Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Экономика. Базар. / Кыргыз экономикасы

Донорлор Кыргызстанга 1 млрд. 100 миллион доллар берет

Эл аралык донорлордун жыйыны, 27-июль, Бишкек.

Эл аралык донорлордун жыйыны, 27-июль, Бишкек.

27.07.2010
Бекташ Шамшиев

Бишкекте өткөн Эл аралык донорлордун форумунда 14 өлкөнүн, 15 эл аралык донор уюмдарынын өкүлдөрү Кыргызстанга 600 миллион доллар каражатты ушул жылдын соңуна чейин берүү, калганын 30 айдын ичинде которуу чечимин кабыл алышты.

Жыйында айтылган маалыматка караганда июнь айында түштүктөгү тополоңдо 375 миң адам жашап жаткан жеринен козголуп, анын ичинен 75 миңи үй жайы жок кыйын акыбалда калган. Чет элдик донор өлкөлөр жана уюмдар Кыргызстанга ар тараптуу каржылык колдоо көрсөтүшөрүн билдиришти.

Фонд бар, акча жок

Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин ырасташынча, сырттан келген жардам акчалардын ар бир тыйынынын эсеп-чоту көз карандысыз эл аралык байкоочулар кеңешинин алдында айтылып, кылдат текшерилип турат. Кыргыз өкмөтү жаздан бери жаңжалдан башы чыкпаган өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө 1 миллиард ашуун доллар акча сарп кылынарын болжолдоп отурат. Анын кыйласы өлкөнүн түштүгүн көтөрмөлөөгө жумшалмакчы.

Эл аралык донорлордун жыйыны
- Азырынча бир да жамааттан же бир да патриоттон же ишкерден түзүлгөн фондго бир да тыйын келип түшө элек. Урматтуу бейөкмөт уюм өкүлдөрү ушуну угуп койгула. Текшерип көргүлө, эсеп ачылган, турак-жай сертификаты үчүн 50 миллион алганбыз, аны таратып бердик. Дагы акча алабыз, аны да таратып беребиз.

Ж.Сатыбалдиев Ош менен Жалал-Абад шаарларынын борбордук бөлүгүндө заманбап шарттагы көп кабаттуу үйлөр курулары болжолдонуп жатканын, ал жерлердеги жеке менчик үй ээлерине жер акысы, үй акысы төлөнүп, ордуна башка жер сунушталары, кааласа жаңы үйгө кирип жашай тургандыгын маалымдады.

Каржы каатчылыгы башбактап турат

Кыргызстандын Каржы министри Чоробек Имашов быйыл Кыргызстан бюджетинин таңкыстыгы 619 млн. долларга жетерин, бул ички дүң продукттун 13,5% түзөрүн белгиледи. Анын айтуусунда, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга 170 млн. доллар, жетиштүү азык-түлүк менен камсыздоого 50 млн. доллар, өлкөнүн түштүгүндөгү инфраструктураны калыбына келтирүүгө 230 миллион доллар сарп кылынат.

Президент Роза Отунбаева донорлордун жыйынында.
Антип марттык менен суралып жаткан 1 миллиард 160 миллион доллар ансыз да тышкы карызы 2,5 миллиардды чапчып калган Кыргызстанды кыйла эле оор ахывалга алып келери турулуу иш. Бул акча Кыргызстан жыл бою өндүргөн ички дүң продуктунун теңинен көбүн түзчү сан.

Донор өлкөлөр менен эларалык уюмдардын жыйынында президент Р.Отунбаева өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу окуялардын артында чагымчыл күчтөр турганын белгиледи.

- Кыргызстан мындай кайгылуу капсалаңга биринчи ирет тушукту. Кыргыз мамлекеттүүлүгү сакталабы же жокпу? Мамлекеттик башкаруунун нукура демократиялык принциптерин киргизүү боюнча биздин өкмөттүн аракеттерин теңирден тескери бурууга бир нече ирет аракеттер болду.

Жардамдын эсеби бар

Улуттар уюмунун Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча чөлкөмдүк уюмунун жетекчиси Кори Удовички Кыргызстан эли демократиялык жаңыланууларга даяр экенин белгилеп, экономикалык көмөк өлкөнүн кыйынчылыктардан ыкчам кутулушуна жардам берилерин эскертти.

- Эки жолку саясий окуялардан элдин көбү, саясий элита да сабак алды. Көпчүлүк өзгөрүүлөргө даяр экендиктерин көрсөтүштү. Биринчиден, бул жерде калк бирууч топтун бийликти колго алып, каалагандай башкаруусун көтөрө албастыгын, муну болочокто бийликке келчүлөр да эске алышы керектигин айгинеледи.

Дүйнөлүк банктын стратегия жана операциялар жетекчиси Теодор Алерс эл аралык каржы уюмдары биргелешип Ош менен Жалал-Абаддагы апааттын зыяндары иликтенип чыкканын ырастап, анын негизинде каржылык көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.

