Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 10:17

Илим, билим берүү, IT

Алдыңкы окуучуларды президент куттуктады

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева тест сынагында алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен 52 бүтүрүүчүгө Ардак грамоталарды жана төрт миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды

Алтын сертификат ээлери
Текст көлөмү - +
Быйылкы окуу жылында 73 миң окуучу мектепти аяктап, чоң турмуш жолун карай бет алды. Бул бүтүрүүчүлөрдүн 30 миңден ашууну бүткүл республикалык тестке катышып өз мүмкүнчүлүктөрүн сынашты.

Эң жогорку упай топтоого жетишкен 52 окуучуга алтын сертификат ыйгарылды. Эми алар Кыргызстанда орун алган окуу жайлардын каалаганына тапшырып, жүрөгүнө жаккан адистик боюнча бюджеттик негизде билим ала алышат.

Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясынын окуучусу Айдан Кадырова 229 упай топтоп алтын сертификат ээси болду:

-Алтын сертификатка ээ болуп маанайым жакшы. Баардыгына чоң рахмат айтам. Бул салтанаттын катышуучуларынын жолу ачылып, чоң жетишкендиктерге ээ болушсун. Кыргызстандын башка аймактарындагы мектептерге да көңүл бурулса жакшы болот эле. Себеби, бүгүн алтын сертификат ээлеринин көпчүлүгү Бишкектен болушту. Ошондуктан аймактарга да колдоо зарыл болуп турат, - деди Айдана Кадырова.

Жалпы республикалык тестирлөөдө 225тен жогору упай топтогон окуучулар өзгөчөлөнгөн сертификат ээси болушту. Алардын көпчүлүк бөлүгүн Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү түзөт. Ошондой эле Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жогорку көрсөткүчкө жеткен окуучулар да болду. 8-июлда алдыңкы окуучуларга алтын сертификаттарды өлкө башчысы Роза Отунбаева өзү тапшырып, аларга куттуктоо сөзүн айтты.

-Сиздердин көпчүлүгүңөр өлкөдөгү жана чет мамлекеттеги алдыңкы окуу жайларда билим алууга татыктуусыңар. Мен силердин максатыңарга жетишиңерге тилектешмин. Кыргызстандагы билим берүү тармагындагы реформа ийгиликтүү жүрүп, убакыттын өтүшү менен биздин өлкөдө күчтүү ЖОЖдор жайгашса деген тилегим бар. Сиздер Кыргызстандагы алдынкы окуучуларсыңар. Сиздерди окутуп билим берген мугалимдериңерге да ыраазычылык билдирем. Бактылуу болгула, жолуңар шыдыр болсун!

Негизинен быйылкы окуу жылында үч миң бүтүрүүчү өзгөчө аттестатка ээ болушту. Ошол эле маалда жалпы республикалык тестке катышып, жогорку упайга жеткен окуучуларды өлкө университеттеринде беш миңге жакын бюджеттик орундар күтүүдө. Ар бир адистикке окуу сынактын негизинде жүргүзүлүп, эң жогорку көрсөткүчкө жеткендер мамлекеттин эсебинен билим алышат.

Республикалык тесттирлөөдө 225 упай топтогон Кант шаарынын №6 мектеп-гимназиясынын окуучусу Аманат Акилеев да алтын сертификат ээси болгон. Келечекте ал коомго пайда алып келген инсан болууну көздөйт:

-Бүгүнкү иш чара жакшы маанайда өттү. Мен азыр эмне айтаарымды билбей толкунданып турам. Мындай жетишкендигим үчүн биринчиден мугалимдериме, экинчиден мага таянаар тоо болгон апама ыраазычылыгымды билдирем. Алдыда чоң максаттарым бар. Кыргызстанга пайда алып келген инсан болсом жана ата-энеме жардам көрсөтсөм деген тилектемин. Учурда Кыргызстандын билим жааты өсүү жолунда деген ойдомун.

Республикалык тестирлөөдө көп упайга ээ болгондор каалаган окуу жайга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушса, орточо көрсөткүчкө жеткен окуучулар сынактык негизде университетке тапшырып, бюджеттик орунга илинүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Сапар каяктан: Бурса
09.07.2010 19:53
Чынында эжеке Роза Отунбаеванын мындай кечелерге катышып, өсүп келе жаткан жаш муундарга көңүл бөлүп, алардын турмушундагы эң сонун күндө колдоо көрсөтүп, келечектин ээлерин жетелеп, алардын алга умтулуусуна кайдыгер эмес экендигин даңазалап жатканы мактоого татыктуу. Андрей сенини президентти көрбөгөнсүп сураганыңды түшүнбөдүм. Же өзүңдүн өлкөңдүн башчысын тааныбайсынбы?
Эскерте кетчү нерсе жана басым жасалган кемчилик көрүнүп турат. Ал маселе өз Эне тилимдин колдоого муктаж болуп, оор абалда турганы. Анткени Кыргыз тили өзүнүн өлкөсүндө так сүйлөнбөйт. Алдагы кечени да жакшынакай кылып туруп, комуздун кошотоосунда Кыргыз Тилинде эле алып баршысы болмок. Эгер Орус тилин да сүйлөгөнгө туура келген болсо, эки тилдүү алып барбаптырсыңар. Кыргыз тилим качан өз ордун таап, эрежелерине ылайыкталып колдонулат экен? Антпесе жанагындай башта тилдүү туугандарыбызга уят болуп жүрө беребиз ...

кимден: Andrei каяктан: Bishkek
09.07.2010 03:27
A Gde Prezident.?

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)