Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:17

Саясат

Турат Акимов: Кыргызстандын айланасында геосаясий оюндар жүрүп жатат

Саясат талдоочу Турат Акимовдун баамында Кыргызстанда 7-апрелде оппозиция бийликке келгенден кийин бул өлкөгө карата Москва жана Вашингтондун ортосунда геосаясий оюндар башталды. Ошондуктан азыр убактылуу өкмөт башындагы Роза Отунбаева эл аралык саясатка кыраакы көз салып, жаңылбаган чечимдерди кабыл алышы керек.

Текст көлөмү - +
- Турат мырза президент Курманбек Бакиев кызматтан кетпестигин жана кызматын тапшырбастыгын билдирип, өлкөдөгү абал боюнча “Эхо Москвы” үн алгысына дагы интервью берди. Анын билдирүүлөрүнө пикириңиз кандай?

- Бул жерде эки маселе бар. Эгерде кыргызча айтсак, бул мындай. 75 жаш бала өлүмгө кетти, ошол Бакиевдин керт башы 75 баланын өмүрүнө тең келеби? Келбейт. Ошон үчүн ал бербейм деген бийлигин келип кайра өлгөн 75  балдардын эне-атасына айтып турсун. Кан жутуп калган эл эч нерседен коркпойт. Октон да коркпойт. Ойлоп көрүңүз, 75 боз үйдү алып келип туруп Ала-Тоо аянтына тигип, ошончо элди өкүртүп көрүңүзчү эмне болот экен?

Эл аралык жагынан айтканда, бул албетте саясий оюндар. Кечээ Бакиев айтканы эмнеден себеп болуп атат. Анын баласы Американын мамдепартаментинин адамдары менен кезигип, ошол жерден сүйлөшүүлөр болгон, албетте. Анткени, Американын кайсы бир гезитинин көз каранды эмес эксперти Кровел айтыптыр, Америка жаңы бийликти колдобошу мүмкүн деп тымызын чыгарып коюптур чычкандын куйругун. Бул эмнеге себеп кылып турат.

Менин оюмча алар ЕККУнун төрагасы Казахстандын мүчөлүгүнө таянып Астанага келет экен. Астанага келгенде, Американын политологу айткандай, булар эгерде АКШ базасын сиздер кыргыздар орустарга таянып алып салсаңар, биз анда Бакиевди колдоп коюшубуз мүмкүн деген андай-мындай оюндар башталып атат. Ошон үчүн бул геосаясий оюн.

Ошон үчүн жанагы биздин бийлик бир тараптуу болуп эле, бизди орустар колдоду деп, биз орустар менен сүйлөшүп атабыз, алар бизге жардам берет деп сүйүнүп турганына Америка акырын өзүнүн камчысын көрсөткөндөй болуп турат.

Ошон үчүн биздин жаңы келген бийлик колуна түшүп калгандай папкелерге сүйүнбөй, андан көрө эл аралык чоң саясий оюндарга көз жүгүртүп, саясатты тезирээк колго алыш керек. Роза Исаковна чоң тажрыйбасы бар ишмер, чет элдерде иштеп жүргөн, бул киши түшүнүш керек деп ойлойм.

- Өлкөдөгү учурдагы абалга сиздин талдооңуз кандай?

- Кыргызстанда азыр кырдаал абдан кыйын. Булар папка алганына сүйүнүп отурат. Чынын айтканда согуш болуп атканда эч кимиси жок эле, ал эмес алардын жардамчылары келбей эл аябай кыйналды. Башынан аягына чейин жүрдүм. Орусияда 85 адам метродо өлүп калса, ошого президенти кайгырып, гүл коюп, Путин болуп барып ооруканада жаткандар менен учурашып, ошолордун көңүлүн алып жүрөт. Биздикилер болсо бирөө Мегакомго, бири тиякка чуркап жүрөт, ушул кантип болсун.

Андан көрө элди айланайын деп суранып, элге үмүт берип, түнү менен уктабай мегафондорун алып, талан-тоноону токтотуп, иш кылыш керек.  Ар кимиси 60 кишини алып алып эле, булардын койнуна киргендей кучактап, кызмат алганына сүйүнүп атышат. Кечээ Жогорку Кеңеште өзүм көрүп турбадымбы, колунан кармап алып эле 60 киши ары чуркап, 50 киши экинчиси менен биякка чуркап, 30 киши үчүнчүсү менен бери чуркап, ортодон бийликти мурда ары карап сүйлөп, бери карап сүйлөгөндөр дагы басып калышыптыр.
 
