Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:18

Саясат

Жоогазын ыңкылабы жолуңду ачтыбы, Кыргызстан?

2005-жылдын 24-марты тарыхта Кыргызстандын бийлигинин элдик толкундоолор аркылуу күч менен алмашкан күнү катары калды. Толкундоолорду биринчи кезекте шайлоо жараяндарындагы бурмалоолор, үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу маалыматтар, бийликтин элден бөлүнүп калышы өңдүү көрүнүштөр күчөтүп, ал ыңкылапка өсүп жеткен.

К. Бакиев ыңкылап күндөрүндө.
x
К. Бакиев ыңкылап күндөрүндө.
Текст көлөмү - +
Бул күндүн урматына өлкөнүн бардык аймактарында расмий жыйындар болууда. Бишкектеги Опера жана балет театрында салтанаттуу жыйын өтүп, анда Президенттин куттуктоосу жарыяланат деп күтүлүүдө.

Ыңкылапчылардын алдыңкы сабындагы саясатчылардын 24-мартты майрам деп жарыялоо тууралуу 2006-жылкы демилгеси эки жылдан кийин, партиялык тизме менен шайланып келген парламенттин тушунда ишке ашты. Башкача айтканда Эмгек Кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу Юстиция министрлигинин мыйзам долбоорун парламент 2008-жылы мартта кабыл алган. Ал эми мурдагы парламент бул демилгени колдоо үчүн убакыт керек деген негиз менен колдобой койгон. Бирок 24-март ага чейин президенттин жардыгынын негизинде майрамдалып келген.

Кандай болгон учурда да март ыңкылабы өз максатына жеттиби-жеткен жокпу – бул суроого так жооп боло элек. Ыңкылаптын алдыңкы сабында жүргөн саясатчылардын жана саясий партиялардын жоон тобу президент Курманбек Бакиевдин башкаруусун жактырбай, оппозицияга кетип калышты.

Алардын бири - Социал-демократтар партиясынын парламенттеги фракция башчысы Бакыт Бешимов:

- Коррупцияга батып кеткен режимге каршы чыккан адамдардын көпчүлүгүнүн ишеничи аткарылбады. Тескерисинче коррупциялашкан режимдин ордуна андан да ыплас режим келди, - деп эсептеди “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып.

Коомчулукта деле ушул өңдүү көз караштар, элдик ыңкылап аркылуу келген бийлик элдин үмүт-тилегин актабай калды деген пикирлер айтылып жүрөт. Жакында “Азаттыкка” берген интервьюсунда ыңкылап эркиндикке чыгарган, кийин Бакиев менен тандем түзүп премьер-министр болгон Феликс Кулов ыңкылаптын максатына жетпей калышына обьективдүү, субъективдүү жагдайлар себеп болду деп, аны моюнга алуу шарт экенин билдирди:

- Бул дал бизге – саясатчыларга чоң доомат. Азыр жүрүп жаткан кризистик көрүнүштөргө камылга көрө алган жокпуз. Ошондуктан тилекке каршы азырынча чоң максаттарга жете элекпиз. Андай болгондон кийин мен да жоопкерчиликти алам.

Расмий бийлик өкүлдөрү болсо ар бир жолу кыйабы келгенде мурдагы бийликтин катачылыктарын кайталабоо, чынчыл башкаруу, элдин жашоо-тирдигин оңдоо үчүн жан үрөп, жоопкерчиликти мойнуна алуу аракеттерин көрүп жатканын баса белгилеп келатышат. Буга үндөш пикирин президент Курманбек Бакиев акыркы жолу февралда уюштурган маалымат жыйынында Кыргызстандын Стратегиясы боюнча суроого жооп берип жатып да билдирген:

- Биздин коомчулукта президенттин милдетине кирбеген майда нерселер үчүн да президент жооп бериш керек деген пикир бар. Ошондуктан жоопкерчилик кимдин мойнунда экенин билебиз. Жоопкерчилик президент катары менин мойнумда.

Ал эми саясат таануучу Марс Сариев кандай айткан күндө да март ыңкылабынан кийин саясий жагдай эле эмес, социалдык-экономикалык жагдай дагы начарлап кетти деген ойдо экен:

- Орусиядан транш келбесе ахыбал абдан эле начар. Караманча агрардык өлкө болуп калдык, өнөр жай мүмкүнчүлүгү таптакыр жоголду.

Талдоочунун баамында акыркы төрт жыл кыргызстандыктардын эсинде стабилдүүлүк орноп тургандыгы менен гана калды.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Семетей
03.04.2009 00:01
Кымбаттуу кыргыз калкым,
эски журт такырайды, андыктан жаңы журтка көчөйүн деп атам. Кааласаңар кошулгула. Бир шартым бар - эски эрежелерди ташташыңар керек. Жаңы журтка аларды алып келсеңер болбойт. Жаңы журтта баары жаңы болуу керек. Жаңы журтка алып келе турган жүгүңөр булар:
1. Жаңы журттун саясатына динди аралаштырбоо ниети. Ар кандай диндерге карата тең мамиле. Жаңы журттун төрүнө бир динди отургузууга астейдил каршылык кылууга даярдык.
2. Пикирлердин ар түрдүүлүгүн сыйлоо ниети.
3. Коомдун кызыкчылыгынан жеке адамдын кызыкчылыгын жогору коюга ынтызарлыктын болуусу.
4. Аялдарды социалдык жактан коргоо ниети.
5. Шайлоолордун ачык, эл аралык байкоочулардын катышуусу менен жана курултайда кабыл алынган шарттардын чегинде өтүүсү үчүн күрөшүү ниети.
6. Коомдо бир расмий тилдин болуусун камсыз кылуу ниети. Бул расмий тил кошуна элдердин тилинин биздин ички иштерибизге таасир берүүсүнөн биздин элди сактоо максатында, алардын тилинен кескин айырмаланып, өз алдынча өсүүсүнө салым кошуу зарыл.
7. Жаңы журтта жыйналган салыктар менен курмандыктардын ачык жана бардык журт мүчөлөрүнүн катышуусу менен калыс бөлүштүрүүгө активдүү катышуу ниети.
Жогоруда аталган 7 ниет жок болсо, бул көчкө кошулуудан карманышыңыз керек. Анткени жаңы журттагы адилеттик жана жаза мыйзамдары өтө катаал. Эмки кабарымда бул жаңы журтта жашоодон эмне утарыңыз жана эски журтта калсаңыз эмнелерди уткурарыңыз тууралуу сөз болмокчу. Каалоо тилектериңиз болсо jangyjurt@gmail.com дарегине жиберип туруңуз.

кимден: Бакай каяктан: Бишкек
29.03.2009 07:25
Москвадагы Өмүрканга. Эмнеге Россияга рахмат?Силер ошол Россиянын ишин бүтүрүп жүрөсүңөр, силерге орустардын айлыгынын жарымын эле төлөшөт, ошон үчүн Россия силерге рахмат айтыш керек. Силер кетип
калсаңар алардын соодасы токтоп, көчөсү шыпырылбай, туалеттери тазаланбай калып, айласы кетет. Биз аларга 150 жылдан ашык колония болдук,эми өзүбүзчө оокат кылбайлыбы...

кимден: omürkan каяктан: Moskva
28.03.2009 16:27
Ыңкылап деп тим эле "Баягы баягы койчумандын таягы". Эгер ыңкылап максатына жеткен болсо кыргыз эли өз мекенинен безип, бөтөн журттарда жүрөт беле? Жаштардан үмүтү чоң, алардан жакшылык күтүүнүн өзү күлкүлүү. Орисияга ырахмат, ошончо элди баккан.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине