Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

БЭК К.Бакиевди телеэрөөлгө чакырды

02.07.2009
Аманбек Жапаров

БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров шайлоо өнөктүгү мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын белгилеп, президентикке талапкерлер К.Бакиев менен А.Атамбаев экөөнү телетаймашка чыгарууну БШКга сунуштаганын билдирди.

БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров 2009-жылдын 23-июлу президенттик шайлоо күнү деп белгилениши укуктук жактан аныкталбаганын, бул шайлоо мөөнөтүндө өткөрүлүп жатабы же мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жатабы, бул суроого бир дагы мамлекеттик органдар жооп бербегенин билдирди. Анын пикиринде, бул маселе шайлоо бүткөндөн талаш-тартышты жаратып, «Бакиевдин мөөнөтү ушул 23-июлдан тартып башталып калышы мүмкүн».

А.Бекназаров ошондой эле Шайлоо Кодексинин 11-беренесинин 1-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы облустук, Бишкек, Ош шаарларынын шайлоо комиссияларынын курамын түзүшү керек. «Тилекке каршы, БШК Ош, Бишкек шаардык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнүн мөөнөтү бүтсө дагы алардын курамын жаңыртпай, токтомдун негизинде комиссиялардын укугун узартып койгону мыйзамды одоно бузгандык»,-дейт Бекназаров.

-Эгерде укуктук мамлекет болсо бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясын жоопко тартса болот. “Кызмат абалынан кыянаттык менен чегинен чыгып, аша чаап кетишти. Мыйзамды бузуп алардын укугун беш жылга узартып койду”,-деген. Бул чоң мыйзам бузуучулук, -деди Бекназаров.

Бул маселе боюнча СДП Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берип, Биринчи май райондук сотунда каралды.

“Бүгүн Биринчи май райондук соту БШК Шайлоо Кодексинин 11-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо участкаларынын курамын түзүү жана алардын укуктары жөнүндөгү мыйзамды бузгандыгы жөнүндөгү арызды карап, БШКнын өкүлүнүн пикирин жана биздин жүйөөлөрдү укту. Сот бул документ менен толук таанышып чыгуу үчүн соттук териштирүүнү 3-июлга жылдырды”,-деди жактоочу Галина Скрипкина.

Борбордук шайлоо комиссиясы өз кезегинде БЭКтин штаб башчысы менен СДПнын коюп жаткан дооматтарына моюн сунбай, аларды негизсиз деп четке кагууда.

БШК шайлоо өнөктүгүн мыйзамдын алкагында өткөрүү багытында алгылыктуу иштерди алып барууда. Үгүт иштери боюнча атайын жумушчу топ мыйзамдын бузулушуна жол бербөө үчүн катуу көзөмөл жүргүзүүдө”,-дейт БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов. -Облустук жана Бишкек, Ош шаардык комиссияларынын полномочиелери азыркы күнгө чейин бүтө элек. Анан Шайлоо Кодексинин 11-беренесинин 1-пунктунда шайлоо участкаларынын курамын түзүү жана алардын полномочиелери жөнүндө каралган. Ага ылайык жаңы курамы келгенден кийин гана эски курамынын полномочиеси бүтөт. Ошондуктан БЭКтин коюп жаткан дооматтары орунсуз.

Азимбек Бекназаров ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт иштери боюнча дагы Шайлоо Кодексинин бир катар беренелери бузулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, үгүт иштерине диний уюмдардын мүчөлөрү жана өкүлдөрү, укук коргоо, салык, бажы жана финансы органдарынын кызматкерлери, аскер кызматчылары катыша албайт, деп мыйзамда бадырайтып жазылып турса дагы, муну бийлик тескери колдонуп жатат.

-Бүгүн Бакиевдерге үгүт иштерин кимдер уюштуруп жатат. Бардыгы мамлекеттик кызматкерлер. Губернаторлорунан баштап, акимдер, салыкчы, милиция, соту жада калса прокурорлору үгүт иштерине катышып жатышат. Ошолорго урук-туугандарыңан беш-алтыдан киши алып келесиң деп план салып койгон. Мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик ресурсун пайдаланып жатат. Катчыларын кошуп, машинелерди, зданияларынан бери пайдаланып жатышат.

