Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:35

Эркиндик

Күнөөсүз күнөөлүүлөр

Балыкчыда шайлоодо чыккан жаңжалдан улам үч балалуу аял менен 24 жаштагы кыз эч күнөөсү жок болсо да, бир айга жакын убакыт камакта отурушат. Алар А. Атамбаевдин шайлоо штабында иштешкен, көчө акцияларына чыккан эмес.

Жамгырчиева Гүлмира - үч баланын энеси
Текст көлөмү - +
Камактагы Гульмира менен Жаркындын туугандары.
Оппозициядан президенттикке экс талапкер болгон А.Атамбаевдин тарапташтары 23-июль күнү шайлоонун акыйкат өтүшүн талап кылып, Балыкчы шаардык мэриясынын алдына келгенде, бир топторун милиция кармап кеткен эле. Бирок милиция кармап кеткен Гүлмира Жамгырчиева менен Жаркын Асанова ал жердеги нааразылыкка чыкпаганын жакындары ырастады.

Жаркын Асанованын энеси Зина Орозбекова.
-Менин кызым Жаркын Атамбаевдин штабында кагаздар менен эле иштечү. Ал митингге чыкпай офисте отурса эле милициялар кагаздарын аңтарып, өзүн кошо салып кетиптир. Биз таппай 3 күн издеди. Милицияга келсек андай кыз камакта жок деп коюшкан. Качан гана ичинде отургандардын туугандары аркылуу билсек, 23-дө күнү эле камаган экен. 26-августта кийимдерин, тамак-аш алып алып кайра милицияга келсек Каракол сизосуна которулду дешти.Ошентип, ыйлап калып калдым... 1984-жылы 24-ноябрда төрөлгөн. Көкүрөк күчүгүм, кенже кызым,- дейт Жаркындын энеси Зина Орозбекова.

25 жашка чыга элек Жаркын Асанова медициналык орто окуу жайды аяктап, жумуш ордун таппагандан өз адистиги менен иштеген эмес. Компютерде иштеп, корей тилин өздөштүргөндөн кийин Атамбаевдин Балыкчы шаарындагы штабына жумушка орношкон.Турмуш кура элек.

Ал эми жашы элүүлөргө чамалап калган, үч баланын энеси Гүлмира Жамгырчиева Балыкчы шаарындагы №3 шайлоо участкасында А.Атамбаевдин ишенимдүү өкүлү болгон. Ал добуш уурдалып атканы боюнча акт түзүп,  №3 шайлоо комиссиясынын төрагасы Замир Абдыкеримовго кайрылганда, аны милицияга салып бергенин камалардан мурда "Азаттыкка" айтканы бар.

-Ал милицияны чакырып, буйрук берди эле, 2 милиция колумду толгоп машинага салды. Мына көгала жерлеримди экспертизадан өткөрттүм.

- Эмне негиз менен сизге күч колдонду?

- Ордуңан турбай бир жерге отур дейт. Байкоочуларды комиссия менен шайлоо баракчасын салган урнадан алыс жайгаштырып коюптур. Басып барып карамайынча каалаганын жасап атышты.

Гүлмира Жамгырчиеваны күч органдары шайлоого тоскоолдук келтирип атасың деген кине менен саат 10дон баштап прокуратурадан сурактан өткөргүчө түш оогон. Бул аралыкта башка участоктордо да шайлоо бурмаланып атканы дайын болуп, жарандар Балыкчы шаар мэриясынын алдына нааразылыкка чыккан. Бул учурда Жамгырчиева суракта отургандыктан ошол боюнча камакта калган. Демек ал Балыкчы окуясында алгачкы камалган активист.

Жамгырчиеванын сиңдиси Гүлай анын үй-бүлөсүнө бушайман:

- Эми үй- бүлөсү э мне болот?! Улуу кызы турмушта, кичүүсү энеси камалган убакта Бишкекте ооруканада эле, жакында сентябрда башынан операция болот. Турмуш деп кичине иштеп жүрдү эле эми кесилип кетеби? Жолдошу да эптеп эле жүрөт.

Жамгырчиеванын жолдошу Кубат Балыкчы шаарында такси айдап тирлик кылып атканын айтты. Гүлмира айым буга чейин автотранспорт, корей ишканаларында иштеп кетиптир. Жумушсуз жүргөндө А.Атамбевдин ишенимдүү өкүлү болуп иштөөгө макул болгон.

Энеси 27 күндөн бери камакта жатканына кичүү кызы Дилана өзгөчө кейип жатат:

- Апам Балыкчыга которулганда кирип чыккам. Абалы оор эле экен. Жүрөгү ооруп, ийне сайып веналары жарылыптыр. Башы да. Дубинка менен сабады деп өзү айтты. Бир эле жука кофтасы менен кетиптир, кийимдерин берсек аны да убагында албаптыр.

Шайлоонун арты менен камакта жаткандардын абалы, алардын саны боюнча так маалымат берилбей атат. Айрым булактар боюнча камактагылардын көрсөтмөлөрүнө жараша дагы адамдар камакка алынганы айтылууда.

