Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

“MGN Group” жетекчиси Е. Гуревич кызматтан кетти

“MGN Group” тобунун жетекчиси Евгений Гуревич

“MGN Group” тобунун жетекчиси Евгений Гуревич

10.03.2010

Кыргызстанда ишмердүүлүк кылган “MGN Group” тобунун жетекчиси Евгений Гуревич бардык жетекчилик кызматтарын тапшырды. Анын мындай кадамга барышына Италия сотунун аны камоо жөнүндөгү чечими түрткү берди.

 
“MGN Group” тобуна маалыматтык кызмат көрсөткөн “Флэкси Комьюникейшнс” (Flexi Communications) компаниясынын жетекчиси Вугар Халилов Евгений Гуревичтин журналисттерге жазган кайрылуусун бүгүн маалымат жыйынында окуп берди.

- 28-февралда Италия өкмөтү Италиянын каржы базарындагы менин ишмердүүлүгүмө байланыштуу мага күнөө коюп жатканы белгилүү болду. Мен коюлган күнөөлөрдүн бардыгын толугу менен четке кагып, сотто акыр аягына чейин ак экенимди далилдейм,-деп айтылат Е. Гуревичтин жарыяланган билдирүүсүндө. 

Евгений Гуревич ошондой эле коргоочусу италиялык тиешелүү тараптар менен иштешип жатканын айтып, анын дарегине карата айтылган сындар, жарык көргөн маалыматтар кайсы бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгын жана амбициясын ишке ашыруу аракети катары баалады.

Гуревич ага коюлган күнөөлөр “MGN Group” тобу түзүлгөнгө чейинки мезгилге тиешелүү экенин жана Кыргызстандагы ишмердүүлүгү менен эч кандай байланышы жоктугун билдирет. Ал ошондой эле бизнесте 20 жылдай шугулданып жүргөнүн да баса белгилейт.

Ал түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 1-марттан тарта  бардык жетекчилик кылган кызматтардан, анын ичинде “MGN Group” тобунун башкы директорлугунан да кеткенин билдирди.

Кайрылуунун соңунда Гуревич үй бүлө, досторунан, кызматташтарынан түшүнбөстүктөн келип чыккан жагдай үчүн кечирим сураган.

Маалымат жыйынын өткөргөн “Флэкси Комьюникейшнс” компаниясынын жетекчиси Вугар Халилов – эмне үчүн “MGN Group” тобунун жетекчиси Гуревич өзү жыйынга келбегенин, ал азыр кайда экендигин жана ага каршы италиялык сот коюп жаткан күнөө чынбы-жокпу деген суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын лидери Токтайым Үмөталиева
Гуревичтин айланасындагы ызы-чуу  "Кыргызстандагы бийлик эл аралык мафияда жүргөн таза эмес, ыплас адамдар менен иш жүргүзгөндүгүнүн белгиси",- деген пикирин айтты.

“MGN Group” компаниясы буга чейин Кыргызстандын Социалдык фондунун, Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү фондунун активдерин башкаруу укугуна ээ болуп келген. Ошондой эле Гуревич Кыргызстандын "Электр станциялар" жана "Манас" аба майданынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Бүгүн Өнүктүрүү фонду өз активдерин “MGN Group” компаниясына башкартуу жөнүндөгү келишимин бузгандыгы тууралуу маалымат таратты.

Маалымат жыйынын алып барып жаткан Вугар Халилов болсо “MGN Group” тобу Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн уланта береерин тастыктады:

- “MGN Group” адаттагы шартта иштеп жатат. Холдингдин ичинде эч кандай өзгөрүү болгон жок, бардык жетекчилер, кызматкерлер иш ордуларында өз жумуштарын аткарып жатышат. Мындан сырткары, бардык милдеттемелер, келишимдер өз убагында жана кечиктирүүсүз аткарылууда.

