Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:24

Спорт

Ванкувер: Олимпиадалык жарышта АКШ алдыда баратат

Учурда Ванкуверде өтүп жаткан кышкы олимпиаданын эсеби ачылып, АКШ алдыга озуп чыга баштады. АКШ 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байгелүү болушту. Түштүк Корея 1 алтын, 1 күмүш медал утуп алып, экинчи келатат. Бир алтын байгеси менен Голландия үчүнчү болуп турат

Ванкуверде орусиялыктар үчүн байге эсебин коньки жарышында Иван Скобрев ачып, коло медалдын ээси болду.
Текст көлөмү - +
Дүйнөлүк спорт күйөрмандары учурда Ванкувер олимпиадасына кулак түрүп, кышкы оюндардын таймашуулары күн өткөн сайын курчуп баратканына күбө болушууда. Алгачкы жеңүүчүлөрдү да атай кетели.

Трамплин деп аталып бийиктиктен лыжа менен каалгып секирүү мелдешинде швейцариялык Симон Аммандын жолу болду. Ал чечүүчү таймашта 108 метр аралыкка каалгып барып, атаандаштарынан алдыга озуп, Ванкувер олимпиадасынын алтын байгесине арзыды. Ушуну менен Симон Амман үчүнчү ирет кышкы олимпиаданын алтын медалын тагынып, үч жолку чемпион аталды.

Ванкуверде кыз-келиндердин алгачкы биатлон мелдешинде жердиги орусиялык Анастасия Кузьмина Словакия өлкөсүнө алгачкы алтын байгени утуп берди.

Казакстандык лыжачы Юлия Галышева
Эр-азаматтар арасында 5 миң метрге коньки жарыштарынын жыйынтыгы да чыгарылды. Мында голландиялык Свен Крамер алдыга озуп чыгып, чеберчилиги менен таанылып, алтын байгенин ээси болду. Түштүк кореялык Ли Сонг Хун марага экинчи болуп келип, күмүш медал тагынды. Ванкуверде орусиялыктар үчүн байге эсебин коньки жарышында Иван Скобрев ачып, коло медалдын ээси болду.

Кыргызстандын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркулов Ванкувердеги мелдештерде Орусияга жана Азия өлкөлөрүнө күйөрман болуп, шорт-трек жарышында марага жетпей жыгылган түштүк кореялык жигиттерге өкүнүп турганы “Азаттыкка” билдирди.

1500 метр шорт-трек жарышында финалда Түштүк Кореянын үч жигити топ баштап келатып, марага чукул калгандагы бурулушта экөө жыгылып калды. Бирок лидер болуп келаткан түштүк кореялык Ли Юнг Сун биринчи орунду ээлеп, Ванкувер кышкы олимпиадасынын чемпиону аталды.

Бул шорт-трек жарышында америкалык Аполо Оного оңдой берди болду. Алдыда келаткан эки кореялык жигит жыгылганда күмүш байге АКШнын атуулу Аполо Оного буюрду. Анын өнөгү америкалык Жей Ар Селски да үчүнчү болуп, коло медал тагынды.

Кыз-келиндердин фристайл мелдешинде канадалык Женифер Хейл лидер болуп, жердештери сүрөөнгө алып жатышкан. Бирок акыркы учурда гана америкалык Хана Кирнинин чеберчилигине калыстар жогору баа беришип, Хана Ванкувер олимпиадасынын чемпиону аталды.

Кыз-келиндердин хоккей таймашууларында канадалыктар Словакиянын командасын 18:0 эсебинде утуп, үч упайга ээ болушту.

Грузиялык чана спорт чебери Нодар Кумариташвили каза болгон жерде шам жагылып, аны эскерип жатышат. 21-кышкы олимпиадасынын ачылыш аземи алдындагы бул кырсык олимпиадачылардын маанайын түшүрдү.

Учурда Ванкуверде аба ырайы бир топ көйгөйлөрдү жаратууда. Жамгыр жаагандыктан лыжа спортунун айрым түрлөрү боюнча машыгуулар, мелдештер кийинкиге жылдырылды.

Кыргыз спорт делегациясы Ванкуверде олимпиаданын ачылышында
Кыргызстандык Ольга Решеткова да машыгуусун кийинкиге жылдырууга аргасыз болду. Ал 15-февралда кечинде 10 км аралыкка жарышка катышмакчы. Кыргызстандык тоо лыжачы Дмитрий Трелевский 19-21-февралда мөрөй талашууга катышат.

Учурда жеңип алган алгачкы медалдардын саны боюнча АКШ алдыда баратат. Алар 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байгелүү болушту. Экинчи орунда 1 алтын, 1 күмүш медаль алган Түштүк Корея, бир алтын медаль менен Голландия үчүнчү болуп турат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Зебо каяктан: Бишкек
15.02.2010 13:32
Эмнегедир кыргыз спортчуларын, алардын көтөрүп турган желегин чет мамлекетте көрсөм эле ыйлагым келе берет. Жоош, момун, бае калк да. Башкалардай болуп балпайып катарга көп болуп чыгышпайт. саналуу гана адам. Биздин атуулдар аянычтуу көрүнөт мага. Ким билет эгер кыргыздар саясат менен алпурушпай, бирин бири соттобой, камабай таза жашап, мамлекет спортко мындан да көңүл бурса келечекте чемпиондор көп чыкмак беле?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)