Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:14

Саясат

Минскиге өтүнүч го жөнөтүлдү, бирок…

Мурдагы президент К.Бакиевди кайтарып берүү жөнүндө Белорусиянын Башкы прокуратурасына өтүнүч жөнөтүлгөнүн Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары А. Бекназаров билдирди. 7-апрелдеги канабайрамды уюштурууга 12 кишинин тиешеси бар деген шек менен издөө жарыяланган. Алардын айрымдары сурак беришүүдө.

Текст көлөмү - +
Атыл-батыл ачылган кылмыш иштер

Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары Азимбек Бекназаров мурдагы бийлик жетекчилеринин ишин териштирүү боюнча төрт топ түзүлүп, иш жүргүзүп жатышканын маалымдады. 7-апрелде калайман салгандардын катарында мурдагы президент К.Бакиев баш болгон 12 адамга кылмыш иштери ачылган. К.Бакиевге Кылмыш-жаза кодексинин 97, 305-беренелери боюнча сыртынан айып коюлууда. Эки же андан көп кишини өлтүрүүгө тиешеси бардыгы, ошондой эле кызматынан кыянат пайдалангандыгы үчүн аны кайтарып берүү үчүн Белорусияга тийиштүү документтер жөнөтүлгөнү маалымдалды.

- Кишинев конвенциясынын негизинде биздин Башкы прокуратура Белорусиянын Башкы прокуратурасына Бакиев Курманбекти алып келүү боюнча документтерди жөнөттү. Себеби өзүңүздөр жакшы билесиздер анын кол тийбестиги бар эле. 4-майда атайын декрет менен кол тийбестиги алынды,- деп айтты А.Бекназаров.

Экс-президенттин катарында иниси Жаныбек Бакиев, уулу Марат Бакиев, мурдагы коопсуздук кызмат жетекчиси Мурат Суталинов, мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов, мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орунбасары Нурлан Темирбаевге ошондой эле айып коюлуп жатканын А.Бекназаров ырастады.

Мурунку коргоо министри Бакыт Калыев, мурдагы президенттик аппарат жеткчиси Каныбек Жороев, президенттик катчылыктын мурдагы жетекчиси Оксана Малеваная, мамлекеттик күзөт кызмат жетекчисинин мурдагы орунбасары Данияр Дунганов камакка алынып, сурак беришүүдө. А.Бекназаров мурдагы президенттин үй-бүлөсү менен жакын адамдарынын экономикалык кылмыштары боюнча 28 кылмыш иши ачылганын, алардын аракетинен өлкөгө 3 миллиард сомдук зыян келтирилип, анын 1 миллиард 300 миллион сому ордуна коюлганын кабарлады. 

Максим да жок, издөө салынды

Президенттин уулу Максим Бакиев, анын өнөктөштөрү Алексей Елисеев, Евгений Гуревич, Алексей Ширшов баштаган отузга чукул адамга кылмыш иштери ачылган.

Тергөөчүлөрдүн дагы бир тобу Бакиевдердин энчисине өтүп кеткен дүйнө-мүлктүн чоо-жайын такташмакчы. Буга кошумча мурдагы бийлик тушунда жабылып калган чуулгандуу кылмыш иштерин кайрадан текшерүү, басылып алынган оокат-ашын өз ээсине кайтарып берүү аракети да жасалууда.

Кызматын таштап кетүүгө мажбур болгон мурдагы президент Казакстандан жазып таштап кеткен арызын чанып, Белорусияга баргандан кийин өзүн дагыле президент деп эсептээрин билдирип, Кыргызстандагы жагдайды калыбына келтириш үчүн укуктук талааны калыбына келтириш керектигин айтууга өттү.

- Парламентти пайдаланыш керек болчу. Аны ишке чыгарыш зарыл. Менин кызматымы да пайдаланышсын. Убактылуу болсо да мыйзамдуу бийлик болушу үчүн мен алардын талапкерин колдоого даярмын,- деп билдирди экс-президент К.Бакиев Минскидеги маалымат жыйынында.

Антип алыстан туруп “укуктук талааны” унутпаган экс-президенттин сунушун жаңы өкмөт капарына ала элек. А.Бекназаров кызматын таштап качууга мажбур болушкан мурдагы президенттердин эли-жерине келишине каршы эместигин ырастап, экөөнө тең бир шарт коюларын билдирүүдө:

-Эшик ачык, экөөн тең кабыл алабыз. Бирок экөөнө тең суроолор көп. Суроого жооп берсин. Эгер күнөөлөрү болсо биз адилет тергөө, адилет сот кылып беребиз.

А.Бекназаровдун сунушу экс-президенттерге ансыз деле дайын. Расмий бийлик өкүлдөрүнөн мурдагы-кийинки президенттердин кайтып келишине каршылык жоктугу айтылып келатат. А бирок Убактылуу өкмөт расмий Минск К.Бакиевди кайтарып беришинен үмүт кылбайт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.05.2010 14:11
Urmattuu tuugandar.kyrgyzda jojonu kuzdo sana dep koyot.Bul okmottun ishinin jiyintigin jakinda korosunor. Bul biylik tezek ordduna altin terdiret dep oylop jatasinar.Jakinda Bakievtin ubaginda terip jurgon tezeginerdi da tappay kalasinar. 4-5 partiya biylikke keldi. Azirtadan alar da oz jakindarin koyuuda,1 kundo 4-5 jolu kadr ozgortuulor boluuda.Bul ketishte kaysi olko onolsun..!!! jakinda pensiyalardi da bere albay kalishat korosunor..Karupsiya kuchoyt. Bakiev Akaev batirip ketken budjetti kotorup koydu ele.Kop-kop kurulushtar bolup joldor ondolup,GES ter kurula bashtadi ele.Jakinda ayliktar da kotorulmok.

кимден: Debi каяктан: Bishkek
10.05.2010 10:07
Азимбек Бекназаровду жана ошондой азаматтарды Кудай сактасын. Байлыгы үчүн адамдын жаны текейге турбай калган адамдардын үстүнөн кылмыш иш козгоп туруштун өзү да эрдик. Өз жанынын кызыкчылыгын эмес, элдин кызыкчылыгын ойлоп жаткандыгын ушундан көрсө болот. Эң негизгиси өтүп кетпей турган чындык үчүн күрөшүп калышса экен.

кимден: Калыс кыргыз
09.05.2010 13:22
Омурбек, Тынчтык, Манас.

Биринчиден, Манас деген ат коюу туура эмес. Кыргыздын салтында буга тыюу салынган. Атынды алмаштыр.
Экинчиден, Акаев жакшы деп эч ким айткан жок. Бакиевди так ушул Акаев остургон. Бакиев - Акаевдин проуктусу. Ал эч качан Акаевге каршы соз да айткан эмес. Ошол кезде эле азыркы Текебаев, Бекназаровдор, Атамбаевдер кадимкидей Акаевге ачык каршы чыгып журушкон болчу. Эсинерде жок болсо эсинерге ала кетейин.
Учунчудон, жана эн негизгиси, Бакиев эч кандай куралы жок балдарды аттырды. Бул учун ал бир эмес, 86 жолу олтурулушу керек. Келечектеги пландары дейсинер, пландарын билебиз. Стратегиялык тармактардын баарын сатып жиберип тезек тергиле деп отура бермек. Же калппы?
Бешинчиден, бул окмотту деле эч ким идеалдуу деп айткан жок. Бирок бизде мындан башка окмот да жок. Жоктон коро жогору. Манас деген улуу атты алып алып чет олкого качпасам болбой калды дей берсенер анда чындап эле онолбойбуз.
Алтынчыдан, Баткен окуясында бут Кыргызстандан жоокерлер барган, бут Кыргызстан жардам жоноткон. Аны унутсанар Кудай кечирбейт.

кимден: Раманкул каяктан: Ат-Башы-Нарын
09.05.2010 00:52
Германиялык Тынчтыкка. Кыргыз жерибизде элибизде болуп аткан бугунку кундогу оор окуяларга Акаевтардын куноосу ото чон а Бакиевтердики андан да чон ( 85-жердешибиз каза болду). Сизге кошулам убактылуу окмоттук да куносу жок эмес. Бирок Эл ошо эле 2005 жылдагыдай умут менен чыгышты. Ал эми 1993-1996 жылдары бир эле Кыргызстан эмес бут СНГ мамлекттерине кыйын болгон. Баткен согушу жонундо жазганынызга эч бир макул эмесмин.Менин эки классташым барып катышып келген ( кудайга шугур аман келишкек) . каза болгон эр азматтарыбыздын тизмеси . омур баяны менен таанышып корсон.

