Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:07

Экономика

Өзбекстан газы Кыргызстанга кымбатка түшүүдө

Парламенттин экономика тармактарын өнүктүрүү комитети 9-февралда Кыргызстандын түштүк аймактарына Өзбекстандан келчү газ берүүнүн кескин азайтылып кетишин себеп-жөнүн талкуулады.

Текст көлөмү - +
Комитет «Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо, жаңы жылдан бери чогулуп калган 4,5 миллион доллар карызды кандай да болсо жабуу маселесин өкмөткө табыштоо чечимин кабыл алды.

Карыз отундун баасы кымбат

Карыздан башы чыкпаган тармактын жыл башынан бери Өзбекстанга төлөнчү карызы 4,5 миллионго жетип, ал акча жакын арада төлөнбөсө Кыргызстандын түштүгү эле эмес, түндүк аймактары да “көгүлтүр” отунсуз калыш коркунучуна туш келүүдө. Өзгөчө баш ооруну жараткан маселе жалаң дебитордук карызга гана байланышса бир жөн эле, кийинки жылдары кымбатбаа газды уурдоолор тыйылбай, “Кыргызгаз” жетекчилиги жетпеген акчанын ордун өкмөттөн алып жаап келатат. Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Арзыбек Буркановдун пикиринде, тармактын кедеринин кетишине өкмөттүн “Кыргызгаздагы” өзү ээлик кылган акцияларын орусиялык “Газпром” компаниясына сатууга камданып алышы негиз берди окшойт.

- Газпром акционердик коому кирет деди дагы уурдоолор башталды. Эл деле айтып атат го. Биз ошол элдин арасында жашайбыз го. Мына бүгүн чара көрүп атасыздар. Бирок бул чарасы кеч болду эми.

Газ уурдоолорду тыйыш амалында “Кыргызгаз” акционердик коому 20 миң ашуун керектөөчүлөргө газ акысын алдын-ала төлөчү электрондук эсептегичтерди коюуда. Быйыл бул иш аягына чыкса мурдагы жылдардагыдай келген газдын теңине жакыны уурдалбай, тармак кирешелүү энергетикалык компанияга айланмак. Уурдоолор өзгөчө Ош менен Баткен облусунун газ чарбаларында дагыле күчтүү экени, ал жердеги жетекчилерди улам-улам алмаштыруудан абал өзгөрүлбөй келатканы комитет жыйынында көп айтылды. Энергетика министринин орунбасары Кубанычбек Жусупов “Кыргызгаз” акционердик коому Өзбекстанга 4,5 миллион доллар карыз экенин айтып, анын көбүн өкмөттөн алынчу акча эсебинен жабууну көздөп жатышканын маалымдады.

- 360 миллион сом дебитордук карыз. Эл, өнөр жай ишканалары жана бюджеттик мекемелер.

Жыл башталып-башталбай “Кыргызгаздын” карызы көбөйүп кетишин тармак жетекчиси Саламат Айтикеев биртоп жагдайларга байланыштуу түшүндүрдү. Өткөн жылга салыштырмалуу Өзбекстан газы 20 долларга арзандаганы менен сомдун долларга катышы көтөрүлүп, анын натыйжасында газ баасы былтыркыдан кымбатка түшүүдө.

- Баасы 2 эсе, 3 эсе кымбаттаганы үчүн газдын көлөмү биртоп азайды. Мисалы, 2008-жылы 750 миллион кубометр газ келсе 2009-жылы болгону 315 миллион кубометр келди.

Саламат Айтикеев ири өнөр жай ишканалары мазутка өтүп, Өзбекстандын кымбат газын көпчүлүк эл, айрым бюджеттик мекмелер гана колдонуп калганына токтолду. Майлысуудагы электр лампалар заводунун, Бишкек жылуулук тармактар ишканасынын, турак-жай коммуналдык бирикме сындуу ишканалардын газ үчүн карызы өтөле көбөйүп кеткенин белгиледи.

Жалпы тизмеге кошулуп калган Жалал-Абад

Парламенттин экономика тармактарын өнүктүрүү комитетинин төрагасы Абдырейим Кулбаев карыздардын көбү Бишкек менен Ош шаарында топтолгонун белгилеп, эмнеликтен 4,5 миллион сом карызы менен Жалал-Абад шаарына газ берүү азайтылып жатканына кызыкты.

- Силер өчүрүп жатасыңар Ош менен Жалал-Абадды, Баткенди.

Саламат Айтикеев Ошто газ куурундагы жоготуулар 47% чыгып, андан тармак 500 миң доллар зыян тартып жатканын, социалдык сектордун нааразылыгын арттырбаш үчүн гана берилген газдын теңине жакыны уурдалганына көз жуумп “көгүлтүр отун” берилерин ырастады.

Жыл сайын кыш чилдеде козголчу газ көйгөйү өкмөттүн баш оорусуна айланып келатат. Аны түгөлү менен орусиялык “Газпром” компаниясына сатып ийүү аракетинен да майнап чыкпай, кымбатбаа көгүлтүр отундун кыйласы уурдалып, анын баары тарифтердин көтөрүлүшүн гана шарттоодо. Энергетика министрлиги газ баасын дагы эки сомго кымбаттатууну, буга чейинки 13,5 сомдун ордуна отунпулду 15,5 сомго көтөрүүнү көздөөдө.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Наристе каяктан: Ош
10.02.2010 09:29
" Ууру жетекчинин чиновниктери да ууру болот"- биздин президент макал-лакап менен жашаш керек дебеди беле.

кимден: Бакир каяктан: Кадамжай
10.02.2010 01:39
Cаламат Айтикеев 52 миң сом айлык аларын өкмөттүн селектордук кенешмесинде айтып алып, элдин эле эмес өкмөт башчы Д.Үсөновдун да оозун Ошко карай ачты. Элдин баары билет, 52 миң С.Айтикеевдин расмий айлыгы. Ага айына аймактык газ чарба башкармалыктарынан буга караганда 100 эсе көп комуско акча барып турат. Мисалы Баткенгаз чарба башкармалыгынын мурдагы жетекчиси К.Мумбаев айына 300 мин сом комуско киреше табары жонундо соз кеткен. Бул Баткен областы деген менен Кадамжай районунда гана газ бар. бир райондун газ чарба жетекчиси 300 мин сом тапса айына, республика боюнча эсептей бергиле. Аны кантип табарын СНБ, финполиция, прокуратура билбейт, жана билгиси да келбейт. Ал эми эл билет. Озгочо акылдын деле кереги жок. Мисалы ар бир уйдун газсчетчиги бар, аны ай сайын 2 жолу контролер текшерип турат. Демек эл уурдай албайт. Анда ким. Мончо, ашканалар уурдайт. Кимдин комогу менен? Газчарбанын контролерлорунун комогу менен уурдайт да акча беришет. Андан С.Айтикеев ж.б. ооз тийишет. Баланы алдагандай болбой, ар нерсени оз аты менен айткылачы.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)