Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:17

Эркиндик

Балыкчыда жети адам камактан чыкты

Балыкчыда президенттик шайлоодон чыккан жаңжал боюнча соттолгон 18 адамдын жетөө 4-январда камактан бошотулду. Үй камактагы дагы жети адамды кошкондо жалпысынан 14 адам үч жыл бою жергиликтүү органдардын көзөмөлүндө болот. Ал эми калган төртөө төрт жыл жатак абакта жаза өтөшөт.

Текст көлөмү - +
Ысык-Көлдө шайлоо көз көрүнө эле бурмалоо менен өтүп жатат деп шайлоо комиссиясына билдиргенге аракет кылгандардын он төртү шарттуу түрдө үч жылга чейин, төртөө жатак абакка 4 жылга соттолду. Балыкчы шаарынын бул өкүмү 4-январда күчүнө киргендиктен Балыкчыда камакта отурган жети адам бошоду. 

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн алдына 50 дөй киши 20 дай автоунаа менен чогулуп, камактан чыккан 7 адамды түз эле мончого алып кетти. Көпчүлүк ырымдап абакта жаткан төшөнчү-кийимдерин өрттөп ийишин сунуш кылды. 

Бошогондордун бири Сыргак Мамбеталиев күч органдары соттолуучулардын өздүк документтерин жана буюмдарын кайтарып бербей атканын билдирди.

- Телефондор азыр прокуратурада дейт, менин да телефонум бар болчу. Протоколго түшчүсү түшүптүр, түшпөчүсү тигинде-мында деп калп шылтоолоп атышат. Тергөөчүлөр алышыптыр, алар да бири бирине шылтап атышат.

Соттук териштирүүдө айыпталуучуга далил болчу буюмдары протоколго түшпөгөнү да айтылган эле. Тергөөчү Бакыт Сейидинов бул маселеде "билбейм" жообун айтып кутулду.

Соттолгон экинчи адам Мирбек Сагыновдун жеңеси Дамира Исмаилованын пикиринде сот ырайымдуу болсо шарттуу түрдө кесилгендер 25-декабрда эле үйлөрүнө чыгарылмак:

- Бул киши деген чындыкты издеп, акыйкатты издеп ушундай камалып калган эле. Мен аябай Бакиевге таарынам, биз жаңы жылдык маанай менен тосуп алалы деп отурсак чыгарбай койду. Өкүнүчтө болуп калдык, аябай нааразы болдук.

Эми камакта 4 жыл жатак абакка кесилген 4 адам калды, анын бирөө аял киши Гүлнара Жамгырчиева. Ал Балыкчы шаарындагы №3 шайлоо участкасында оппозициядан президенттикке талапкер болгон Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамы болгон. Жолдошу Кубат Молдокматов 25-декабрдагы өкүм туура эмес аткарылган деп билдирди.

- Негизи бүгүндөн баштап камаш керек болчу десек, балдар качып кетет деген ой менен дароо эле сот залынан камашты.

Г. Жамгырчиеванын 10 күн эрте камакка алынганы боюнча Балыкчы шаардык сотуна кайрылсак, Жамгырчиевага чыккан өкүмдө баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камака алынсын деп көрсөтүлгөнүн тастыкташты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Мелисбек каяктан: Балыкчы
05.01.2010 23:46
Балыкчыдагы балдар толугу менен бошотулушун талап кылабыз. Алардын ордуна мамлекеттик төңкөрүш жасап бийликти Акаевден тартып алган Бакиев отуруш керек. Павлюкту өлтургөн КГБнын кишилери олтуруш керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)