кимден: Тынчтык каяктан: Германия
08.05.2010 19:02
кимден: Омурбек каяктан: Бишкек-Нарын
08.05.2010 17:03
Сен эмне жинин келет! Манас жазган болсо оз оюн жазды. Эгер ошондой эле таза кыргыз болсон жок дегенде макалды туура жазбайсынбы! "караван" деп коюптур! Тим эле сенден башка олкону суйгон патриот адам жок баштанып суйлойсун! Деги сен озун Кыргызстан учун эмне кыйратып иш жасадын!? Озунун башындагы тоону корбогон бироонун башындагы чопту корот дейт, башканы коюп озунду тарбиалап алчы! Азыркы убактылуу окмот деп эле жан какшайсынар, айтчы кимиси ушулардын бир корунуктуу иш жасады эле! Акаевдин убагында туштукто эл талаада машак терип жеп калган эле! Эми болсо Акаев негизи жакшы эле болчу деп, келеберсин деп жаткан убактылуу окмот сен учун сопсонун тура э!
Же сен учун туштуктун эли кыргыз эмес ОШтукбу? Анан дагы айтчы, Баткенде коогалан болгондо эмне тундуктон аскерлер келип коргоду беле? Айтчы деги ошол коогаланда курман болгон жоокерлерден тундуктон ким бар эле! Эсинде болсун кыргыз сен эле эмес биз баарыбыз! Андыктан кимдин дили кыргыз кимдин дили донуз экенин бул жерде чечпей жур!

кимден: Ильяс
08.05.2010 17:30
Ушул жерде жазылган ой пикирлердин сунуштардын бирин болсо да убактылуу бийликтеги бешоонун бири окуйт бекен.


кимден: Омурбек каяктан: Бишкек-Нарын
08.05.2010 17:03
Ай Манас Бакиевин деген бизди тезек терген убактарга жеткизип салганын унутун калдынбы ыя? Тим эле 10 жыл деп кетесин да. Сенин дилин кыргыз эмес да ушу Манас деген ыйык атты колдонуп бакиептин камчысын чаппай эле койчу байболгур!!! Сага ушундай сабырсыздык менен жаман создорду айтайын дейм, жакшы соз бар эмеспи ит уро берет караван журо берет деген! Аман бол деги сен 100 жыл артка кете корбо!!!

кимден: Manas каяктан: chet el.
08.05.2010 16:20
jani biylik Olkobuzdu keminde 10 jil artka surdu.Bakiev jakshi ele ishtep jatti ele kelechekte kanday jakshi plandar bar bolchu.Emi bul biylik chon olkolordun oyunchugu bolup kaldi.Olkobuzgo jakshi umuttor menen karay bashtadik ele.Emi ech kanday umut,ech kanday ishenish dele kalbadi.Kyrgyzmun deshten uyalip ele kaldik.Mumkun bolso bashka olkonun jaranin alip ketish kerek ele bolup kaldi. Ehh..!!! Elim Ehhh...!! kiyrattinar,ali bul tonkorulushtun ozurun kop korosunor.

кимден: Тургунбек каяктан: чуй
08.05.2010 15:33
эгемендик алгандан бери эки бийликти кууп чыктык алар бизге кыянат кылышты азыркысы деле ошолор жолун жолдоодо озу бизге бизди сатпай турган биз аларды куубай турган мусулман куран -суннага амал кылган кыргыз эмес адам затын ойлогон халифа -амир керек мина ушул туура жашоо болот

кимден: Эрнисбай каяктан: Карабалта
08.05.2010 15:32
Бензинди 1 апрельде эле 193.5,$доллар пошлина Газпром киргизген.бакиийдин убагында эле.эмне учун дегенде орустар макстын Гансиге тымызын керосин кымбат баада сатып жатканын билип калышкан орустардан арзан алып.АЛ боюнча америка конгреси откон жумада ызы чуу болушкан 1млрд.долларга керосин 5жылда сатып алышыптыр.кана ошол акчалар?.баксти коргобой ошону туугандарынан сурабайсындарбы.ХАН ТАКТАСЫН КОРДУНОРБУ,ЗООПАРКЫН Бакийдин айылында мына ошол акчалар.УШУЛ УБАКТ.ОКМОтко убакыт береличи биригип.болунбой а то биз жок болобуз.КЫРГЫЗДАР.
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)