Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Экономика

Жаңы ГЭС: биринчи агрегат ишке кирди

Камбар-Ата-2 ГЭСи
Жарыяланган учуру: 31.08.2010

«Камбар-Ата – 2» ГЭСинин 1-агрегаты кыргыз кыйын экономикалык жагдайды башынан кечирип жаткан учурда ишке киргизилди. Ачылыш салтанатында ГЭСтин 2-3-агрегаттары качан ишке ашырылары, аларга каражат бөлүнөр-бөлүнбөсү айтылган жок.

 Жыйында ушу тапта Кыргызстан Орусия менен «Камбар-Ата –1» ГЭСинин курулушу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалды.

“Албуут Нарын буулду”
Президент Роза Отунбаева Камбар-Ата-2 ГЭСинин ачылышында

“Камбар-Ата – 2” ГЭСинин 1-агрегатынын ишке кириш салтанатында сүйлөгөн президент Роза Отунбаева энергетика тоо-кен тармагы экөө кыргыз экономикасында маанилүү орунду ээлей тургандыгын белгилеп, өкмөттүн эмки максаты “Камбар-Ата – 1” ГЭС курулушуна каражат табууга жумшалып жатканына токтолду.

- Орусия менен бирге “Камбар-Ата –1” ГЭСинин курулушун кайра улантуу жөнүндө сүйлөшүүлөр улантылып жатат. Мына жакында алардын өкүлдөрү келет. Жогорку деңгээлде ошондой сүйлөшүүлөр башталат.

Президент ошондой эле жаңы ГЭС курулушу башталганга чейин эле эл аралык экспертиза өткөрүү талабын такай коюп келаткан Өзбекстанды камтама кылган маселеге да токтолуп, “Камбар-Ата -1” ГЭС долбоору эл аралык экспертизадан сөзсүз өткөрүлө тургандыгын ырастады.

Кыргызстандагы эң ири “Камбар-Ата – 1” ГЭСи ушу тапта 1-агрегаты ишке киргизилип жаткан “Камбар-Ата – 2” ГЭСинен 11 чакырым өйдөрөк ошол эле Нарын дарыясына курулат. Ал эми “Камбар-Ата –2” ГЭСинин кубаттуулугу 360 мегаВат. ГЭС курулушунда иштеген адистердин айтуусунда, жаңы ГЭСте үч агрегат иштейт.

- 360, үч агрегат, 120. Өзүнүн суу сактагычы бар. Ошону менен кармала берет.

- Анан суу өйдөтөн төмөн агып түшүшү керек да?

- Антпесе муну айландыра албайсыз. Сөзсүз шаркыратма болуш керек. 50 – 60 метр. Шаркыратма 10 метр, 12 метрден өйдө болсо боло берет. Орусияда суу агып түшчү бийиктик 11 эле метр, бирок 24 гидроагрегат. Саратов, Волга ГЭСтери ошондой. 12 – 16 метрден түшөт.

- Бизде адистердин көбү чет өлкөлөргө кетип калышты дешет, чын эле кетип калыштыбы?

- Ооба, көбү кетип калды. Каржы жагы жакшы болсо бул жерге келип эле иштешет.

Дарыя бойлогон курулуштар планы

Камбар-Ата-2 ГЭСи

Союз кезинде Кыргызстандын гидроэнергетикалык кубаттуулугу 140 миллиард киловат саат электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги айтылып келген. Айтылып эле тим болбой ал кезде “Токтогул” ГЭС катарында дарыянын төмөнкү агымында “Үчкоргон”, “Шамалды-Сай”, “Күрп-Сай”, “Таш-Көмүр” ГЭСтери курулган. Ал эми Камбар-Ата – 1, 2, 3 ГЭСтеринин курулушу эгемен Кыргызстан энчисине тийүүдө. Булардан жогору карай дагы жыйырмадан ашуун ири, орто, чакан гидрокурулуштар курулушу керектигин энергетиктер белгилеп келатышат.

Ошол эле “Камбар-Ата –2” ГЭСинин 1-агрегатын ишке киргизүү аземинде президент Роза Отунбаева энергетика тармагын 2025-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясына ылайык Нарындын жогорку алабында жаңы ГЭСтердин курулуш долбоорлору жасала тургандыгын кабарлады.

- “Камбар-Ата –1” ГЭСинен жогору Нарын ГЭС катарында “Акбулуң” ГЭСинин, “Жылан-Арык” ГЭСинин долбоорлору иштелип чыкмакчы.

“Камбар-Ата –2” ГЭСи - Кыргызстан эгемендиги тушунда өз күчү менен куруп жаткан эң ири энергетикалык долбоор. Кийинкилери азырынча болочок иштер, чет эл инвестициясына көз каранды келечек пландар гана.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
    Алдыга 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: белгисиз каяктан: Кытай
03.09.2010 21:55
Бакиев, Бакиев деп эле Бакиевди жактайсыңар, кана жакшы падыша болсо ишин аягына чыгарбайт беле, жакшы ПАДЫША болсо ким эле куусун, ким эле жек көрсүн, тескерисинче бизге падыша болуудан баш тартпа деп жалынбайбы. Бакиевдин кеткени деле Кудайдын буйругу болду. Кудай каалагандыктан Бакиев кетти.

кимден: Ай каяктан: Жунго
03.09.2010 21:44
Алга Роза эже!
Жыргаганынан ачты дейсиңнрби, тескерисинче кубанбайсыңарбы Бакиевдин жарты чеке калак баш кылып, аягына чыгарбаган ишти улантып кеткенине, эми Акаев менен Бакиевдин жакшылык кылганы бар, бирок жаман иштери ашып түшкөнү жанды кейитет.
Акаев келгенде четти жеген, Бакиев болсо четти дагы ичти дагы мындайчы айтканда элдин дасторконун жеген. Акаев болсо качса дагы кан төккөн эмес, Бакиев кан төккөн. Маркумдардын каны Бакиевдин тукумун жөн жашатпайт го, Отунбаева болсо кантсе дагы аялзаты го, энелик жүрөгү бар го, боор тартаар.

кимден: kyke каяктан: бишкек
03.09.2010 20:48
точно иштеп жатабы же....угушумча ГЭСте дагы 3-4айлык жумуш бар,агрегат холостой эле иштеп жатат,элди паника кылбас учун эле ачып койгон дейт.Чынбы,ким билет....

кимден: кундуз каяктан: ош
03.09.2010 16:47
Мен айтар элем шеринеге жазгандарга туура жол тандап жазсанар жакшы болмок Акаевдин убагында бар нерселер талкаланып жок болуп кеткен . Ал эми Президент Бакиев Курманбек Салиевич курулуштарды курдурду көзөмөл жакшы болуп жаткан кайдандыр" БЕШ КАМАН" чыгып бузуп жиберди. кандай кылалы эми мындан ары бир кудай билет.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
03.09.2010 14:09
Эшек иштеп, ат жейт деген ушу.

кимден: Асыл каяктан: Ош
01.09.2010 15:56
Биз коп нерсени анализ кылбай эле суйлой бербейли туугандар!!! ар турдуу ушактарды угуп алып эле ал андай бул мындай деп. Бакиевдер курса алар элге эмес озунун кызыкчылыгы учун курган. Роза эженин кылган жумуштары ото айрымаланып турат. Кадамжайдагы ыргызстандын териториясында турган Нефти базаны, газ сакточу жайды кыргызстан озу иштетсин деген буйрук чыгарды, мындай буйрукту эзилме Акаев д былык Бакиев да чыгарыштан корккон. Ошол эле учурда алардын кол тийбестигин алып салды, Роза Отунбаева азаматсыз!!! Политиканы тушуунгон, оздору анализ кылган башы барлар сизди колдой!!! Ал эми озунун позициясы жок, ушак менен алек болгон, ушактын кулдары колдобой эле койушсун. алар баары бир эч нерсени озгорто албайт. Сизге узун омур ден соолук каалаймын.!!!

кимден: Кыргыз каяктан: МОСКВА
01.09.2010 15:42
Акайдын коментарийине жооп. Бакиев курулуштарды курду го бирок ал эл учун эмес озу учун курган. ал курулуштарды жаны окмот мамлекетке менчитештирип салды. Бакиевдин козун май басып алган эле. Бул киши керек болсо стратегиялык обьектилдеди да сатып менчиктештирип баштабады эле. Север электро ТЭЦ, Телеком. ал эми бул обьектилер дунуйолук практикада дайым малекеттин эсебинде болгон. Ушулардан эле билсек болот го Бакиевдин акмактыгын.Баиевдин баласы Максим, менин 5 миллион коюм бар деп жургону деле анык. дагы эле кой болуп журо бербейличи сураныч туугандар.

кимден: Акай каяктан: Ош
01.09.2010 14:17
Окурмандар Адамдын жакшы сапата м-н жаман дагы сапаты бар Бирок мен айтар элем Бакиев учурунда коп эле курулуш баштап жана бутурду.(мис.заманбап мектеп, коп кабаттуу уйлор кичи завод) а Акаевчи бар нерсени сатып кетти.Бакиевтин куносу балдары жана тугандарын ишке орноштурганы. айтарым жаман жагын эле эмес жакшы жагын дагы айтышыбыз керек.Эми убакыт алдыда Отунбаева эмне кыларын.

кимден: МИР каяктан: КЫРГЫЗСТАН
01.09.2010 13:48
Кыргызстанга кучтуу падыша болмойунча онугу кыйын.БАКИЕВДИ кордук,кантип келсе ошондой кетти.бул бийлик да ошондой болушу мункун.бул бийлик курал менен чыгып,дуйно элине кыргыздардын аброюн авторитетин тушуруп дуйно жузуно мыкачы кылып корсотту. бизге митинк м/н келген эмес, эл ишенип маданияту шайлап колдогон ПАДЫША болгондо гана ийгилике жетишебиз. Геске келсек мурда эле курулуп жаткан. ОТУНБАЕВА барса барбаса ачылмак.

кимден: Нурдин каяктан: Бишкек
01.09.2010 10:27
бакиев (атын чон тамга менен жазбайм) Кыргызстанды жеп-ичип, тоноп, эрке талтан баласын чокусуна чыгарып, олкону инилерине башкартпаганда, андан кийин Кыргызстандан дыргаяктап качпаганда бул ГЭСти озу эле ачмак.
    Алдыга 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +