Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 11:50

Эркиндик

Ала качуу: Дагы бир кыйылган турмуш

Өткөн окуу жылынын аягында Таластын Талды-Булак айлында бүтүрүүчү кызды ала качып кетишкен. Анын айтымында, бул ала качууну мугалими уюштуруп, ишке ашырган.

Кыргызстанда кыз ала качуу мыйзам боюнча кылмыш катары эсептелет.
Текст көлөмү - +
2008-жылдын апрель айы. Талды-Булак айлындагы Бакай-Таш орто мектебинин 11-классынын окуучусу Чолпон Совхозбек кызы кадимкидей мектепке барып, бүтүрүүчү экзамендерге даярданып жаткан. Бир күнү сабактан англис тили мугалими сурап кетип, жардам берип койчу дегенде, ал бейкапар чыгып кеткен. Мугалими бейтааныш эки аял менен жолуктуруп, бул сенин болочок кайне эжелерин, сени биз алып кеткени жатабыз дегенде Чолпон, тынчсыздана, жакында турмушка чыккым келбейт деп айткан:

- Бирок эртеси күнү мени чон апамдын үйүнө бараткан жеримен мени анын (мугалимдин) иниси ала качып кетти. Бирок барганда мен отурган жокмун, себеби атам Бишкекке кеткен болчу. Анан кийин мени Тамара эженин үйүнө алпарышты. «Эжей, менин атам шаарга кеткен, апам оорукчан», - десем да болбой, «Алпара бергиле, мен жооп берем деп, мурдатан даяр турган балдарга салып берди. Мен кеткенден кийин ата-энем издеп барса, «Жок, аны көргөн эмесмин», - деп коюуптур. Алып барган жеримен болсо кыргыздын ырым-жырымын кылып, мени отургузуп коюушту.

Ушинтип курулган үй-бүлө көп өтпөй бузулуп кетти. Жаңы жылга жакындап калган кезде кайын журту кош бойлуу жаш келинди кетирип жиберген.

- Бир жумадан кийин кайне эжем мени кемсинте баштады. «Сенин эркек бир тууганын жок, сенин эне-атаң бизге тең эмес, керек болсо биз инибизге башка кыз деле алып берип коебуз, сени мал катары да көрбөйбүз», - деп айтып жүрдү. Кайын энем мага кол тийгизген учурлар да болгон, бирок мен чыдап жүрдүм. 22-декабрда жолдошум Бишкекке жөнөп кетти. Алты айлык боюмда бар эле. Ошондо алар: «Бизге мындай келиндин кереги жок, боюнда барлар үйүндө отурбайт бекен», - деп үйүмө кетирип жиберишти.

Азыр Чолпондун төрөтү жакындап калды. Чолпондун атасы Совхозбек Сыдыков кызынын ушундай тагдырына ала качууну уюштурган мугалим, Тамара Дүйшөбаева себепкер деп эсептеп, Чолпон көз жаргандан кийин ага чара көрүү жолдорун издээрин айтты:

- Мугалим болуп туруп, кылган ишине жооп бериши керек да. Мугалим мындай болуш керек эмес да.

Чолпондун ата-энеси аны эмне себептен дароо алып кетип калган жок деген суроо да туулат. Совхозбек Сыдыков буга «Кызыбыз отуруп калгандан кийин алып кете алган жопуз», -  деп жооп берди.

Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Нуржамал Кудакеева бул окуя тууралуу биринчи жолу биздин оозубуздан угуп жатканын, ата-энеси кызын дароо алып кетип, тиешелүү органдарга убагында кайрылса болмок деп айтты:

- Чолпон Совхозбек кызынын турмушка чыгып кеткенине биринчиден ата-энелери күнөөлүү болуш керек деп ойлойм. Себеби жашы 18ге жете элек, мектепти бүтө элек кызды эмне себептен отургузуп коюушат? Эгер чындап ала качып кеткен болсо, алар кызын кайра алып келип алышы керек эле. Кызын алып келгенден кийин бизге, билим берүү бөлүмүнө, же укук коргоо органдарына кайрылыш керек болчу. Ошондо алар кызды алып келип, кайра мектепке отургузууга болот болчу. Анан бир жыл өтүп кеткенден кийин алар эмне себептен минтип кайрылышып жатышат, мен билбейм.

Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиева да ала качуу жөнүндө мурда укпаганын, бирок Чолпон бүтүрүү экзамендерге келбегендиктен аттестатсыз калганын айтты. Ал эми мугалим Тамара Дүйшөбаева азыр кадимкидей иштеп жатат. Бирок аны менен байланышуу аракеттерден майнап чыккан жок. Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиеванын айтымында, мугалимди соттун чечими менен гана иштен четтетүүгө болот. Бирок алгач Чолпондун ата-энеси прокуратурага кайрылып, окуя иликтениши керек.

Белгилеп кетүүчү жагдай, Тамара Дүйшөбаева райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиеванын келини.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: BURUL каяктан: ANKARA
08.05.2009 18:26
mugalim kunooluu bul jerde.

кимден: Elnura каяктан: Chehia
28.04.2009 02:51
Bul jerde ala kachuuga sebepchi jana Cholpondun tuboluguno balta chapkan MUGALIM! jana ala kachan MYRZA! gana kunooluu. Cholpondu emne sebepten oturup kaldy, emnege ata - enesi bul maseleni kech kotorup chygat degen sozdorgo taptakyr koshulbaim! Bul akyikatsyz...!Oshol talkuulap jatkan, aitkan adamdar ozdorun Cholpondun ata - enesinin orduna koiso anan jooooop tabat... Chyndykty ech kachan jashyra albaisyn, b. a. AK IIILET, birok SYNBAIT emespi...
Cholpondun molturogon jashtygynyn synyshyna, togulgon koz jashtaryna ALAR jalgan duinodo da, Kudai aldynda joop beret. Ushul akylga syibagan ALA KACHUUDAN, adamdyn jan duinosu menen oinogon naadandyktan kachan kutulat ekenbiz... Cholpon bargan jerindegi en oor, kir atmosferadan erte kutulgany jakshy boluptur... Kudai buyrsa Cholpon oz jolun dagy da bolso tabat dep oiloim, sebebi, kyzdyn chyragy kyrk emespi...

кимден: Жайнагуль каяктан: Бишкек
27.04.2009 16:29
Менин турмушумда болгон окуяга окшош экен.....

кимден: Акбар каяктан: РФ
25.04.2009 04:13
Эң аянычтуу окуя! Ушундай адат качан кетет бизде! Тагдыр сынды ,кыз каалабаса,зордуктоо болду да! Кайсы молдо нике кыйды?

кимден: Kam каяктан: İstanbul
25.04.2009 03:40
Mugalim kunoolu,tartilish kerek joopko. Kyzdar tovar emes! Ala kachuu salt emes!

кимден: Пархат каяктан: Бишкек
24.04.2009 22:02
Бул жашоодо ар бир кылган ишине жооп беришиң керек, эгерде бул дүйнөдө болбосо аркы дүйнөдө сөзсүз колуң менен кылган күнөөнү мойнуң мене тартасың! Ал эми кыздын тагдыры бузулганына чындыгында ичим ачышып турат!

кимден: Венера каяктан: Ош
23.04.2009 10:23
Адам-биринчи кандай гана иш кылбасын, ошол иш боюча ойлонуп, кийинкиси кандай болот анализ жүргүзүп көрүшү керек. Анан ал эжей Чолпонду ала-качтыраардын алдында өз кызын Чолпондун ордуна коюшу керек болчу. Мына ошондо мындай чыр чатак болушу мүмкүн эмес эле!

кимден: Aida каяктан: America
22.04.2009 19:13
Adamdyn turmushun chechkendei al mugalimdin kandai akysy bar........andai akmaktardy eldin aldyna alyp chygyp uiat kylysh kerek......

кимден: жоробек каяктан: теңыртоо
22.04.2009 18:06
кыздардын тагтыры менен ойношкондук улуттун тагтыры менен ойношкондук. окуучусун мал катары караган окутуучу чыныгы окутуучу есептелбейт.

кимден: Патриот
20.04.2009 11:44
Ошол мугалим аял өзү аял болуп туруп жалпы аял затынын укугун тебелеген менен барабар. Өзү аял болбосо дагы бир жөн эле. Далил болсо мугалимди соттош керек кыскасы.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)