- Көмөк көрсөтүүнүн эларалык программасы алдыга коюлган милдеттерди аткарууга көмөк көрсөтөт, колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү толук сарптоого шарт түзөт.

Келерки айда Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү, Кыргызстан экономикасына көмөк көрсөтүү проблемалары Алматыда өтчү жыйында да талкууланмакчы.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: chynygy_kyrgyz каяктан: kytai
28.07.2010 10:41
Roza eje myna kyrgyzcha suiloso bolot eken go ,tushtukto bolgon okuyalardy estep, texstti okubai Chyn jurokton chygaryp syilosonuz jakshy bolmok.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.07.2010 09:48
Роза Отунбаевадан сураныч Ошто жана Жала-абада этаж уйлорду тургузуп жакшынакай шаар кылгылачы.Шаарыбыз айылдан айрымасы жок.

кимден: narmat каяктан: batken
28.07.2010 08:05
Kanday bolso da akcha aytkan jerlerge tak jetkirilip, atkarila turgan ishterge jumshalsa degen umuttomun.Otkonkudoy bolushulup ketse anda dagy ele Kuday dep oozubuzdu achkan boydon kala berebiz.Uyrongon adat...

кимден: Нургазы каяктан: Москва
28.07.2010 00:32
бул акчалар ВП арасында болунуп кетпеселе коп нерсеге жарайт деп ойлоймун. Бирок, билип коюшубуз керек, бул донорлор жондон-жонеле акча беребербесе керек, алардын да бир кызыкчылыктары бар.

кимден: Ulanben каяктан: Ankara
27.07.2010 23:22
Roza Otunbayeva Kyrgyzcha suylogonu uchun rahmat azamat kyrgyz tili onugo bersin Kyrgyz tilin onukturgulu azyrky Okmot......

кимден: Патриот каяктан: Кыргызстан
27.07.2010 23:11
Жардам бергендери абдан жакшы,бирок канчасы грант, канчасы кредит болгону дагы маанилүү. Ошолорду дагы тактап коюшса жакшы болот эле,анткени кредитти проценти менен толош керек, ансыз деле карыз кокодон болуп жатканда.

кимден: нурлан каяктан: москва
27.07.2010 23:00
Тагайбий туура айтат,Дуйнолук банк,МВФ сыяктуу эл аралык финансы иституттары Кыргызстандын 2 млрддан кобуроок карызга батырган,эгер алар 100 сом берсе 40-50 сомун оздорунун специалисттерине маяна катары берип коёт.Кыргыз коомчулугу бул жардам кандай шарттарда берилип жатканын жана кандай жумшаларын талап кылышы керек.Антпесе Акаев мезгилиндегидей кыргызды сызга отургузуп кетишет.

кимден: Талантбек каяктан: Бишкек
27.07.2010 22:40
Айланайын Кыргызым, мына ушул акыбалга ошол элу дүйнөлүк көпөстөрдүн айынан келип олтурабыз го!!! Ушул кредиттин такыр эле кереги жок болчу! Муну Роза Исаковна дагы эле түшүнө элекпи, ананын акысына алар өздөрүнүн бирөөсүн эжекенин жанындагы бөлмөгө олтургузат дагы 90- жылдардагы окуя кайталанат, ошентип араң-араң тирденип келе жаткан кичи жана орто бизнес акыркы сапарга аттанат! Анан дагы кудайга шүгүр жанагы Акылбек Жапаров сүйрөп киргизе албаган ХИПИКе кирбей калганыбыз! Аззаттыка сураныч ушул элдин жазган пикирлерин сактап, анан дагы убакыт өтүп-кайра пикир айтчу убакыт келгенде -бул убакытта биздин -баланча угуучу же кардар тигинтип жазбады беле деп бийликтегилердин көзүн ачып турсаңар кандай жакшы болоор эле! Аттин ай ал заман келээр бекен, же Азамат Алтай агадай, же Чыңгыз абамдай болуп кайырсыз кош кетээр бекен?

кимден: Тагайбий каяктан: Сеулдан
27.07.2010 21:17
Дуйнолук банк Кыргызстандын туштугундо болгон окуяны талдап териштирип коруп туруп, анан жыйынтыгы чыккандан кийин жардам беребиз дейт, анысыго туура, бирок Дуйнолук банк оз кызыкчылыгы болбосо жон жардам бербейт, донорлор менен аяр мамиле кылыш керек жана Кыргызстан оз кызыкчылыгын унутпаш керек, бирда мамлекетке Кыргызстан коз каранды болбош керек, оз алдыбызча оз саясатбызды Кыргыз элинин кызыкчылыгы учун жургузуу абзел.

кимден: A.Zakirov каяктан: Ankara
27.07.2010 21:15
Jakshy kyrgyzcha suylogonu, akyrynda kyrgyzcha suyloy bashtashty. al akchalardy buyursa oshko jalal abadka paydaluu jana kerektuu jerlerge 1.den uy jay kurup berishse jakshy bolmok.
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)