Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Жаңырган жуманын маданий окуялары


Кыргыз циркинде индия пилдеринин оюн-зоогу өтүүдө. Улуттук филармонияда “Камбаркан” фольклордук этнографиялык тобунун концерти болот.

  • Бул жумада Муса Жангазиев атындагы куурчак театры Бишкектеги жана анын чет жакаларындагы, бала-бакча, мектептерди кыдырып, оюндарын тартуулайт. Аталган театрдан кабарлашкандай бул жолу артисттер “Каардуу абышка” аттуу жомогун көрсөтүшөт.

  • 24-февралда улуттук филармонияда К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин концерти өтөт. Кеченин программасында кыргыз композиторлору Муса Баетов, Насыр Давлесов, Сардарбек Жумалиевдин жана Моцарт, Бизе, Брамс сыяктуу дүйнөлүк классиктердин чыгармалары жаңырат.

  • 28-февралда “Камбаркан” фольклордук этнографиялык тобунун концерти болот. Топтун жетекчиси Рысбек Жумакунов кабарлагандай, салтка айланган, ар айда өтүүчү отчеттук кечеде улуттук аспаптардын коштоосунда чыгармалар тартууланмакчы.

  • Аптанын шаршембисинде Ч. Айтматов атындагы орус драма театрында кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, анын алкагында Лопе Де Веганны “Айлакер сүйүшкөндөр” комедиясы тартууланат. Аны менен катар эле театр күйөрмандары аталган театрдан Шекспирдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган, махабатты даңазалаган “Ромео менен Жульета” спектаклине күбө болушат.

  • Кыргыз циркинде индия пилдеринин оюн-зоогу өтүүдө. Программадан ошондой эле көрүүчүлөр акробаттардын, гимнасттардын жана маскарапоздордун номерлерине күбө болушат. Четтен келген артисттердин оюну 14-мартка чейин созулат.

  • 26-февралдан тарта 2-мартка чейин эл аралык жарманке көргөзмөсү өтөт. Анда жеңил өнөр жай буюмдары коюлат.

  • Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде казак сүрөтчүсү Бахыт Бапишевдин жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда автордун 100дөн ашуун живопись эмгектери коюлган.

  • Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде Виктор Полынскийдин “Жүрөгүм менен көрөм” аттуу көргөзмөсү өтүүдө. Анда 200дөн ашуун эмгек коюлган. Ал иштер ар кыл тармакты аркалаган, түрдүү курактагы инсандар тарабынан тартылган.
XS
SM
MD
LG