Бекназаров белгилегендей, Улуттук теле радиокрпорациясы, “5-канал”, мамлекеттик басылмалар жалаң бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышат.

Шайлоочулар кимдин-ким экенин ачык билиши үчүн талапкер Курманбек Бакиевди БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев менен телеайтышка чыгаруусун БШКдан суранабыз”,-деди Бекназаров.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Талант каяктан: KKK
07.07.2009 03:36
Жолдош Атамбаев сенде шанс жок.
Сен өзүңүн шансыңы Бакиевдин орденине сатыб жибергенсин.

кимден: Make каяктан: Турция
05.07.2009 03:41
К.Бакиев эгерде чындап эле өзүнө ишенсе жана президенттикке татыктуумун десе анда сөзсүз түрдө А.Атамбаев менен теледебатка чыгышы керек. Ал эми бул кадамга барууга эрки жетпесе, ал кайрадан президент болгон күндө да (таза жол менен шайланса да)эч ким аны президент катары сыйлабайт. Андай болгон учурда шайланбай калса да, элдин (турмушунда болбосо да) жүрөгүндөгү президент А.Атамбаев болуп кала берет. Себеби, ал туура жолдо.

кимден: Максатбек каяктан: Москва
04.07.2009 17:06
Эй талпкер "Эр болсоң кел, өзүңдү бир сынап көр "Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз" кимдин ким экенин ошондо биз билебиз.

кимден: Насыр каяктан: Бишкек
04.07.2009 11:35
Ой Талант катырдың да, бул өзү Акбар деген неменин жазганын түшүнүп болбойт, бир Сариев дейт бир Бакиев дейт. Ошолорго окшогон эки жүздүү неме го...

кимден: jenja каяктан: chui
04.07.2009 04:11
tuura aitasyn talant.ele kyrgyz eli koldoboso kaidagy bijlik bakievke. a bakiev atambaev menen taimashtan kachat korkot. teleden atambaev but achyk aityp koiso buttu da. birok elge teleden chygyp plakat ilip dele keregi jok. el bilet kimdin kim ekenin. bir plakatyna karap ele surotu sonun dep shailai kalbait

кимден: Талант каяктан: Талас
03.07.2009 21:35
Акбар кечирип кой байкеси, сенин акыл эсиң жайындабы? эмне кыргыз элин бир орус менен негир чечип калды беле Бакиевдин төрт жылдан бери көрдүк кандай данныйы бар экенин

кимден: Акбар каяктан: РФ
03.07.2009 16:37
Бакиевди Обама, Медведов колдоп жатат! Атамбаев-Сиз Президент болбойсуз! Нет данных!

кимден: Temp каяктан: Бишкек
03.07.2009 10:14
Ооба, туура айтылып жатат. Бийлик Атамбаевден коркуп жатат, ошон үчүн агитациясына тоскоолдуктарды жасап, теледен чыгартпай жатат да. Бул биздин алдыга эмес, артка кеттип жаткандыгыбыз. Биздеги бул система өзгөрбөсө, жашоосу оңолушу кыйын кыргыздын. Бир кыргыз чыгар элин-жерин ойлогон, сатпаган. Бирок мындай болуп жатса, ал кыргыз качан чыгаар болду экен. Аны эл гана алып чыгыш керек, пока таланып-тоноло электе. Алга Атамбаев

кимден: Мирбек каяктан: чуй
03.07.2009 06:18
Кызык болот эле менимче Бакиев чыкпайт ко

кимден: oshtuk каяктан: osh
03.07.2009 02:47
bashynan ele korunup turat bijlik bashchysy ozuno en slabyiyn tandatyp algany. eger chogultkan koldoruna karasa bakiev menen atambaev chygysh kerek ele. birok asyr bakiev ech kimdi ukpait anyn oiuu eptep ele bijlikti karmap kalysh kerek. myisam buzaby, kishi korkutaby, kyinaiby, churkaiby baary bir. birok asim aka eger shailoo burmalanyp bakiev otchu bolso, daje burmalanbasa da administrativdik resurstu koldonup atsa da baary bir el any kaltyrbait. kalp jashoodon tajap buttu kyrgys eli.
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)