Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 19:55

Саясат

Экономикалык мунапыс: кимге, канча?

Убактылуу өкмөт мурдагы бийлик тушунда экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс жарыялоодо. Мамлекетке ири өлчөмдө материалдык, каржылык зыян алып келгендер атайын комиссия аныктаган акчаны төлөп берсе сот жоопкерчилигинен бошотулуп, беш жылга чейин жооптуу кызматка жолобос болушат.

Азырынча мурдагы бийлик тушунда өлкөгө экономикалык зыян алып келгендердин саны канча, келтирилген зыян өлчөмү кандай экендиги тууралуу так маалымат жок.
Текст көлөмү - +
Өкмөт мындай кадамга өлкө кабылган каржылык оор абалдан чыгыш үчүн барып жатканын айтууда.

Акча кайтаруунун дагы бир аргасы

Кийинки ай башына чейин иштей турган президент жарлыгы “Экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс берүү жөнүндө” деп аталат. Азырынча мурдагы бийлик тушунда өлкөгө экономикалык зыян алып келгендердин саны канча, келтирилген зыян өлчөмү кандай экендиги тууралуу так маалымат жок. Мурунку бийлик жетекчилеринин көбүнө кылмыш иштери козголуп, издөө жарыяланып, миллиондогон сомдордун дарек-дайны иликтенип жатканы жайында экен-токондо өткөрүлгөн маалымат жыйындарында гана кабарланып келатканы болбосо коррупция токоюун карааны дагыле барандуу турат. Камакка алынып же үйүнөн сыртка чыкпай отургандар арасынан, болбосо из жашырын качып жүргөндөрдүн канчасы келтирген зыяндарынын ордун толтуруп, акчасын кайтарып беришке макул болору да азырынча белгисиз.
 Министрлерди көрдүм. 200 миң долларга жип машинесин сатып алышыптыр. Жөнөкөй министрлер, 400 доллар айлыгы барлар. Эми алардын канчалык жегенин ким айтып чыгат?  Ө. Абдырахманов

Өлкөнүн экономикалык абалынан улам апыл-тапыл чыга калган жаңы мунапыстын тагдыры ошол эле Курманбек Бакиевдин тушунда кабыл алынган каржылык мунапыс мыйзамынын кейпине түшүп калбайбы суроосу да турат. Белгилүү коомдук ишмер Өмүрбек Абдырахмановдун пикиринде, мурдагы бийлик тушунда экономикалык кылмыш жасагандарга минтип мунапыс жарыялоо саясаты жаңылардын принциптен тайып баратканын гана көрсөтчү көрүнүш. Буга чейин коммунисттердин, андан соң акаевчилердин, эми болсо бакиевчилердин кылган иштерине саясий баа берилген жок. Мунун натыйжасы системадагы болгон кемчиликтин баарын бир кишиге жүктөп салып, калгандары мурдагысындай эле жооптуу кызматтарды ээлеп калышына алып келүүдө.

- Министрлерди көрдүм. 200 миң долларга жип машинесин сатып алышыптыр. Жөнөкөй министрлер, 400 доллар айлыгы барлар. Эми алардын канчалык жегенин ким айтып чыгат? Эч кандай тергөө жүрбөй, текшерилбей, коомдук пикир жаралбай, анан ага мунапыс берип койсо бул деген саясий принциптин жоктугу, саясий багыттын жоктугу болот. Бул баягы эле эски турмушка келебиз, бийлик алсак эле болду, деген макулчул позицияны түшүндүрөт. Мындан эч кандай жыйынтык чыкпайт.

Эскилер менен жаңылардын чөнтөк тиреши

Бийлик алмашылгандан кийин мурункуларды кодулап, кыйласына кылмыш иш ачып, дүйнө-мүлкүн кийинкилердин тартып алышы Кыргызстан үчүн жаңылык деле эмес. 2005-жылкы төңкөрүштөн кийин А.Акаевдин жакындарынын жыйган-тергенин К.Бакиевдин жанындагылардын тартып алышы көпчүлүктүн көз алдында өткөн. Бул ирет да Бакиевдерге тиешелүү делген дүйнө-мүлктүн кыйласы мамлекет ээлигине өткөрүлүп, калгандарынын маселеси азырынча арасат калууда.

Белгилүү ишкер Чапырашты Базарбаев экономикалык мунапыс айла жоктон жасалып жаткан иш деп эсептейт. Анын айтуусунда, эгемендик тушунда экономикалык оор кылмыштары үчүн катуу бир да жетекчи жоопко тартыла элек.

- Мунун баарын сот, прокуратура, тергөөчүлөр өздөрүнчө мамлекеттин акчасын тиги кишиден сыгып алышат. Анан ал шарттуу түрдө же сотто далилденбегени үчүн деген сөздөр менен шылтоолонуп чыгып кетип жатат. Бул эми айласыздан болуп жаткан иш. Бирок “жегениңди кусуп берсең ошол замат жоопкерчиликтен бошоносуң”, дегендин өзү тигилерге жол ачкандык болуп жатпайбы.

Бир айга жакын убакыт ичинде экономикалык кылмыштарга шектүү делгендердин текши баары курун мойнуна илип, кимдин канча акча төлөрүн аныктачу комиссия алдына келеби же баштатан келаткан көнүмүшкө салып тааныш-тамыр, илик-жарманы ошол эле күч кызматтардын өзүнөн издейби – бул суроо да азырынча ачык калууда. Анткен менен экономикалык кылмыш жасагандарды чөнтөгү аркылуу жазалоону жактоочулар деле биртоп. Президент Роза Отунбаева экономикалык мунапысты мамлекеттин уурдалган акчасын өз ордуна тынч-аман кайтарып алуу аргасы катары мүнөздөйт. Мамлекет бюджетин толтуруу үчүн өкмөт эми мунапыстан башка дагы кандай арга издейт болду экен?
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: профессор каяктан: Кант
07.09.2010 13:16
Ө.Абдыракманов туура айтат министрлер 200миң долларга джип минип жүрөт деп, Лозунг гезити 01.09.10 санында жазып чыкпадыбы саламатык сактоо министри С,Абдикаримов 200миң доллар берип министр болуптур деп. Анысы аз келгенсип мурдаагы ордун да эч кимге бербей кележатканы эмнени канкуулайт.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.09.2010 18:24
Ур-рууу. Нариманды наконец-то кармашыптыр. Мер болуп турганда блатной болуп кетти эле.

кимден: Илияс Сексенбай, серепчи каяктан: Бишкек
06.09.2010 17:46
Мунапыс жөнүндөгү Р.Отунбаеванын Жарлыгы кабыл алынды.Бирок мунун механизмдери кандай жол менен ишке ашырылат, кеп ушунда. Өзүн уурумун, элдин, мамлекеттин казынасына кол салганмын мени кечиргиле деген азаматтын чыгышы кыйын.Андыктан бул маселени кылмыш ишин козгоо этабында эле ишке ашырса натыйжасын кичне болсо да бермек, же болбосо кийинкилерге сабак болмок.

кимден: Аскат каяктан: Ош
06.09.2010 17:16
Акаев акыйтып кетти кыргызды, Бакиев бакыртып кетти кыргызды, эми Отунбаева баарыбызга отун жагып орттоп кетет окшойт. Ош ансыз деле Отунбаева келгенден кийин орттонуп бутту. Бул кыргыздын бешенесине бир акыл-эстуу,таза ажону жаздыбы экен? Же кыйналган кыргыз кыйналып журуп отобу? Чыдабагандар Россия, Казакстанды коздой эптеп качып, пропискаланып алышты. Кыргызстанда акыры коррупционер,паракор байлар анан кедейлер гана калат окшойт. Мен да кайда качып кетууну билбей журом. Келечекти карасам тоннелдин аягы такыр корунбой жатат. жалан гана карангылык. Качып эптеп башка жакка пропискага туруш керек болуп жатат,жок дегенде болочок балдарым дурусурак жашашсынчы. Менин чон-ата чон энем омур бою эмгектенип,ата-энем куну-туну иштеп жыргашкан жок, мен да жанталашып иштеп жыргап кетпедим,кийинки урпактарым жок дегенде жакшы жашоону корсун. ботон жерде болсо да. Эптеп тиричилик кылайын деп Ошто чакан кафем бар эле аны да орттоп тынышты. Кыргызстанда же курсак тойбойт, же тынч жашоо,тынч уйку жок. Жашоо болбой калды.

кимден: Баатыр каяктан: Москва
06.09.2010 17:04
Урматтуу туугандар!
Экономикалык кылмыштарга мунапысты окуган жокмун комментарийлерин окуп жатам. Негизинен туура, бирок Суммасын көрсөтүү керек. Тереңиреек, маанисин түшүнүп, Роза эжени анан күнөөлөсөк????

кимден: Максат
06.09.2010 17:00
Мунапыс жонундо мыйзамды Жогорку Кенеш гана кабыл ала алат, ал эми Отунбаванын бул Мунапыс жонундогу чечими кайра эле мыйзамсыз нерсе болуп эле калат. Бул азыркы акыйкатсыз бийликтин кезектеги эл аралык мыйзамдарды жана укуктук актыларды бузуусу.
Кыргызстан учун окуном.

кимден: Турдукожоев Сексенбай каяктан: Бишкек
06.09.2010 16:58
Эми бул амнистия айла кеткендеги иш болду.Чындап келгенде бул амнистияны ким ойлоп иштеп чыкса да таза эмес.Анткени баары бири-бири менен чиеленип байланышкан.Ким кепил боло алат, компенсациянын суммасын аныктаган комиссия адилет баа берип, төлөнүүчү каражаттын эсебин так эсептейт деп.Комиссиянын курамын да карап чыгуу керек.Акаев жана Бакиев бийлигине адилетүү бааны азыркы бийлик бере албайт, себеби булар ошол режимдин үрөнү.Ал режимдерге бааны келечек муун жана карт тарых берет.Р.Отунбаева айым бул Жарлыгыныз менен өзүнүздүн принцибиниз жоктугун далилдединиз.Элдин, мамлекеттин казынасына кол салган ууруларды сот жообуна тартып, катуу жазалоо керек эле.Силер аларды башынан сылап, акчаны төлөп кой да кенен жашай бер дейсинер.Мүмкүн ошол уурдалган акчалар, уурдалбай эл керегине жараганда биздин мекендештер курман болбойт эле, революция деген ажыдаар элибиздин тынчын албайт болчу.Ошол үчүн бул Жарлыкты жокко чыгарып, кайрадан казына ууруларына тоталдуу реппрессиялык аңчылыкты баштоо зарыл.Же болбосо кайран жаштардын, Оштогу Мекендештердин каны ушул үчүн төгүлдү беле.Ким жооп берет буга.

кимден: kyrgyz
06.09.2010 16:53

Патриоттор Ала-Тоодон, Москвадан туура айтат, Кыргызстанды ондой турган, тартипке алып келе турган Сталиндей каардуу киши керек болуп калды корунот. Коррупционер-паракорлор менен курошо турган кучтуу эл башчы керек, анпесе азыркы бийлик сатылып буттушту, булар деле элди жыргатпай калды корунот.

кимден: тока каяктан: Москва
06.09.2010 14:25
Андай кун кайда ичип-жегем элдин каражатынан пайда таап байыдым эле,эми эсиме келип мына кайра кайтарып бергени келдим -деп
бироо келет имиш,Эч качан эч ким келбейт дагы,ким эле болсо Бакиедин жактоочулары дайар турат имиш дагы,Бул мыйзам мыйыгынан кулгузуп койду корунот кайра аларды, Роза эжебиз мунун башка жагынан чыгып ойлонсо болмок экен,эженин агенттери анчалаык кыраан корунбойт толуп атат аларды кантип кустуруш мисалдын кобун колдонсо болот эле
жараткан эже бирок сизде жалгыз умут бар

кимден: Патриот каяктан: Москва
06.09.2010 14:08
Биздин чиновниктер менен кытай методу менен суйлошуш керек,башка айла калбады.жанагы эле Атамбаев Сариев Бекназаровдордун суйлошуулорун угуп оозум Ошту карап калды.Смертный казнь и все будет хорошо
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)