Кыргыздар кыргызчылыгын салып эле бирөөнүн койнуна кирип, акчаны көрсөтө коюп бир нерсеге илинип калайын деп жаткан көрүнүш болуп жатат. Айыл өкмөттөр илгеркидей көрүнгөнү көрүнгөнгө келип коюп атыптыр. Андан көрө Жарлык чыгарып 10 күндүн ичинде баары ордунда иштейт, 10 күндөн кийин башка элдик чечимдер чыгат деп айтып, баарын ордунда калтырып коюш керек  эле. Ушундай башаламандык болуп атат.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: ''"КЫРГЫЗМЫН" кыргыз
13.04.2010 17:51
Мен Оштук кыргыз менен Бишкектик Азаматтын пикирлерине толугу менен кошулам. Азаматсынар кырдаалды туура тушунуп, азыркы абалга туура баа бергенсинер!!!
Чын эле Бакиев тактан кулаар замат десем жанылыш болот, себеби кулай элек, "ооматы кетеери менен" эмне учун мурун Бакиевди "сагалап", "акелеп" жургондор бугунку кундо анын бир да жакшы жагын айтпай жатышат. Ар бир адамдын жакшы жана жаман жактары болгон сынары, жасаган иштеринде да, кемчилик жана ийгиликтери болот. Эмне учун жанагы чооон актай барактын устундогу кичинекей сыяны гана коробуз, козубуз кор болуп калгансып...!!! Бираз акыл калчап, туура ойлонуп, кырдаалга туура баа берсек жогорудагыдай бир тарапты эле мактап, экинчи тарапка коо суйкобойт элек...Ошол себептен, жогоруда айтылгандай ким бийликке келсе эле ошонун артынан эле жетеленип калбастан, оз позициябызда туруп, туура жыйынтык чыгарганга уйронолу!!!

кимден: "КЫРГЫЗМЫН" кыргыз
13.04.2010 17:48
Азыркы убактылуу бийликтеги кээ бирки кишилер Бакиевдин эле вазирлери болуп келген убагында. Кыргызда бир жакшы соз бар:"Вазир жакшы - хан жакшы". Учурда ошол эле кишилер Бакиевди жаман,ыплас адамга чыгарып, озулору суттон ак болуп атпайбы...Эгерде ушунчалык жакшы кишилер болсо, эмне учун убагында ханга жолок-таяк болуп, женилин жерден, оорун колдон алышкан жок...

кимден: кыргызмын кыргыз
13.04.2010 10:47
Максат мырза сиз Турат Акимовдун сынына чычалабаныз, ал туптуура сынга алган. Эгер билсениз олкодо кырдаал так ошол серепчи айткандай эле болуп жатат!!!
Дагы эле болсо эски бийликтин калдыктары, бир убакта ким жакшы эле алар учун Акаев, Бакиев, эми болсо озулору бийликке келгенден баштап, аларды жамандап, кечиресинер "бокко" аралаштырып салышты. Мен алардын туура бийлик жургузооруно да козум жетпейт.Алардын ичинде да эки жуздуу, кытмыр, оз комочторуно кул тарткандар да бар.

кимден: Максат каяктан: Бишкек
10.04.2010 19:15
Турат Акимов таптакыр эле курдаалды тушунбой туруп соктыра берген саясат серепчи турбайбы. Создору эч бир логикага туура келбейт.

кимден: Алим каяктан: Новосибирск
09.04.2010 18:12
Эми бийлик талашуу башталат, оз ара конфликтер, бири бирин тушунбостук, бунун баары бийлик жана акча учун. возможно убийстволор дагы башталышы мумкун

кимден: Aynur каяктан: Turkiye
09.04.2010 17:53
Kırgızdar Orto Aziyadağı en ıntımgı jok el ekenbiz. Biylik üçün kat tökköngö çeyin bardık.
Akay da Bakiy da Başkası da baarı KARAPAYIM ELDİ KOLDONDU..........

кимден: nurbai каяктан: Ekaterinburg
09.04.2010 17:12
1-апрельден баштап Россиядан күйүчүү май ташыганды токтотуп койду,жаз келди эл эгин айдаш керек,бул маселени eyeneg калбадынар бекен кымбатуу апозициянерлер?????? эгер азыр эл эгин айдай албай калса эртен эле күз келет ошондо эл менен кайра жолугушуп калбаныздар !!!!!! кресло качпайт баарынарга жетет,ашып та калышы мумкун,бундайга устачылыгыбыз ашып барататго кундон кунго!!!!!!!

кимден: daki каяктан: kg
09.04.2010 16:36
kaida barsan mamaidyn koru, jany biilik bunu tushunush kerek.
ech jakka(no USA, no RU) barbai oz oordun ozu keneituusu kerek. bul jalgyz strategia
kaira kaira tonkorushtordu, saiasii instabilityni, ekonomikalyk artka kaituulardy toktotuu uchun.

кимден: Абдыкадыр каяктан: Кыргызстан
09.04.2010 16:30
кыргызстан кресло талашып эле отура береби же Бишкектеги башаламандыкты токтотуп жазгы талаа иштерин бутуробу? Мен ойлойм тез аранын ичинде Россия Кыргызсандын стабилдуулугу учун таасирин тийгизуу керек. Болбосо Роза, Алмаз, Темир, Азимбек, Омурбек Текебаев Эмил Болот баары оз жака тартып креслого оз адамдарын коюу менен шуулданып жатышат. Айылдардагы элдер оз айыл Окмотторун алмаштырууга камынып жатат. ойлонуш керек??????????????????????????????????????????????????????????????????????????????????????????????????????????

кимден: kayrat каяктан: turkey
09.04.2010 16:21
anday dep Alen tuugan oylonboy suylobo. azyrky uchurda oppozitsianyn bashyna erkek adam kelse andan da jaman bolot. chyndygynda bul biyliktin alamshuusu menen sistema ozgorboyt, bular dele baary bir oshol ele sen aytkan akay menen bakinin sistemasynan chyga alyshpayt. sistema ozgoruusu uchun birinchiden oshol kaldaygan bashtardyn oyu ozgoruusu kerek... oylor tushunuktor ozgorboso biylike kim kelbesin sisitema oshol boydon kala beret...
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)