Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:20

Саясат

Ажар Куртов: Кыргызстанда чыныгы улуттук лидер жок

Орусиялык саясый талдоочулар Кыргызстандагы жагдайга өз баасын беришүүдө. Бүгүнкү маекте «Азия анализи» фондунун эксперти Ажар Куртов ой-пикирин ортого салат.

Апрелдеги кандуу каршылык акциялары
Текст көлөмү - +
АЗАТТЫК: - Кыргызстандын 20 жылдык аралыгында экинчи президент элдин массалуу түрдө көчөгө чыгуусунан улам кызматынан четтетилди. Мындай адаттан кантип калтырса болот?

А.КУРТОВ: - Тилекке каршы, сиздин суроо абдан татаал жана оор. Мен мындай кыйын тагдырды башынан өткөргөн Кыргызстандын лидерлери ушуну менен эле токтобойт деп ойлойм. Анын себеби, бул жагдайдан чыгып кетер оңой жол такыр жок. Дегеле эксперттер арасында,  анын ичинде орусиялык, көптөгөн жылдар Кыргызстан мамлекеттиги калыпка түшө элек деп ошол туурасында талкуу уланып келет.

Болуп өткөн окуяны баалай келсек, бир гана ташбоор Бакиевдин үй-бүлөлүк режимине каршы элдин толкуусу болду деген аныктамага кошулуп болбос, мен андан алысмын. Эмне дегенде кайсы бир фактылар мени катуу иренжитти. Эмне себептен, маселен, прокуратуранын имаратын эки жолу өрттөштү? Кантсе да бул прокуратуранын Бакиевдер кланына байланыштыгы бардыгынан болобогондур?

Ачык айтканда, кайсы бир документтерди жок кылуу аракети болду. Кылмыштан улам бетке кармалуучу фактыларды жок кылуу аракети жасалды. Анын пайдасын, албетте, жумурияттын кандайдыр бир кылмыштуу чөйрөсү көрөт. Биздин баамда жаңы бийликти 2005-жылы жазында Акаев кеткендегиден алда канча оор абал күтүп турат.

Эмне дегенде Аскар Акаевди кызматтан түшүргөнгө салыштырганда азыр кыргыз элинин бийликтин убада берип, бирок аткарылбай кала бергенин көп кебинен көөнү калып, ишенбөөчүлүгү кыйла.

АЗАТТЫК: - Анда эмне 20 жыл текке кеттиби? Эмики туура кадам кайсы? Мындан ары эзелки каталыктар кайталанбаш үчүн эмне кылуу керек?

А.КУРТОВ: - Жыйырма жыл текке кетти деп айтпас элем. Канткен менен эгерде Советтер Союзу бар кез менен салыштырсак, анда оң учурлар бар экенин көрөбүз. Социалисттик түзүлүштү башынан өткөргөн муун, албетте, кетип атышат. Анын ордун баскан муун ал кезди билбей калды. Эрки менен аракет кылуу, эрки менен сүйлөп ойлоону кыскан режимди билбей калды.

Экономиканы алсак, элге өп-чап маяна берип, өлбө жаным өлбө менен жашоого жеткидей жан сактоо мүмкүн болчу. Советтер Союзунда кийинки жылдары адам ачкадан өлбөй калган. Азыркыдай жумурияттардан иш издеген гастербайтерлер толкуну болгон эмес. Ошон үчүн жыйырма жыл текке кетти дегенге макул эмесмин. Бирок мурдагы социалистик лагерге кирген өлкөлөр, ал тургай мурдагы союздук республикалар менен салыштыра келсек, анда Кыргызстан – балким ага Тажикстан теңешер – социалдык экономикалык чөйрөдө абдан көп жоготууга душар болду.

Менин байкашымча, бул жагдайды оңдоп кете алгыдай улуттук лидер кыргыз элинде, тилекке каршы, алигиче жок. Мына ушул Кыргызстандын чоң жетишпегендиги. Бир жагынан карасаң жумурият калкы кыйла билимдүү, жогорку окуу жайлары, илимий мекемелери көп өлкө.

Бир жагынан карасаң улуттук деңгээлде өз чөнтөгү менен өз бүлөсүнүн камын жебей, жалпы элдин камын ойлогон чыныгы улутук лидерлери жок.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: МММ каяктан: Ош
17.04.2010 09:56
Ажар мырза туура айтат.Кыргызстанда татыктуу лидер жок.Айрыкча азыр.

кимден: Asan Saipov
15.04.2010 19:53
Kyrgyzda tatyktuu liderler bar, emnege zhok bolsun?! Ismail Isakov, Alikbek Zhekshenkulov, Almazbek Atambaev uchoonun birin chechkile zhanylbajsynar! Zharatkan Allahtan korkup, Ata Mekenin emnege kotorushposun!

кимден: самара каяктан: Бишкек
13.04.2010 12:25
Ажар мырза кантип эле бизде татыктуу лидер жок болсун. Калкыбыздын арасынан таап чыгышыбыз керек. Болбосо дагы бир кыргызбайы келет бийликке. Мамлекеттеги калган бийликти тоюшунча жеп, олгєнчє карганып кетет.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)