Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 10:28

Кыргызстан

Өзгөндө жоочулар жок кылынды

Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында кечээ болгон ок атышуу учурунда үч жоочу өлтүрүлдү. Жергиликтүү жашоочулар арасында дагы эки жоочу качып кеткени айтылып жатканы менен андай маалыматты күч органдары төгүнгө чыгарышууда.

Мултимедиа

Текст көлөмү - +
Илим Жанузаков
Бул тууралуу окуя болгон жерге барган «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Жанар Акаевге маалым болду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул жоочулардын бир канча күн мурда Жалал-Абад шаарында жок кылынган куралдуу топ менен байланышы болгон жана булар да «Өзбекстандын ислам кыймылынын» мүчөлөрү болушу толук ыктымал.

Кош-Коргон айылындагы ок атышуу кечээ кечки саат жетилер чамасында башталып, таңга жуук гана аяктады. Атайын даярдыктагы жоокерлер арасынан жоготуу болгон жок. «Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден билдиргендей, куралчан топ жашынган үйдөн төрт граната, эки «Макаров» маркасындагы тапанча, ок-дарылар жана ондон ашуун уюлдук телефондор табылган.

Ошол эле ок атышуу болгон үйдөн ок жеп өлгөн бир жоочунун аялы эки баласы менен колго түшүрүлгөн. Атын атагысы келбеген ал аял «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, Өзбекстандын Анжиян облусундагы Ханабат шаарынан келишкенин, күйөөсүнүн жанында куралдар болгонунан кабары жоктугун билдирди.

Антитеррордук операция учурунда өлтүрүлгөн үч адамдын экөөсү мурда алты жолу соттолгон экен. Бул жөнүндө маалыматты “Азаттыкка” Өзгөн райондук милициянын жетекчиси Курсант Асанов билдирди.

Азыркы учурда күч органдары жоочулардын кыргыз жерине кандайча өтүп келгендиги, алардын кандайча көз жаздымда калгандыгын териштирип жатышат.

Өзгөндө жок кылынган топтун жакында эле Жалал-Абад шаарында жок кылынган жоочулар менен байланышы бар экендиги айтылууда. Жоочулар жашырынып жаткан үйдөн табылган спорттук кийимдер Жалал-Абаддагы жоочулардын кийимдери менен окшош чыгууда.

Иликтөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу күч органдары азырынча кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартышууда.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Акбар каяктан: РФ
28.06.2009 18:59
Бул окуяларды ГКНБ документтештирип,фото-видеого тартып,атайын пресс-конф.өткөрүш керек!

кимден: insan
28.06.2009 16:55
bul korunush shayloonun aldinda chyr chygaaruu olkobuzdun ekonomikasin jana ar taraptuu ziyan tartuunu kaalagan? Dindi jamingan jaman adamdar arkiluu jasalishi mumkun/birok biz olkobuzdu tishky jana ichky dushmandardan dayim korgoshubuz kerek jana kiyinki muunga taza saktap berishibiz kerek

кимден: Марат.С каяктан: бишкек
28.06.2009 15:46
мунун бир айласын табыш керек.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)