Бирок алардын жакындары менен жактоочулары ашыкча маалымат берүүдөн чочулап атат. “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Т.Исмаилова бул ишти коомчулукка дайыма ачыктап турган жактоочу иштей турганын билдирди.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Angel каяктан: Bishkek
14.09.2009 10:57
туура эмес, эмне аларды эч кандай так айыптоолору жок эле болбогон бир "көчө жүрүштөрүндө басышкан жана шайлоо болгон участканын ишине тоскоолдук кылды "деген айыптоону коюп аларды абакта кармашты бул өзү негизсиз айыптоо, биринчиден: буга дейре эч ким Акаевдин убагындагы жөө жүрүш кылгандарды камакка алган эмес,а эскерте кетчү нерсе ал көчө жүрүшүндө эмне гана болду эле ал тарыхый архивдерде Кыргызстанды бүт ааламга коңшулаш өлкөлөргө абийирибизди аштай төккөн жөө жүрүш болуп сакталып кала берет, ага салыштырмалуу бул шайлоодо карапайым эл жөн гана шайлоо участкасына келген байкоочу катары жана өз добуштарын бергенден кийин шайлоо тууралуу өз ара сүйлөшүүлөр болгон эмне эми өз жерибизде өз элибиз бири-бири менен кен кесири туруп пикир алмашса да болбой калганбы? бул эмне деген кырдаал болуп баратат өлкөбүздө минтип отурса жакынкы 5 жылдын ичинде жарадардын 30 проценти эмигрант болуп чет өлкөлөргө кете беришет себеби бул жак менен ал жактын айырмасы жок болуп баратат, бар болгону ал жакта эмгек маянасы көбүрөк болгону болбосо, жана өз убагында алганы болбосо. бул биринчиден ал эми экинчиден иш ордунда отурган иш убагындагы жарандарды кыстап кыйнап матап алып кетиш жана ал тууралуу сот тарабынан же орган тарабынан туугандарына кабарланылбай эле аларга карата иш козголушу бул соттук-административдик тараптын одоно катачылыгы деп эсептесек болот. доказательство жок да алардын ошол алар атаган "тартип буузуга багытталып пландаштырылган жөө жүрүштө жүргөндүгү!!! жана ким билет алар азыр ушул тапта кандай ахывалда отургандыгы, кээ бирөөнүн ден-соолугу болбой иш мыйзам чегинде каралып чыкканча эле алар өздөрүн сот залында мындан ары өздөрүн кандай ахывалга жеткирерин. бул жерде милиция кызматкерлерине "рахмат" айтсак болот, алар болбосо мүмкүн алар ушул күндө ден-соолугуна нааразычылыктарын билдиришмек эмес болуш керек. жана эмненин негизинде аларды которуп атышат, эмне алар өтө коркунучтуу адам өмүрүнө коркунучтуу деп эсептелген кылмышкерлерби? жөн гана карапайым калк, өз билдирип шайлоого келеген инсандар, ойлонгула кийинки шайлоодо участкага минтип отурса адам келип добуш береби? менимче аларга баары бир болуп такыр эле келбей калышат, да баягыл эле дежурный мам.жумушта иштегендер келип өз милдеттеринен кутулуп кетишет, а бул мамлектеттин дүйнөлүк деңгээлдеги даражадан төмөндөгөнү.андан ары сөздү улантуунун кажети жок, аны өзүңүздөр бир саамга ойлоп көрүп түшүнөөрсүз. сөздүн кыскасы аларды эмдигиче камакта кармадоо, адам өлтүрбөсө уурулук кылбаса, жана негизсиз убакыт созуп аларды кыйногоо аларда укук жок, анан калса мурун сотко тарылбаган жарандар болсо андан бетер иш жеңил эле болуп турат. кайда баратат Кыргызстан, ойлон Кыргыз элим!!! ушул келечекти каалайсыңбы келечек балдарыңа?..

кимден: Бомбей каяктан: Чүй
24.08.2009 22:40
Атамбаевге эми эч ким добуш бербейт,чыкпайт.Элдин каргышына калды!

кимден: Бакыт каяктан: Бишкек
24.08.2009 22:10
Революция кылам деп тантырагандар, силерди жоопко тартуу керек, башка ишиңер жокпу?

кимден: арс каяктан: франсия
24.08.2009 01:40
жогору тартсаң эшек өлөт, ылдый тартсаң араба сынат дечү беле мындайды? оппозиция өкмөт кайда барба мамайдын көрү болуп жаткан го

кимден: Yrysbek каяктан: asman
24.08.2009 00:33
Alymbek tuura aitasyz,biz sizdin sozgo koshulabyz,koldoibuz!

кимден: Алымбек каяктан: Москва
22.08.2009 20:11
Дагы бир жолу революция кылсакпы ыя, эл-журт кандай дейсиңер?

кимден: Аалы каяктан: Бишкек
21.08.2009 18:44
Атамбаев Турцияга баргыча, ушуларды чыгарбайбы? Уяты барбы?

кимден: кыргыз каяктан: Кыргызстан
21.08.2009 09:54
Эми ушул кылган нерсе тап такыр болбойт, же адам өлтүрүшпөсө, уурдап бирөөнүн оокатын албаса, чоңдор тап такыр эле адамдын укугун тебелеген болбойт Кыргызстан демократиялуу өлкө болгондон кийин баардыгын токтоолук менен иш кылыш керек да.

кимден: Кыргыз
21.08.2009 08:38
Кыргыздарды каалагандай башкарса боло берет экен.

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
21.08.2009 07:05
Мен дагы Кыкеге кошулам. Азыркы бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарып жаткан "Арзыматтардын" иштерин жазып (мүмкүнчүлүк болсо видеого тартып) факт кылып даярдап туруш керек, кийин убакыт келгенде өзүлөрүнө да ошол фактынын негизинде ошондой же эки эсе кылыш керек. Ошондо туура сот болот.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive