Жума, Февраль 10, 2012 Бишкек убакыты: 01:01

Саясат

Элдик Курултай

Бишкекте «Медиа-форум» комплексинин алдында оппозициялык күчтөрдүн Элдик курултайы саат 11.00 дө башталды. Аталган иш чарага беш миңдей адам чогулуп, “Үй-бүлөлүк башкарууга жол жок!”, “Исмаил Исаковго боштондук!”, “Бүлекбаев, Аргымбаев, Рыскуловго боштондук!”, “Гуревичти сотко!” “Азаттыкка азаттык!” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп турушат.

Текст көлөмү - +
11:00 Элдик Курултайды БЭКтин лидерлеринин бири Эмил Каптагаев ачты. Ал 2002-жылы 17-мартта Аксы районунун Бозпиек айылында адамдардын атылышын эскерип, ал окуяга тиешеси барлар жазасын албай отурганын белгиледи.

Чогулган элдин алдында БЭКтин төрагасы Алмазбек Атамбаев, лидерлер Роза Отунбаева, Эмил Каптагаев жана «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, орун басары Дүйшөн Чотонов ж.б. турушат.

11:25
Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы жана СДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева курултайдагы сөзүндө бийликти кескин сынга алды. Ал президент К.Бакиев бийликти узурпациялап жатканын, мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүп, өзүнүн баласын бийликке алып келгенин, күнөөсүз адамдарды куугунтуктап, камап жатканын белгиледи. Ал ошондой Евгений Гуревич жаңжалын айтып, Бакиевдин финансылык кеңешчиси Италия мафиясынын мүчөсү болуп чыкканын атады.

11:35 “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев
дагы өзүнүн сөзүндө президенттин саясатын кескин сынга алып, Кыргызстандын экономикасы бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына иштеп жатканын, өлкөдө мафиялык бийлик орногонун, аны таза күрөш менен жеңүүгө ишеничи бар экенин айтты.

11:50 Генерал Исмаил Исаковду эркиндикке чыгаруу боюнча Алайдагы комитеттин төрагасы Айтбай Жээналиев генерал Исаковдун ак жеринен камалып отурганын айтып, "ак адамды камаган бийлик - бийлик эмес" деп атады. Ал ошондой эле Исаковду бошотуу талабы менен акциялардын уюштуруучулары куугунтукка алынып жатканын белгиледи. Жээналиевдин айтымында, бул бийликти кетирмейин өлкөдө жакшылык болбойт. "Ал эми абакта отурган генерал Исмаил Исаковдун башынан тал чачы түшсө, ага Курманбек Бакиев жооп берет", - деди Жээналиев.

Курултай башталардын алдында Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” интервью берип, аталган курултайдын эки өзгөчөлүгүн белгиледи. Анын айтымында, курултай жөн эле тарап кетпейт, анын туруктуу органы түзүлөт. Экинчиден, бул акцияны Кыргызстандагы оппозициялык күчтөрдүн баарынын бирдиктүү иш-аракети болуп саналат. Анткени курултайга оппозициядагы партиялардын, кыймылдардын жана ар кандай бирикмелердин баарынын өкүлдөрү катышып жатышат.

Курултай өтүп жаткан жерге жети боз үй тигилди. Бул өлкөнүн жети облусунун өкүлдөрүнө арналып тигилген боз үйлөр.

Иш чара болуп жаткан Шабдан баатыр көчөсүнүн жээгинде 10-15тен милиция кызматкерлери байкоо салып турат. ИИМдин маалымат жана коомдук байланыштар башкармасы ММКларга тараткан маалыматында Элдик курултайга келген элдин санын саат 12.00 гө карай 1300-1500 деп көрсөтүп жатат.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: кыргыз каяктан: Бишкек
18.03.2010 19:42
саламатсыздарбы. мен бул ойлорду окуп абдан кубандым азаматсыңар менин оюмча бул маалыматтар көптөгөн адамдарга толугу менен жетпей жатат ошондуктан карапайым эл кимге ишенээрин да билбей турат

кимден: колдук кыз
17.03.2010 17:27
Ата- журттан канчалык алыс болсом да, жүрөгүм дүкүлдөп эл үчүн коркуп турдум жамандык болуп кетпесе екен деп. Бүгүнкү митинге чыккан ар бир атуул кыргыз үчүн күйгөн, эрктүү, тайманбас, чыныгы инсандар! Терең таазим, Кудайым колдосун сиздерди!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.03.2010 17:01
Мен азыр эле курултайдан келип,Нарындагы тугандарым менен телефон аркылуу байланыштым.Нарында бүгүн 7 миңдей адам катышкан чоң митинг болуптур

кимден: elchi каяктан: bishkek
17.03.2010 15:46
salamatsynarby azattyktyn kiraaki , kalis jurnalistteri.jok degende ushul jerden kat almaship atkanibizga kudayga shugur.toybogon kozdu kuday topurakka toyguzchu ele , ushuga jakindadi, elim aldiga gana umtulali.kolduktorgo ,jana akiykat degende kara kildi kak jargan tyshtyktyk bir tuugandaryma kuyom , alay degen en intymaktuu eldin dayraday chogula albagandigina tan kalam ,talastiktarga tan kalam , je emne siler jakshi jashap atasinarbi

кимден: Известняк каяктан: россия
17.03.2010 15:42
Кудай силерге күч кубат берсин Кыргыз Эли ..Россиядагы миңдеген мекендештер силерди колдойт.Алай эли айтканынан кайтпайт.Роза эже ушул тептен жазбаңыз...Бардык кабарды Азаттыктан алып турабыз Азаттыкка Рахмат!!!!ТВЕРЬ шаары.

кимден: Камбарали каяктан: Баткен
17.03.2010 15:30
Максат иним сен 24.kg сайтында өкмөткө эң туура маселе коюпсуң.Айтканыңдан тайба иним Ак-жолчу болсоң да жүрөгүң таза өсө турган жигит экенсиң. Энергетиканын тарифин көтөрөөрдөн мурда айлык акыны көтөрүп ,андан кийин энергиянын тарифин этап ,этабы менен көтөргөндө болмок. Сен дайыма Данияр катышкан маалда кулак кагыш кыла бер. Бирөөсү болбосо бирөөсү кулагына кирер айткан сөздөрдүн. Болбосо Данияр өзүнүкүн гана туура деп , башкаларды ойлобой жатат. 200 сом берген компенсация да аздык кылат.

кимден: Кыргыз кызы каяктан: Бишкек шаары
17.03.2010 14:59
Эч нерсе чечилбейт, баягыдай эле болот деп отура берсек да туура эмес болуп жатпайбы чоң кыз. Элдин карапайым калктын кыйналып турганын өзүң деле сезип жатсаң керек. Аракет кылып өзүбүз менен кошо элдин да жан дүйнөсүнүн тазарышына чакырышыбыз керек. Кичине болсо да оптимисттик көз караш менен карооңузга чакырат элем. Барып катышпасак да мекендештерибизди эл деп күйгөн адамдарды моралдык жактан колдоп турганыбыз оң го?

кимден: Берчи мага каяктан: жарым кашык адилеттуулук
17.03.2010 14:48
"Аккан суунун арамы жок".Эгер бийликке адилетсиз инсан келсе, мыйзам чегинде ар дайым алмаштырып туруу керек.Карапайым калк бийликтен акча же кызмат сураган жок.Карапайым калк оз ырыскысын коргоп, адилеттуулук учун чыкты.

кимден: Көлдун кулуну каяктан: Бишкек
17.03.2010 14:17
Азыркы күндө курултай- мурултайдын деле кереги жок болчу. бийлик тараптан дагы, оппозиция тараптандагы. буудай арзан, ун кымбат, мал арзан эт кымбат. талаачылыкка элде сапаттуу үрөн жок, свет кымбат. тышкы саясат жокко чыгарылды. ички саясат жөнүндө айтпай эле койгула. буга күнөөкөрлөр: азыркы бийлик, жана азыркы өзүн оппозиция дегендер. Өз убагында баары тең эле бактылуу болушуп бийликте жүрүшпөдү беле!!! Ошончолук баары кыйын болсо эмне үчүн мурда мунун баарын алды ала көрүшкөн жок эле? Конституция дейсинер: деги ал эмне? акыркы күндөрү такыр эле аны түшүнбөй калдым. Асылганынар эле конституция, как будто конституция баарын чечет.

кимден: Кыргыз кызы каяктан: Бишкек
17.03.2010 13:50
Бул Курултай да эч нерсени чечпейт.Бакиев кетип ордуна башка киши келсе да ушул система кайталана берет. Ар бир лидер өз кызыкчылыгын ойлоп жатат. Эгер чын эле жакшы жашоону каалашса анда биринчиден: Конституцияны түп тамырынан өзгөртүп, жаңы Конституция кабыл алып, анан ошол конституциянын чегинен чыкпай иштөө керек. бирок андайга азыр эч ким даяр эмес. Ар бир инсандын же жарандын жан дүйнөсү тазармайынча таза бийлик келбейт.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга