Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:14

Борбор Азия

Чек арадагы үрөй учурган зомбулук

Өзбек чек арачылары Кыргызстандын Сүрөө-Таш айылына куралчан кирип, жергиликтүү калктын үйлөрүн тинтип, сөгүп-сагып, уруп-сабап кетишти.

Сүрөө-Таш айылы чек араны бойлой жайгашкан
Текст көлөмү - +
Сүрөө-Таш айылындагы кыргыз чек арачылары
«Мыйзам жана тартип» укук коргоо борборунун директору Изатилла Рахматуллаевдин айтуусунда, чек арадагы чатак боюнча сүрөөташтыктар жана бир катар бейөкмөт уюмдар кыргыз бийлигине бир нече ирет кайрылуу жолдошту, бирок өтүнүчтөр жоопсуз бойдон калууда.

 Кыргызстандын Кара-Суу районуна караштуу Сүрөө-Таш айылында үч миң киши жашайт. Аталган айылдын тургуну, Сүрөө-Таштагы аялдар кеңешинин төрайымы Малика Абдуллаева укук коргоочунун кебин төмөнкүчө ырастады.

- Акыркы мезгилде биздин айылда жашоо өтө кыйындады. Эмнеге дегенде Өзбекстандын аскерлери кыргыз жергесинде беймарал жойлоп жүрүшөт. А түгүл үйүбүздү аңтарып-теңтерип, азык-түлүктөрдү же башка товарларыбызды сурабай-этпей тартып алышат. Малыбызды да көз көрүнөө айдап кетишет. Кокус каршылык көрсөтүп, тил кайрысаң, автоматын такап «атам!» деп коркутушат. Биз өкүл жөнөтүп, өзүбүздүн чек арачыларды чакырып турабыз. Тилекке каршы, алар жетип келгиче, өзбекстандык жоокерлер бизди каалашынча кордогонго үлгүрүшөт.

Малика Абдуллаева жердештери айласы куруганда тынч аймакка көчүрүүнү бийликтен талап кылып жатышкандыгын ачыктады.

Өзүн Жахангир деп тааныштырган жигиттин эсебинде жогорудагы окуя биринчиси эмес:

- Чек ара тилкесинде зордук-зомбулук коштогон окуялар көп кайталанууда. Жакында Кыргызстандын Сүрөө-Таш кыштагына Өзбекстандын төрт аскери кирип, бир жердешибизди себепсиз өлөөрчө сабап ташташты. Тууган-уруктары, айылдаштары жалдыраганына карабастан, жаралуу жигитти жүктөп барып, Анжиян ооруканасына жаткырып коюшту. Мекендешибиздин кийинки тагдыры туурасында Өзбекстан эч нерсе дей элек.

Kыргыз-өзбек чек арасын бөлгөн дубал, Сүрөө-Таш айылы
Жахангирдин айтымында, өзбек чек арачыларынын чектен ашкан жоруктары тыйылбаса, сүрөө-таштыктар бир күнү аларга катуу сокку урууну болжолдошууда.

Кыргыз Чек ара кызматынын төрагасынын түштүк аймагы боюнча орун басары Акылбек Нышанов менен телефон аркылуу байланышканыбызда, Сүрөө-Таштагы тинтүүлөр туурасында кабары жоктугун айтып, шарп оорусуна байланыштуу Өзбекстан чек арасын жабык абалда кармоону улантып жаткандыгын кошумчалады.

Ал эми Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары, Сүрөө-Таш окуясын териштирүү боюнча комиссиянын төрагасы Абдысатар Шаятов Өзбекстан тарап аскерлеринин баскынчылыгын мойнуна албай жаткандыгын белгиледи.

Бийликтин өкүлү Абдысатар Шаятовдун божомолунда, чек ара көйгөйү жакынкы жылдары жөнгө салынбаса, коңшулаш мамлекеттердин жарандарынын тирешүүсү чоң чатакка айланышы ыктымал.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Алымбек каяктан: Москва
12.10.2009 19:22
Кошуналарды тууган деп жүрүп жерсиз калмай калдык. Коңшулар акырындап чымчылап -чертип өз үстөмдүгүн орнотуу саясатын аткарып жатышат. Бул иштердин артында Ташкендин чоң саясий пландары бар. Ошол үчүн колдон келсе Бийлигибиз чек араны бекемдөө боюнча тез ара чечимдерди кабыл алыш керек.Ансыз деле кеч болуп калды.

кимден: Tina каяктан: Bishkek
16.09.2009 10:45
Бул биздин бийлик башын кумга катып алып отура берсе каалаганы келип каалаган ишин кыла берет. Аларга булгаары отургуч жана беш аял керек калган мага демек турсун өлүп кетсин деген принцип менен жашап жатышат

кимден: Расулбек каяктан: Москва
16.09.2009 07:24
Биздин Борбор азияга либералдуу саясат келмейинче же кыргызым кайсы бир чоңураак тууганы менен бекем достук саясатын жүргүзбөсө, мындайлар улана берет

кимден: Кыргыз каяктан: Ош
15.09.2009 20:50
Курманбек мырза сиз бир жигиттик көрсөтүп койбойсузбу. Рейтингиңиз аябай көтөрүлөт эле да.
1. СОГУШКУН КЕЛБЕСЕ СОГУШКА ДАЯР БОЛ дейт,а биздин аскерибиз оңолмойун өзбектер каалагандай жүрө берет.
2 Же болбосо өлкөбүздүн бардык чек арага жакын жашаган тургундарын мыйзам чегинде куралдантуу, милдеттендирүү, коргоо чараларын үйрөтүү, мамлекет айрым женилдетүүлөрдү берүү зарыл. Ошондо туугандарды издеп да таппай калабыз.

кимден: Askar каяктан: Osh
15.09.2009 17:39
Surot-Tash aiyly Osh shaarynan 15 munottuk jol alys ele turat,Batken,je Chong Alai emes...oshton tartip korgoochular tez ele jetip barsa bolot,oz elin korgoi albai turup Oshto chyndykty aytkan,azyrky bolup jatkan orchunduu maselelerdi kotorgon jashtardy,studentterdi kuuguntuktagandy jakshy bilet...ushudan koro ichki ishter kyzmatkerleri birinchi koshunalardan korgoboisumgarby,silerdin zombulugungar tigilerdikinen kalyshpayt.

кимден: Таза улутчулдар уюму
15.09.2009 13:35
Кыргызстандын чегарасын басып киргендердин баары чегара тартибин бузган киши катары турган жеринде токтоосуз атылышы керек.

кимден: ermek каяктан: stambul
15.09.2009 11:48
Elinin butundugun korgop jana alardyn butumdugun saktai albagan prezident al prizdent emes al emi chek ara kyzmatkerilerine soz jok akcha bolso tamak bolso boldu oshondoilordon kachan kutulabyz!!!!

кимден: munar каяктан: Bishkek
15.09.2009 11:48
Prezident bolobu okmot bolobu SNBisi bolobu,Militsiyasi bolobu, baardigi bir gana imenno kirgiz ulutun kana kordogongo aldari jetet. Militsiya kayra beybechara kirgizdi tonogondon bashkaga alip jetbeyt. SNB uktap jatat. Armiyabizda dedovsina, al jerde patriyottuluk sezimdin uyrotulushu jerine dedovsina mn alek. Prezidentke dele baaribir bolup kalgan korunot, ec kanday chara koro albay jatkanina. Ozbekter slishkom kuturushtu, aram adaldi, ukuk mukuktu taanibay zombuluk kilip jatshat, alardin da koroor kunu bar. Musulman musulmanga jamandik kilbash kerek ele, 14 kilim aytilgan sozdun maanisine jetishbedi: Musulman musulmandin bir tuugani- degen uluu paygambaribiz aytip ketken sozun. Argasiz aytaarim da - ozbekterdi kudayga tapshirdim.
Oygon kirgiz elim.

кимден: Avaz каяктан: Moskva
15.09.2009 11:05
Бакиев аками колдоп кичине ишеним артып келеттым эле ушул чек ара маселесине көз жумп атканы өкүндүрөт да, же көрсөтмө берип анын аткарылышын чукул көзөмөл кылууга кудурети жетпей калганбы анда не керек так башына олтуруп.

кимден: асан каяктан: москва
15.09.2009 10:44
Чек арага жакын жашагандар канча какшап атса да оозунан сөз чыгарбай өкмөт, президент, ж.б. кызматтар эмне кылып жүрүшөт? Мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылуу президенттин түздөн түз милдети да? Ал эми милиция ,СНБ, чек ара кызматтары милдетин аткара албайбы . Же алардын өзүбүздүн эле элге алы келеби? Мисалы Балыкчы, Ноокат, ок атып адам өмүрлөрүн алууга чейин барган Аксы. Же колго курал алып алар Ак үйдү эле коргойбу (өздөрү айткандай)
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)