Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Экономика. Базар.

Е. Гуревич: Дүйнөлүк каржы базарына жол ачабыз

MGN Group компаниясынын башчысы Евгений Гуревич 'Азаттык үналгысы' үчүн маек куруп жаткан учур. 2009-жылдын 14-октябры.

MGN Group компаниясынын башчысы Евгений Гуревич "Азаттык үналгысы" үчүн маек куруп жаткан учур. 2009-жылдын 14-октябры.

15.10.2009
Гүлайым Ашакеева, Элеонора Бейшенбек кызы

MGN Group компаниясы менен кыргыз президентинин үй-бүлөсүнүн эч байланышы жок. MGN Group башчысы Евгений Гуревич “Азаттыкка” муну тастыктады.

- Сиз адегенде өзүңүз жана кылган ишиңиз жөнүндө кеп оролун жандырсаңыз?
 
- Өзүм тууралуу көп нерсе айтуу кыйын го. Мен өнүгүп келаткан базарлар (market) менен 15 жылга жакын убактан бери иштешип келатам. Кыргызстанга келип иштегенге чейин Нью-Йоркто жашадым. Болжол менен бир жарым жылдай мурун менин командама алгачкы профессионалдык инвестициялык банк түзүү тууралуу идея келди.

Биз Борбор Азиядан, Кыргызстандан сырткары Лондонго, Нью-Йоркко чыгууну көздөгөн элек. Азыр болсо биз ишмердүүлүк жүргүзгөн жалгыз мамлекет Кыргызстан болуп эсептелет. Биз кыргыз компаниясы болуп эсептелебиз. Компаниянын максаты өлкөгө инвестиция тартуу жана активдерди, инвестицияны натыйжалуу пайдалануу.

Мен АКШнын жаранымын. Бирок Орусияда, Москвада төрөлгөм. Өмүрүмдүн алгачкы учурун ал жакта өткөрдүм. Москвага такай барып турам. Эми ал жакта көптөн бери жашабай калсам деле өзүмдүн үйүм деп эсептейм.

Мен бул жерден бизнес үчүн жаңы орундарды көрдүм жана ал жабык эмес экенин байкадым. Ошондуктан MGN Group компаниясын түзүүнү чечтим. Бул туура чечим болгонун убакыт көрсөттү.
Билимди АКШдан алдым. Калифорнияда Беркли университетинде каржы маселелери боюнча кесипке окудум. Университетти бүткөндөн кийин Африкада банк тармагында иштедим. Андан кийин Кыргызстанга келгенге чейин Нью-Йоркто жети-сегиз жыл жашадым.

Нью-Йоркто бир катар бизнестерим, долбоорлорум бар болчу. Алардын эң негизгиси болуп консалтинг  эсептелет. Ушул долбоорлордон кийин инвестициялык банк боюнча иштөө кызыктуу, стратегиялык жактан маанилүү экенин билдик.

Башында бул консалтинг компания болчу. Бирок бизге дайыма инвестбанк боюнча долбоорлор менен кайрылышчу. Менин жеке өзүм үчүн такай иштөөгө географиялык аймак табуу маанилүү эле. Анткени Азия менен Африканын, Штаттар менен Европанын ортосунда дайыма учуп жүрүү, албетте, кыйын. Бул - менин Кыргызстанга келгенимдин негизги себептеринин бири.

- Буга чейин кайсы бир бир кыргызстандык компаниялар менен иштешип көрдүңүз беле?

- Ооба. Чынында мен бул жакка көчүп келгенге чейин Кыргызстанга көп каттачумун. Өлкөгө инвестиция салчумун. Бул жерде мага жакшы жагымдуу мамиле бар болчу. Мен бул жерден бизнес үчүн жаңы орундарды көрдүм жана ал жабык эмес экенин байкадым. Ошондуктан MGN Group компаниясын түзүүнү чечтим. Бул туура чечим болгонун азыр убакыт көрсөттү. Чынында эле бул жерде жасай турган иштер көп жана биз аны өлкө үчүн жана өзүбүз үчүн да колдоно алабыз.

- Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эмне үчүн Кыргызстанды тандап алдыңыз. Көптөгөн инвесторлор тескерисинче, айрыкча "жоогазын" ыңкылабынан кийин саясий жана экономикалык бейстабилдүүлүктөн улам бул өлкөдөн качып кеткени белгилүү. А сиз эмне себептен бул жакка келип ушундай өнүгүп жаткан чоң компания түздүңүз?

- Мунун бир нече себептери бар. Биринчиси, мен белгилеп кеткендей бул өлкөдө менин инвестиция жаатында ийгиликтүү тажрыйбаларым бар эле. Экинчиси, бул акыркы убактарда деле тастыкталып жатат: соңку учурда өкмөттүн жана коомчулуктун күчү менен Кыргызстанда чын эле инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатат.

Биз билгендей “Doing Business” боюча Кыргызстан алдыңкы он реформачыл өлкөнүн катарына кирди. Эгер бул өлкө Дүйнөлүк соода уюмунун инвесторлорду коргоо боюнча Вашингтон конвенциясынын мүчөсү экенин карай турган болсок, чынында эле реформалар тездик менен жүрүп жатат. Бул жакка келген, ар кандай тармакта иштеген чет өлкөлүк инвесторлордун ийгиликке жетишкен учурлары көп.

Мына ушулардын баарын анализдегенден кийин дүйнөдө бул өлкө тууралуу жетишерлик так маалымат жетишпей турганын айтса болот. Биз профессионал инвесторго түшүнүктүү болгон тил менен ошол маалыматты жеткирген канал болуп бере алабыз. Алар эмнени каалашат, эмнени уккусу келерин билебиз.

Анткени өзүбүз дал ушул жолду басып өткөнбүз. Экинчи уникалдуу жагы - бул жерде бизге иштей турган чөйрө бар эле. Мисалы, коңшу Казакстанда көптөгөн инвестициялык банктар иштейт. Орусияда, Өзбекстанда да бар. Мен буларды салыштырган жокмун, жөн гана айтып жатам. А бул жерде бизге чейин бирөө да жок эле. Ушундай чоң бизнести ачуу үчүн мүмкүнчүлүк ар дайым эле ачыла бербейт. Мен аны көрө алдым жана тобокелге барган аракетибиз өзүн  актайт деп чечтим.

- Сизге белгилүү болсо керек, көптөгөн маалымат каражаттары, анын ичинде орусиялык ММК сиз бизнести бул жакта президент Бакиевдин үй-бүлөсү, анын уулу Максим менен жакшы байланышыңыз бар үчүн ачты деп жазып жүрүшөт. Бул канчалык деңгээлде чын?

Бул бизнес жүз пайыз мага тиешелүү. Коммерциялык тобокелчиликтин баарын мен өзүмө алгам, каражат салгам.
- Албетте, мен эмне деп жазып жатышканын окудум. Бул чынында карандай калп. Бул бизнес жүз пайыз мага тиешелүү. Коммерциялык тобокелчиликтин баарын мен өзүмө алгам, каражат салгам. Ооба, биз азыр өнүгүп-өсүп жатабыз. Бирок биздин бизнес пайдалуу болобу, же болбойбу, билбейбиз.

- Демек, сиз кандайдыр бир тобокелдик бар экенин сезет экенсиз да?

- Ооба. Кандай гана жаңы бизнес болбосун, аны Штаттарда, Африкада же Орусияда баштасаң деле, баардык жерде тобокелдик бар, бул жерде география эч кандай роль ойнобойт. Анткени бизди бул жакка эч ким чакырган эмес. Мен бул идеяны досторум менен талкуулаганда “болуптур, сен бул ишти баштадың. Бирок баргандан кийин эч кимге керегиң жок болуп калсачы, анткени кайсы бир деңгээлде сен мамлекет менен атаандашып жатам деп эсептей бер”, дешти. Мен коркунучтарга карабай, керек деп тапкан иштерге барганга көнүп калгам.

Эгерде сиздин сурооңузга кайрадан кайрылсак, бул жазылгандардын баары, балким, биздин тездик менен жетишкен ийгилибизге көрө албастык кылып жатышы мүмкүн. Балким, атайын буйрук менен жасалып атканы иштер болушу мүмкүн. Мен бул тууралуу көп деле ойлонбойм. Бир гана нерсени айта алам – биз президенттин үй-бүлөсүнүн жардамы жок эле, же өкмөттүн колдоосу жок эле иштейбиз.

- Сиздердин ийгилигиңиздердин сыры эмнеде? Чын эле ишкердик идеябы же күчтүү командаңыздабы?

- Бул жерде бир нече жагдайлар бар. Биздин командабыз чынында эле күчтүү. Биздин компанияда иштеген адамдардын 70-80 пайызы ушул жерде төрөлүп чоңоюшкан. Кыргызстандын жарандары. Биз каржылык анализ боюнча өлкөдөгү мыкты команданы топтой алдык деп эсептейм.

Биз каржылык анализ боюнча өлкөдөгү мыкты команданы топтой алдык деп эсептейм. Атаандаштардан айырмаланып, эл аралык платформасы бар жападан жалгыз компаниябыз.
Атаандаштарыбыздан айырмаланып, эл аралык платформасы бар жападан жалгыз компаниябыз. Биз сырттан инвестицияны тарта алабыз, биздин Нью-Йоркто жана Лондондо өзүбүздүн офистерибиз бар. Москвада да ачабыз. Көптөгөн мамлекеттер менен өнөктөш мамилелерибиз бар. Буга менин жеке мамилелерим жана буга чейинки тажрыйбаларым негиз болуп берет.

Биз эл аралык каржы рынокторун түшүнүү менен кардарларыбызга дүйнөдөгү дээрлик баардык каржы рынокторуна жол ачабыз. Бизге чейин Кыргызстанда мындай нерсе жок болчу. Мунун баарын биз биринчи сунуштадык. Активдерди башкаруу, айкындуулуктун заманбап принциптери тууралуу айтып, көрсөтүп бердик.


Бул маектин толук түп нускасын "Азаттыктын" орус тилиндеги интернет барагынан http://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan_MGN_Gurevich/1852931.html 
окусаңыз болот.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: рома каяктан: европа
01.11.2009 12:45
Евгений лапшу на уши не вешай, что ты якобы не знаешь Максима и его семьи. Наверно ты и есть самый близкий человек в семье Бакиевых. Гуревич помни что у КЫРГЫЗОВ есть одна большая проклятая бата. Если народ даст тебе то ты не знаешь откуда пришло беда. Если не веришь то спроси народа как они относились когда выступал Аскар Акаев. Народ его и семью проклинали. Так что не надо народа обманывать.

кимден: Равшан каяктан: Канада
21.10.2009 17:21
Дүйнөлүк каржы базарына жол ачабыз-күлкүм келди!Эй,Женя Кыргызстан тээ 93 жылы жолун ачкан.МВФ,ВБ-асмандан келдиби?Билим,интеллект азбы?Же Кыргыз билбейт дейсиңби?Ойлонуп жооп берсең жакшы болот эле.Максимди билбейм дейсиң-калпты учуруп!Азаттыкты окуп жүр,Элдин ыйын,проблемасын,кембагалчылыгын,жарты нан чай ичкен кыргыздарды окуйсуң!

кимден: Ваня каяктан: Центр
19.10.2009 17:52
Ха-ха!Евгений вы же недавно сидели вместе с Максимом в 'Хаяте'-причем долго!

кимден: Ырыс каяктан: Бишкек
19.10.2009 15:04
MGN - Максим - Гуревич - Надель(Азия универсал банктын тєрагасы) эмеспи.

кимден: Kyrgyz каяктан: Kyrgyzstan
18.10.2009 22:35
Пожалуй, единственным, что еще не успели «распилить» участники финансового захвата Киргизии, это целевой российский кредит, направляемый в республику на строительство крупной Камбаратинской ГЭС-1. Напомним, правительство России выразило готовность выделить на эти цели 1,7 млрд. долларов. Однако эти, сопоставимые с годовым бюджетом республики, средства неизбежно будут проходить через счета АУБ.

Гарантии в том, что часть из них не будет использована в интересах финансово-промышленной империи Бакиева, сегодня никто из российских экспертов дать не может.

кимден: Kyrgyz каяктан: Kyrgyzstan
18.10.2009 15:18
После вступления в 2005 году на должность президента страны К.Бакиева холдинг MGN Group открыл новые возможности для своего бизнеса в Киргизии. Спустя очень короткое время топ-менеджеры MGN Group вошли в состав советов директоров ряда стратегических предприятий республики, таких как Бишкекский машиностроительный завод, международный аэропорт «Манас», акционерные общества «Кыргызтелеком», «Электрические станции», «Кыргызгаз», сразу три крупные энергораспределительные компании. А уже в январе 2009 года дочерняя компания холдинга MGN Asset Management победила в конкурсе на доверительное управление пакетом акций ряда предприятий, принадлежащих Социальному фонду Киргизии.<br /><br />Те из зарубежных компаний и бизнесменов, кто наладил или пытается наладить свой бизнес в этой маленькой стране, не понаслышке знают, как трудно пробиться сквозь плотные кордоны алчных местных чиновников. Размеры «откатов», которые заявляют многочисленные представители разрешительной системы республики, впечатляют: от 10 до 30 процентов от инвестируемой суммы вынь, да положи, прежде чем получишь разрешительную лицензию. Причем, согласование «деталей» того или иного инвестиционного проекта в Киргизии может длиться годами, как, например, в случае с ОАО «Дастан» (предприятие, где в советское время собирались торпеды для нужд ВМФ СССР).<br /><br />Однако г-ну Гуревичу и другим чудо-топ-менеджерам из Британии и США удалось играючи обойти все киргизские бюрократические рогатки. Почему? Но сначала еще об одном «инвестиционном» проекте иностранных топ-менеджеров, существенно повлиявшем на ситуацию на финансовом рынке Киргизии.<br />

кимден: Алик
17.10.2009 20:40
Мен 100 % гарантия берем, Гурьевичтин артында Максим турат

кимден: Акыл каяктан: Москва
17.10.2009 20:36
MGN - "М"-аксим, "Г"-урьевич жана "Н"-арынгэс болуп чечмеленсе керек.

кимден: chingiz
17.10.2009 14:24
Kirgistandin stratigialik maanige ee kurulushtardi satip jiberish mamleketke jana elge bolgon chikkinchiliktir! Kirgizga Kirgizdan bashka echkim kuyboyt! Kachan uktungar ushunday chet olkoluk kelip bizge jardam berishiptir dep? Kelip jardam bergender bar birok birnerseler alip jatishat! beker emes!

кимден: Антон каяктан: Центр-Аналитика
17.10.2009 10:49
Вообще-то это компания аффилировано с Б.А.Берёзовским.Вот куда надо смотреть!
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)