Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

А.Текебаев: “Бийликтин жеңиши убактылуу”

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккандарды милиция кармап кетип жатат

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккандарды милиция кармап кетип жатат

07.08.2009
Ырысбай Абдыраимов

«Ата мекен» партиясынын Жалал-Абат облусундагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев элдин добушун бурмалап шайланган бийликтин өмүрү кыска деп билет.

- Асылбек мырза, Жалал-Абат облусунун бийлиги бизге шайлоонун мыйзам бузууларсыз өтүп, көпчүлүк шайлоочу бийликтин кийлигишүүсү жок эле президент К. Бакиевди кубаттаганын билдирди. Сиз президенттик шайлоого кандай баа бересиз?

-23-июлдагы президенттик шайлоо өтө ыплас, мыйзам бузуулар, админстративдик ресурстарды колдонуу менен өттү. Ошондуктан бул жерде шайлоочулардын укуктары корголгон жок. Шайлоочулар өздөрү каалаган талапкерге добуш бере албады. Анткени жергиликтүү бийлик жана административдик ресурстар шайлоочуларга каршы иштеди. Алар бир гана шайлана турган адам – Бакиев үчүн иштешти. Ал үчүн алар ар кандай фальсификацияларга, чагымдарга, мыйзамсыз иштерге барышты.

- Сиз шайлоодон кандай жыйынтык чыгардыңыз? Кыргызстан таза, адилет жана калыс шайлоо өткөрөрүн далилдей алдыбы?

- Биз сиз айткан аймактарда шайлоону толугу менен көзөмөлдөөгө аракет кылдык, бирок жогоруда белгилеп кеткендей, күч тең болбоду. Байкоочуларга каршы күч органдарын, милийсаларды колдонушту. Мисалы, Ноокен районундагы Момбеков атындагы жана Базар -Коргон районундагы Базар-Коргон айыл өкмөтүндөгү шайлоо участокторуна байкоочуларды киргизишкен жок.

Эми азыркы бийлик биз жеңдик, бардыгы таза, ачык айкын шайлоо болду дегени – бул убактылуу көрүнүш. Бул шайлоонун чындыгы эртеби- кечпи, баары бир айкын болот. Ошондо чоң нааразылыктарды пайда кылат. Жер-жерлерде өздөрүнүн укугун коргойбуз деген шайлоочуларды кармоо, камоо, аларга штраф салуу, камакка алуулардын бардыгы өлкөнүн баш мыйзамынын кепили болом деген президенттин ушул окуяларга көңүл бурбай атканы – бул, биздин өлкө барган сайын, күн өткөн сайын, ай өткөн сайын мыйзам бузулуп, криминалдашкан, коррупцияланган, мыйзамдары сакталбаган өлкөгө айланып баратканынан кабар берет.

Мындай нерсе, Кыргызстандын келечегине бир топ балта чабат, өнүгүүсүнө бир топ тоскоол болот. Бул абалдан чыгуу үчүн кыйла убакыт кетет. Ушуну азыркы бийлик, президент К. Бакиев эске албай атканы өтө өкүнүчтүү.

- Өзүңүз айткандай, шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөн болсо, анда мурда болжолдонгондой, шайлоочулардын укуктарын коргоо үчүн күтүлгөн нааразылык акцияларынын болбой калуусунун себеби эмнеде?

- Мен ойлойм, нааразылык акциялары жер-жерлерде баары бир болду, аз санда болсо дагы. Ошого карабай, азыркы күндө деле болуп өткөн шайлоого элдин нааразылыгы күч алып турат. Болгону, адамдардын көтөрүлүүсү үчүн кандайдыр бир себеп – шарт, мезгил талап кылынып турат. Мен ойлойм, элдин нааразылыгы, элдин кыжыры баары бир эртеби – кечпи, бир күндөн кийинби, же бир аптадан кийинби, бир айдан кийинби, сыртка чыгат. Ошондуктан мен ойлойм, К. Бакиевдин президенттикке шайланышы легитимдүү эмес, аны көпчүлүк эл билет. Бийликтин тамыры бекем болбойт. Себеби элдик бийликтин гана тамыры бекем болуусу мүмкүн. Ал эми элдин эсебинен сатылып, уурдалып алынган бийликтин өмүрү кыска.

- БШК менен Конституциялык сот шайлоо болду деп, К. Бакиевди президент катары тааныды. Эгерде шайлоо туура эмес болсо, алар тааныбайт эле да ?

- Илгери Франциянын королю Людовик XIY- айткан экен, « бийлик, мамлекет – бул менмин» деп. Азыр деле ошондон айырмаланбаган бийлик болуп калды. Шайлоо комиссиясын президент түзөт, Жогорку Кеңешти президенттин партиясы бийлеп турат. Бардык жетекчилер менен сот, прокурорлорду, мыйзам чыгаруучуларды президент бекитип аткандан кийин алардын бири дагы Бакиевге же анын командасына каршы чыга албайт.

Ошондуктан биз мыйзам бузууларды тастыктаган фото, видеодокументтерди топтоштуруп койдук. Аларды сиз айтып атасыз, эмнеге сотко бербейсиңер? деп…Сотко берген менен бул баары бир оң жагына чечилбейт. Андан көрө ал далилдерди сактап койсок, жакынкы күндөрдө, учуру келгенде кийинки бийлик бул нерселерге саясий жана укуктук баа берет го деген ойдомун. Бүгүнкү күндө мыйзамды бузуп, мыйзамды бурмалап, президенттикке жеткен адамдарга, Бакиевге жардам берген адамдарга, бардыгына кийинки кезде ар бирине баа берилип, ар бири ишине жараша жазасын алат го деген ойдомун.

- Шайлоочулардын укугун талашып, Бишкекте нааразылыкка чыккан адам укугун коргоочуларды милиция кармап, сот айыптарга жыкты? Сиздин көз карашыңызда бул кандай күчтүн белгиси?

- Бул – азыркы кездеги полициялык бийликтин бекем орношуп жаткандыгынан, бир адамдын кызыкчылыгын коргогон бардык мамлекеттик уюмдар бириккен кландык – бир туугандык бийликтен кабар берет. Бүгүн төрт адамды, кечээ беш адамды, андан мурда кырк эки адамды камады. Мындан ары мындай камоолор көбөйө берет. Канчалык камоо, куугунтук көбөйгөн сайын каршылык ошончолук өсөт. Мен ойлойм, жакынкы күндөрдө төрт адам эмес, төрт миң, төрт жүз миң адам көчөгө чыгуусу мүмкүн. Бийлик элдин күчү эмнеде экендигин ошондо көрөт.

-Маегиңизге чоң рахмат!
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Асан каяктан: Москва
25.08.2009 14:46
Мен Өмүрбек Текебаевди инсан катары да, саясатчы катары да сыйлайм. Ушул эле киши калбадыбы чынында таза бойдон. Бирок өткөндөгү шайлоодо кандидатурасын койбогондугун мен таптакыр түшүнгөн жокмун. 80-90 процент менен өтмөк. Өз жаны же үй-бүлөсү үчүн коркту окшойт. Бирок Улуу жолго аттанганда, жанды канжыгага байлап жөнөшчү эмес беле ата бабалар. Бирок баары бир сыйлайм аман болуңуз Өмүрбек Чиркешович. Өзүңүз бийликке келмейин Кыргызстанда жашоо оңолбойт. Ал эми сиздин койнуңузга кирип чыккан видеооператорлорго теңелбегениңиз жакшы болду. Ит үрө берет ..... Абайлап жүрүңүз, Сиз бизге керексиз! Келечектеги ПРЕЗИДЕНТИБИЗ!!!

кимден: Кыргыз каяктан: Ордо
11.08.2009 00:24
Мисалы мен Текебаевге таптакыр ишенбейм. Анын ой-максаты туура болсо, ал эчак эле Акаевди кулатып бийликке келмек. Өткөнкү революцияда (Акаев качып кеткенде) Кыргызстан президентсиз туруп калганда, Текебаев кайда жүрдү? Эмне үчүн бийликти колуна алган жок? Буга бир гана жооп бар:- Текебаевди коркок дегим келбейт, бирок факт бул факт. Мындай адамдар революцияны бирөөнүн колу менен кылганды жакшы көрөт. Азыркы шайлодо да, "Бышпаган" Атамбаевди астыга салып коюп карап турду. Бирок эл бардыгын көрүп, байкап турат.

кимден: кыргыз каяктан: Ош
10.08.2009 21:16
ЭЭ туугандар эгер силер ушул бийликти мыйзамдуу, жакшы,эл үчүн күйгөн бийлик десеңер анда көзүңөр көр экен.Ооба аппак эч ким жок бирок салыштырмалуу бүгүнкү саясатчылардан Өмүрбек Текебаев алда канча салмактуу. Мен бүгүнкү келечекке кайдыгер карабаган жаштарды чакырат элем, тарых үчүн Текебаевди президент кылышыбыз керек!!!

кимден: Айчырак каяктан: Москва
10.08.2009 19:31
Текебаев, Атамбаев, Бекназаров эл деп күйбөйт. Экөө бизнесин сактайын деп жүрөт, Азике жакшы эле иштейбербейби андан көрө таза КАНДУУ КЫРГЫЗ сакталып калабы туугандар ушуну ойлойлучу. Кыргыздын кыздары абийирди төгө турган болду, аттуу-баштуу эжелер айткылачы, сураныч.

кимден: Кыргыз каяктан: пикир
10.08.2009 17:36
Чыныгы оппозиция шайлодон кийин токтоп калбайт, эл менен жылдар бою иштейт, өзүнүн катарына мүчө кылыб миллиондогон жаранды кабыл алат анан гана бийлике келиши мүмкүн. Ал эми биздин оппозиция сөрөйлөр - шайлоонун астында гана кыймылдай баштайт, эл менен иши жок, өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлойт. Мындай оппозиция, эч качан бийлике келбейт, ага татыктуу да эмес.

кимден: erlan каяктан: oshton
10.08.2009 12:43
eee asilbek tekebaev tort min emes tort adam da chikpait el jadadi silerge okshogon adamdardan. andan koro diykanchiligindi kilsan baldarin achka kalbait erten ele kish kelet..

кимден: Талант каяктан: москва
10.08.2009 11:36
Бийликке Атамбаев, Текебаев деле келсе эч нерсе өзгөрүлбөйт. Ушунчалык элге күйсө президент болбой эле элине кызмат кыла беришпейби. Коррупцияны тууганчылыкты жоюш керек туугандар.

кимден: Кыргыз каяктан: Ордо
08.08.2009 21:01
Текебаев эми пенсияга кетсе болот.
Акаев менен Бакиевге жакшы эле иштеб берди.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)