Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:22

Кыргызстан

"Электрошок"

14-мартта “220" кыймылы Бишкекте электр кубатынын жана жылуулуктун кымбатташына, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектро” сыяктуу мамлекеттик ири ишканалардын сатылышына каршы концерт менен коштолгон акция уюштурду.

"220" кыймылы өкмөттөн тарифтерди мурдагы калыбында калтырууну талап кылууда
Текст көлөмү - +
“220” кыймылы уюштурган “Электрошок” деген аталыштагы концерт Бишкектеги Социал-демократтар партиясынын кеңсеси жайгашкан имараттын алдына уюштурулган. Иш-чарага жаш ырчы, бийчилер чакырылган. “220" кыймылынын жетекчиси Гүлнара Журабаеванын айтымында, бул концерт адамдардын аң-сезимине таасир берүү аракетинде өткөрүлүүдө:

-Биз ушундай иш-чара уюштуруп койсок эле өкмөт тарифтерди мурдагы калыбына келтире калат деп айта албайм. Мындай болушу мүмкүн эмес. Бирок биз кол жайып отура бербей аракет жасашыбыз керек. Калк бийликтин туура эмес иш-аракеттерине таасир тийгизе алаарын, анын жосунсуз чечимдерине каршы турбаса абал мындан да начарлаарын сезиши зарыл.

Иш чарага 150дөй адам чогулду. Ыр-бийлердин арасында укук коргочулар, мамлекеттик ишмерлер, жаш активисттер чыгып сөз сүйлөштү. Алар өлкөдө адам укуктары бузулуп, сөз эркиндиги жабыркап атканын, карапайым калкка жашоо кыйындагандан кыйындап атканын, андыктан тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы туруу керекти тууралуу чакырыктарды жасашты.

Коомдук ишмер Мирослав Ниязов коомчулук ушундай өңдүү иш-чараларды уюштурууну токтотпоосу зарыл деген пикирин “Азаттыкка” айтты:

-Бүгүнкү концерт өңдүү иш-чараларды уюштура берсе сөзсүз бийликтен жооп болооруна мен ишенем. Болгону эл биригиши зарыл. Бул чакан концерт болуп атат, бирок мындан кийин масштабды кеңейтүү зарыл. Аракет жасалса эл коркпой, өз укуктарын коргоого чыгат.

Ал эми аталган кыймылдын жаш мүчөсү, “Студенттер коррупцияга каршы” кыймылынын жетекчиси Улан Орозбаевдин айтымында, иш чара уюштуруучуларына кысым болууда:

-Кечээ көчөдө баракчаларды таратып жүргөн эки досумду милиция кармап, кечке чейин кое бербей, акчасын тартып алышкан. Ошондой эле жаш укук коргоочу Тимур Шайхутдинов, активист Ринат Самудинов дагы белгисиз адамдар тарабынан сабалышкан. Бирок бизди ушинтип коркута алышпайт. Биз өзүбүздүн, жакындарыбыздын укуктарын коргоодо аягына чейин турабыз!

Эркин Турусбеков “220” кыймылынын концертине Ысык-Көлдөн келген. Тааныштар аркылуу бул концерт тууралуу угуп, өзү да тарифтердин жогорулашына каршы экенин билдирейин дегенин айтат:

-Элетте элдин жашоосу оор. Отун-сууга баа өскөн соң такыр эле кыйын болуп калды. Же бизде соода жок, же иш жок, баары кымбат, айтор отуруп эле калдык. Мына, бул иш-чара тууралуу угуп, атайын келдим. Мен да айылдаштарымдын атынан бийликтин тариф саясатына каршы экенимди айтайын деп атам.

Кыргыз өкмөтү жаңы жылдан тарта электр кубатына акыны эки эсе, жылуулук менен ысык суу үчүн төлөмдөрдү беш эсеге көтөргөн. Өкмөт буга энергетика тармагын оңдоо жана колдоо максатында барып жаткандыгын белгилөөдө. Биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров тарифтерди көтөрүү аргасыз чара болгонун айтат:

-Бизге хирургдардын ролу тийип атат. Анткени бир канча жылдан бери тарифтерди жөнгө салбай, башка иштер менен алектенип атып ушундай абалга туш болгонбуз. Эми биз оор операция жасаганга мажбур болуп атабыз. Бирок биздин аракетибиз оңунан чыгат деп ишенем.

“220" кыймылынын өкүлдөрү өкмөт тариф саясаты, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектро” сыяктуу мамлекеттик ири ишканалардын сатылышына элдин каршылык үнүн укмайынча мыйзам чегиндеги ар кыл акцияларды өткөрө бере турганын билдирүүдө.

Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Austria
16.03.2010 03:08
15 марта 2010 года. Решения продать госпакет акций компании «Северэлектро» и «Кыргызтелеком» экономически оправданы. Об этом сегодня на пресс-конференции в Доме правительства заявил премьер-министр Данияр Усенов.

По его словам, правительство страны, продав компанию «Северэлектро», приняло правильное решение, так как по новым тарифам убытки компании составляют 2,88 млрд сомов в год. «За последние 6 лет проводилось более 10 тендеров, их них два прошли в 2009 году, на которые не поступило ни одной заявки. Потому что, купив эту компанию, инвестор имел бы 2 млрд долгов ежегодно. Сейчас, при новой тарифной политике, если довести потери до 15 процентов, компания может стать прибыльной», - сказал он.

Относительно «Кыргызтелекома» глава кабинета министров отметил, что в 2003 году у компании насчитывалось 460 тысяч абонентов, в это время компания оценивалась в 165 млн долларов, а 2004 году бывшая власть продала «Кыргызтелеком» за 16,7 млн долларов: «После революции мы расторгли договор с немецкими инвесторами. После мы выработали новые условия и 7 лет искали инвестора, но не находили, так как рынок резко менялся все эти годы».

На сегодняшний день число абонентов сотовых компаний выросло в 400 раз, а у «Кыргызтелекома» выросло с 460 до 560 тысяч абонентов.

Также Д.Усенов сообщил, что объявлены тендеры на продажу «Ошэлектро», «Джалалабадэлектро» и «Востокэлектро»: «Если кто-то из кыргызских бизнесменов скажет, что готов купить на условиях правительства, мы готовы продать все три компании за один доллар». (Н.Султамбаев)


кимден: немис каяктан: Германия
15.03.2010 15:26
А.Жапаров депутат кезинде, элдин проблемаларын так айтып, эл үчүн иштеп аткандай көрүнүп турчу, көп кишилер айтышчу эле, бул акылдуу, кыйын жетекчи дешип. Көрсө, калп эле көздү буйдаламай, татту тил менен сүйлөгөн, эптеп бийликке жетсем деген мансапкорлордун бири экен. Ушундайлар элди алдап бийликке жетип алып, кайра элдин өзүнө душмандык кылып атышат. Элге айтат элем, шайлоо учурунда бал тилге, ар кандай белектерге алданбай, чыныгы эл үчүн эмгек кылып далилдегендерди шайласак, жаңылбайт элек.

кимден: Рамис каяктан: Бишкек
15.03.2010 10:04
А.Жапаров азыр кыйын болуп сүйлөйт. Кызматынан алып койсун, көрөбүз кандай болуп каларын. Асмандан жерге түшчү, Акылбай!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)