Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Маданият / Кыргыз маданий турмушу

Саламат Садыкова Киев менен Тайванда жеке концертин берет

02.07.2009
Фатима Абдалова

Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова Сеулда өткөн “Азия маданияты” фестивалында “Азия маданияты” ассоциациясынын атайын өкүлү” наамын алып келди. Алдыда ырчы жеке концерттери менен Украинага жана Тайванга сапар алмакчы.

- Саламат айым, Сеулда концертиңиз кандай өттү?

- Бул фестивалга жалаң Азия маданияты камтылыптыр, ар кандай тармактары менен. Мен бул фестивалга, албетте, чебер катары катыштым. Фестивалдан “Азия маданияты” ассоциациясынын атайын өкүлү” деген наам менен кайттым. Эми Азия маданиятына байланыштуу кай жерде кандай иш чара өтпөсүн, мен ага катышам.

- Сиз айрыкча кийинки учурда чет жактарга жеке концертиңиз менен көп чыгып жатасыз. Мурда, албетте, “Камбаркан” менен чыкчусуз. Чет жактарда жеке концерттериңиз кантип ишке ашып жатат?

- Ушунча жыл безенип бекер ырдабаган экенмин. Азыр менин атым дүйнөлүк чоң сайттарда турат. Фольклор дүйнөсүндө мени дүйнөдө жакшы билишет. Сайт аркылуу эле алар мага кайрылышып, макулдугумду сурашат. Ошентип көптөгөн өлкөлөрдө мен Кыргызстандын маданиятын көрсөтүп келем. Айрымдары мага гонорар да төлөп турушат.

- Учурда кандай жаңы чыгарманын үстүндө иштеп жатасыз?

- Мен өзүмдү мекенчил патриот ырчы деп эсептейм. Репертуарымда мындай ырлар абдан көп. Ушундай темадагы адеп ырдап баштаган ырларымды кайрадан дагы бир жолу карап, иштеп чыксамбы деп жатам.

- Алдыда сизди дагы кандай чыгармачылык сапарлар күтүүдө?

- Июлдун аяк ченинде Украинанын борбору Киевде жеке концертим өтөт. Бул чакыруу мага бир жыл мурда эле келген. Мен былтыр Испанияда өткөн “Дүйнөлүк фольклор чеберлеринин” фестивалына катышпадым беле. Ошондо бул чакыруу тууралу сөз болгон. Анын артынан эле көп узабай, Тайванга жеке концертим менен сапар алам. 

-  Маегиңизге ырахмат, Саламат айым.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Розаалия каяктан: Германия
05.07.2009 18:21
Урматуу "Азаттык" Саламат эженин концерти качан болот экенин Так маалымдап койсоңуздар сонун болот эле. Баралы деп атканбыз биз Германияга Чакыралы деп атканбыз. Биз Саламат эжени сыйлайбыз жана талантын Адамгерчилигин баалайбыз.

кимден: Бакыт каяктан: Лондон, Улуу Британия
03.07.2009 22:13
Урматтуу "Азаттык"! Саламат айымдын Киевдеги концерти кайсы күнү өтө турганын маалымдап койсоңуз сонун болмок. Британиядагы кыргыздар көптөн бери Саламат эжени Лондондо күтөбүз. Киев калаасы богону үч саат учуу алыстыкта, так күнүн билсек, британ кыргыздары сөзсүз барабыз. Ал эми Саламат айымга албан-албан ийгилик!
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)