Ысымын атабоону өтүнгөн “MGN Group” компаниясынын өкүлү бүгүн түшкө чейин ишкананын кеңсесинде жыйын болуп, ага Евгений Гуревич өзү катышып, кызматтан кеткенин жарыя кылганын “Азаттыкка” билдирди.

Өткөн жумада бир катар чет элдик басылмалар италиялык сот 2003-2006-жылдарда "Телеком Италия" жана "Фаствеб" ишканаларынан 3 миллиардга чукул долларды алдоо жолу менен алып чыгып кеткен 55 уюшкан кылмыштуу топтун катарына Евгений Гуревичти дагы атаган.

Римдик судья Альдо Моргини (Aldo Morgigni) учурда Кыргызстанда ишмердүүлүк кылган, 33 жаштагы АКШ жараны Евгений Гуревичти кармоого өкүм чыгарган.


Е.Гуревич Кыргызстандагы кызматтарын таштады

x

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Известняк каяктан: россия
12.03.2010 02:44
Акжолго ...Эки Дөө кармашса ортодо чымынга кыйын болот Кел андан көрө Элге толук маалымат жеткирели...Айылда интернет жок Азаттыктын баракчасын аларга жеткирүү керек .Эл толук маалымат алсын....

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.03.2010 23:24
Тигил жактан Гуревичтин маегин окугула! Бул компания 100 пайыз меники дейт - демек кызматтан кеттим дегени менен реалдуу турдо бүт акча анын колунда!

кимден: Акжол
11.03.2010 21:26
Известняка! Сен айткан кызматтарда баардык ака-үка, ата-балдар отурса - жыйынтыгы ушундай болот да!!!

кимден: ulan каяктан: korea
11.03.2010 20:02
кайдагы мошенниктердин барын үйүп алышты го Бакиевдер.. Бизге бир тыйын да пайдасы жок... откондо кайсы бир фотографы жүрдү эле.

кимден: Известняк каяктан: россия
11.03.2010 15:57
Ушуну көрмөкпүз кыргыздар Гуревич аттуу амалкөй алдын ала пландап ансыз да аз калган элдин энчисин Кыргызстандан алып чыгып кеткенге үлгүрдү.Кыргыздын кыйын чыкма финансистери эмне иш кылып жатышат Фин чалгындоо деген структура бар эле Тажикан эжебиз Вице болгондон кийин жойулганбы? Улуттук Коопсуздук эмне иш аткарат? Гуревич Кыргызстанга келерде бардык текшерүүдон өтүүсүкерек болчу. Фондду токтоосуз жоюу керек Атпесе кеч болуп калат.

кимден: Акжол каяктан: Бишкек
11.03.2010 15:44
Кыргызстандын Генералдык Прокурору бул ишти иликтебейби?Оппозиция дегендерге өтө тез иш ачат эле.Мамлекеттин коопсуздугуна доо кеттиго! Акжол фракциясы иликтебейби?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.03.2010 15:37
Кызматтан кетти дешип,дагы алдашканын карагыла! Күлкүң келет,компания Гуревичке таандык болсо! Баары-бир ал адам финансылык агымды карап,кол коюп,бөлүштүрүп турса!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.03.2010 15:24
Италия Сотуна Гуревич жөнүндө Депутаттык запрос жөнөтүлдүбү урматтуу депутаттар?...Акжол бийликчил партиясы аткарышы керек.Болбосо анда тарап кетиши керек.

кимден: Maxim каяктан: Ak Yй
11.03.2010 14:42
Men Gurevichti taanbaym,al menen bailanshm jok...krgzstandy ech kim menen bolushpoi ozum jeim

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.03.2010 14:24
Максимдин ''жакшы'' достору бар экен, Гуревич, Березовский деген. Бирөөсү орустарды сыздатса, бирөөсү Италияны сызга отургузса. '' Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн'' деген кеп КЫРГЫЗ ЭЛИБИЗГЕ туура келип атат.
    Кийинки 
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)