Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:04

Кыргызстан

Үч киттин ортосундагы оюндар…

Кыргызстанга АКШнын президенти Барак Обаманын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук (Richard Holbrooke) иш сапары менен келатат. Ал бүгүн түштөн кийин Бишкекте Президент К.Бакиев менен жолугушат. Тышкы саясатында көп багыттуулукту карманабыз деген Кыргызстан соңку кездери Орусия, АКШ жана Кытайдын ортосунда чарпылууда.

Ричард Холбрук, 2010-жылдын, 8-январы.
Текст көлөмү - +
Былтыр Кыргызстандын тышкы саясатында айрым көңүл бура турган окуялар болуп өттү. Президент Курманбек Бакиев башкарууну реформалоо программасынын алкагында Тышкы иштер министрлигин өкмөттүн курамынан чыгарып, ага мамлекеттик деген статус берүү менен түздөн-түз өзүнө баш ийдирди.
 

Президент К.Бакиев АКШнын антитеррордук борборунда 11-сентябрдын курмандыктарынын эстилигинин ачылышында
Ырасмий Бишкек Кремль менен 2 миллиард долларга жакын кредит алууну сүйлөшкөн соң "Манас" аба майданында жайгашкан АКШ баштаган антитеррордук жамааттын аскер аба базасын чыгарарын жарыялады. Бирок кийинчерээк анын аты гана өзгөртүлүп, база борборго айланып, ордунда кала берди. К.Бакиев болсо жыл соңунда Кыргызстан тышкы саясатында кайсы бир өлкөгө артыкчылык бербей турганын, көп багыттуу саясат жүргүзөрүн жарыялады.

Былтыр жазда ошол Ооганстандагы согушка көмөк кылып аткан аскерий аба базасы чыгарылары жарыялангандан бери Кыргызстанга АКШ менен Орусиянын жогорку деңгээлдеги чиновниктери биринин аркасынан бири каттап калышты. Аба базасы жабылары айтылгандан кийин эле Вашингтондон делегаттар келип кетишти. Москвадан президенттик администрация башчысы Сергей Нарышкин, вице-премьер-министр Игорь Сечин сыяктуу таасирлүү адамдар да Бишкекте болушту. Эми АКШ президентинин атайын өкүлү Ричард Холбрук келүүдө.

Тышкы иштер министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, Р.Холбрук мырза президент К.Бакиев менен жолугушмакчы. ТИМдин батыш өлкөлөрү жана АКШ боюнча департаментинин директорунун орун басары Кайнарбек Токтомушев мындай дейт:
Ричард Холбрук

- Холбрук кызматы боюнча Ооганстан жана Пакистанга жооп берет. Андыктан менин оюмча Ооганстан жана аймактагы коопсуздук боюнча сөз болот президент менен. Ал иш сапарында бир гана президент менен жолугушат.

Холбрук мырза Ооганстан жана Пакистан боюнча иштерге жооптуу болгондуктан президент К.Бакиев менен жалпы эле чөлкөмдөгү коопсуздук, аны менен кошо АКШнын Кыргызстандагы аба базасы тууралуу кеп кылышы мүмкүн. Ал арада Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Виталий Скринник “Eurasianet” интернет басылмасына интервью берип, кыргыз бийлиги Орусия былтыр берген 450 миллион долларды туура эмес пайдаланып атканын айтып чыкты.

Буга чейин эле Орусия-Кыргызстан алакалары салкындай түшкөнү айтылып, жазыла баштаган болчу. Президенттин кичүү уулу, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев да алгачкы чет элдик иш сапарын кошуна Кытайдан баштап, ГЭСтерди куруу сыяктуу долбоорлорду сүйлөшкөн. Талдоочулар муну Орусия менен 1,7 миллиард долларлык кредит маселеси жарга такалгандан кийинки арга катары баалашкан.

БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, Кыргызстанда ички саясат сыяктуу эле тышкы саясатта да олуттуу кемчиликтер болууда. АКШ, Орусия, Кытай сыяктуу ири өлкөлөр менен алакада ар башка нерселерди убада кылып, тышкы саясатта туруксуздугун көргөзүүдө. Бул – былтыркы АКШ базасынын айланасындагы окуяларда даана байкалды:

Топчубек Тургуналиев "Азаттыкта"


- К.Бакиев Орусияны карап бирди сүйлөп, батышты карап экини сүйлөп, Кытайды карап үчтү сүйлөп атат. Ал эми четтен келген жана өлкө ичиндеги миллиарддаган акчаларды туура эмес пайдаланганды булар тээ мурдагы заманда эле Акаев менен Бакиев башташкан. Азыр болсо андан да күчөп атат.

Мына былтыр В.Путин айтты эле 2 миллиард беребиз деп. Ал акчалар да келе баштаган. Ал эми булар келген акчаларды Максим Бакиев башкарган агенттиктин фондуна сала коюп, өздөрү пайда табыш үчүн ар кайсы жакка көзөмөлсүз жумшап атышат да. Аны тигилер да көрүп турат да. Анан албетте акча бербейт. Чет элден келген акчаларды булар тоноп атышат.

Андан тышкары Т.Тургуналиевдин айтымында, Кыргызстан тышкы саясатында нейтралдуулукту, көп багыттуулукту чындап карманып, керек болсо өз аймагында Орусия менен АКШнын да аскерий базаларын жайгаштырбоосу керек эле.

Башкаруу академиясынын мамлекетти башкаруу магистри Айнура Аскарованын пикиринде, жетекчилер тышкы саясатта абдан эле этият болуп, былтыркы АКШ базасы менен болгон окуялардын кайталануусуна жол бербөөсү, негизги өнөктөштөр менен мамилесин эч качан бузбоосу керек:

- Тышкы саясатта колдон жылмышкан, тайгалак саясат болбош керек. Туруктуу саясат жүргүзүү зарыл. Орусия менен мамилени да абдан туруктуулукка жеткирүү керек деп ойлойм.

Дүйнөлөшүү маалында тыш дүйнөсүз өнүгүп-өсүү мүмкүн болбогондуктан Кыргызстан үчүн сөзсүз түрдө чет элдик каражаттар, карым-катнаштар абдан маанилүү. Талдоочулардын баамында, буга чейин Кыргызстандын экономикасы Орусияга көбүрөөк байланган болсо, азыркы бийлик тараза ташын Кытай тарапка оодарууга бел байлап калгандай. Ошол эле маалда аты өзгөртүлгөн транзиттик база аркылуу АКШны да региондо негизги оюнчу катары кармап, Кыргызстан үч киттин ортосунда иш алып барууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда АКШнын аба базасынан тышкары Кантта Орусиянын да аба базасы турат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Расулбек каяктан: Москва
20.02.2010 17:24
Менимче убадаланган акчалардын калган бөлүгү Орусиядан келбей жатышы себеби булар. Биринчиден азыр Россиянин бюджетинде деле толуп жаткан акчалар жок. Экинчиден Орусияга Борбор Азияда Өзбекстан манилүүрөөк Кыргызстанга караганда, Үчүнчүдөн АКШ базасы чыгарылбай калды, эми орустар ушул жылы Бакиевге эскертип койгусу келип турат. Төртүнчүдөн берилген 300 миллион өз билемдик менен иштетилип кетти

кимден: Актилек
19.02.2010 16:13
Кыргызстанды Бакиевтер эмес башкалар бийлеп атканы белгилүү эле болуп калды го. Бакиевтер ошол четтен келгендерге алданып калышты. Америка деген океандын ары жагында турат. Бизге орустан жакшы кошуна жок. Орустарга эле жакындаша беришибиз керек. Америкага шериктеш боло алышыбыз күмөн. Эсиң барда этегиңди жап дегендей эртерээк эсибизге келишибиз керек.

кимден: немис каяктан: Германия
19.02.2010 15:52
Мамлекеттер арасындагы карым катнашта, ар бир өлкөнүн өзүнүн кызыкчылыгына (интересы) кана жараша иш кылышат. Бул принципти дүйнөдө баардык өлкөлөр негизги стратегия катары колдонушат. Кыргызстан эгемендүү өлкө катары ушул принцип менен иш алпаруусу зарыл, бирок уят болбогондой, акылка сыярлык, негиздүү болуш керек. Менин айтайын дегеним, бул принцип жана стратегия кырыз элинин-жеринин кызыкчылыгына иштеш керек эле жана жалпы Кыргызстанга пайда алып келиш керек, бирок тилекке каршы андай саясат жүргөн жери жок. Ал эми бүгүнкү күндө, бул принцип жана стратегия бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына гана иштеп жатат.

кимден: Нур каяктан: Бишкек
19.02.2010 13:08
Бакиев баласынын мээси менен ой жүгүртүп, тышкы саясатты чагып жатам, кыргыз эли сыяктуу ири державаларды дагы алдайм деп ойлоп жатат. Путин кем акыл эмес да, берген акчаларынын кайда кеткенин иликтеп турат. Бийлик башындагылар, Путинди дагы өздөрүндөй көрүп жатса керек.... Орус, кытай, америка сыяктуу акулаларды алдай албай калды го Бакиев, жакында акуладан качып кутула албай чабак уруп калбаса эле болду...

кимден: Оролбек
19.02.2010 12:24
Орусиянын берген акча каражаты экономиканы өнүгүүгө берилди го, бизде айыл чарбасы негизги эк-лык тармак болгондуктан ошол тарапка бериле баштабадыбы элге жакшы эле болуп жатат. фонддун акчаны бөлүштүрүүдө көзөмөл кылчу орган да уюшулбадыбы. Эми ушундай жакшы башталышты колдоп эле турбайлыбы. АКШдан Обаманын кеңешчиси келсе аны менен деле сүйлөшчү жаш жигиттерибиз бар го Эмне эле чүнчүп атасыңар

кимден: 13 каяктан: 1
19.02.2010 10:59
Эми эмне десе да азыркы мезгилде эч нерсеге жана эч кимге ишенип болбой калды

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)