Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:09

Эл үнү / Коом

Кандуу шаршембиде жапа чеккендер ой бөлүшөт

Бишкек шаарындагы №1-клиникалык ооруканага 7-8-апрель күндөрү жаракат алган 73 киши түшкөн. Алардан алтоо каза таап, 30 дан ашык адамга эң татаал операциялар жасалды.

7-апрелдеги кандуу кагылышта жапа чеккендер
x
7-апрелдеги кандуу кагылышта жапа чеккендер
Текст көлөмү - +


Алдыда айрымдарга экинчи жолку операция жасалышы күтүлүүдө. 7-апрелдеги кагылышта жаракат алып түшкөндөрдүн алды үйлөрүнө чыга башташты. Ооруканада учурда дарыланып жаткан айрым жигиттер “Азаттыкка” ал-акыбалдары тууралу ой бөлүшүштү:

 

Икрам Курбанов : - 7-апрель күнү “Россия” кино театрынан саат төрттөрдө өтүп баратканымда снайперден ок тийди. Митингчилер менен алдыңкы сапта бараткам. Ок ичиме тийип, артыман чыгып кеткен.

 

 Талант Давлетбаев: - Акүйдүн астында жаңы ата баштаганда ок жедим. Бир машинаны киргизели деп жатканыбызда, снайпердикиби, автоматтыкыбы – ок тийди. Ок жамбашка тийип, ич жагыман чыгып кеткен. Азыр саламаттыгым жакшы, Кудайга шүгүр. Дарыгерлерге рахмат. Профессор Рахатбек Оморовго рахмат. Эки күн уктаган жок.

 

 Бакыт Жолдошев: - Мага кечки саат 8дерде штурм болуп жатканда ок тийген. Ок ашказанды тешип өтүп, боорду экиге бөлүп салган. Талант Талгановичке чоң рахмат. Бардык дарыгерлерге рахмат. Мени аркы дүйнөдөн чыгарышты.

 

Бакыт Давлетбаев: - 7-апрелде Акүйдүн алдында снайпердин огу көтөн чучугума тийген. Дарыгерлердин жардамы чоң болду. 

 

Данияр Абакиров: - Мен да 7-апрелде аянттан ок жедим. Ок ийинимен кирип, далыман чыгып кеткен. Азыр басып жүрөм.

 

 Максат Молдобаев: - Эл катары мен да митингге чыккан элем. Ок кекиртектен кирип, өпкөнү тешип, капталдан чыгып кеткен. Ушинтип чогуу-чаран чыгып, бүтүрдүк, Кудайга шүгүр.

 

Жоомарт Калмурзаев: - Мен да митингге чыккам ошол күнү. Жашым 21 де. Бутума ок жедим. Кыйналып турам...

 

Талантбек Асылбек уулу: - Ушундай иш болуп, ооруканада жатабыз. Эл-журтка ынтымак, ден соолук, жакшылык каалайм. Бутума ок тийген эле, жакшы болуп басып калдым.

 

 №1-клиникалык ооруканада дарыланып жаткан оорулуулар белгилүү хирургдар Рахатбек Оморовго, Акылбек Мусаевдерге ыраазылыктарын билдиришти.

 

Аталган оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы профессор Акылбек Мусаев оорулуулардын ал-абалдары тууралу буларды маалымдады:

 

- Биздин ооруканадан сөөктөрү чыккан 6 киши ошол кагылыш болгон жерде эле каза болушкан экен. Аларга ок башына, жүрөгүнө тийген. Ошол жерде ошол замат эле кетишкен алар. Ал эми биздин ооруканага жаракат алып түшкөн 73 адамдын баары аман. Айыгып чыгып жаткандары бар. Операция болгондор болсо – ок өпкөсүнө, ичине, бооруна, бутуна тийгендер. Бутунан жаракат алгандар көп. Мисалы бир жаш жигиттин бутунун астынан граната жарылган экен, эки бутун тең алып калалбадык. Кесүүгө туура келди... Мына ушундай кайгылуу көрүнүштөр болду.

 

 Негизинен 7-апрелдеги кагылыштан улам жаракат алгандар жаткан бардык ооруканаларда дары-дармектер, кан, дагы башка зарыл нерселер менен камсыздалган.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: aIGUL каяктан: Bishkek
28.04.2010 23:50
Baarynarga Allah Taalam shifaasyn bersin.. Sabyr kylgyla,Antkeni Allah sabyr kyluuchular menen birge!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.04.2010 04:50
Боордоштор сакайып кеткиле. Эл силердин эрдигинерди унутпайт. Омурунор узун болсун, кийинки жашоонор жакшы, бактылуу болсун. Сиздердей жигиттер менен эл сыймыктанат.

кимден: Алина каяктан: Турция
14.04.2010 17:59
Ооруканада дарыланып жаткан эр журок жигиттерибиздин эн кыска убакытта сакайып аман-эсен уйлоруно барууларын тилейбиз.Элибиз учун жерибиз учун курошуп коркпой окко кокурогуноду тосконунарга башыбызды ийип таазим кылабыз.Бар болсун силердей Кыргыз жигиттери!

кимден: Тынарбек каяктан: Бишкек
14.04.2010 12:25
Ассалоомуалейкум!
Биринчиден сиздерге чын ден-соолук, узун омур, уй-булолук бакыт таалай кудайдан тилейбиз! Эртерээк сакайып кетишиниздерди каалайбыз!!
Эми карап отурсак, мына, канчалаган адамдардын каны тогулуп, жарат алып, ал эми Бакиев болсо карапайым элди жамынып дагы-да болсо элди болууго аракеттенип журот. Эгер ал мындай аракетин уланта берсе арты кандай болоорун болжолдоп койсок болот, Бакиевге каргыш!!!! Ал силерге окшогон адамдарды ойлогон жок. Эми эмнеси боолсо да кудай сидерге кубат берсин!!!

кимден: Nur каяктан: Bishkek
13.04.2010 23:05
Азаматсынар!
Мен силердей кыргыздын жигиттери менен барктанам.
Ылайым биздин жигиттер дайыма бирдикте болуп,кийинки муундарга ушундай жакшы жактан улгу болуп жургуло.
Аман-эсен батыраак сакайып,ден-соолугунар чыналып,омурунор узун болсун.
Ийгилик каалайм.


кимден: Динара каяктан: КТУМ
13.04.2010 19:52
Оруканада жаткан ага инилерибиз силердин жакшы болуп тезирэк айыгып кеткиле
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу