshy,sizge den-sooluk kaalaim,bar bolunuz.

кимден: Расулбек каяктан: Москва
14.02.2010 20:21
Менимче Бакиев баарын ийне жибине чейин, кимдин канча күнөөсү бар экенин билип турат анан баары тапшырма катары аткарылып жатат. Байкашыма караганда Исаков жакынкы убакта оппозициянын биригип ийгилике жетишине ишенбейт көрүнөт.
    Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Мултимедиа

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)