Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:29

Саясат

Чындыктын чыркырап ийилиши

Бишкек гарнизондук аскер сотунун Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыраткан өкүмү өлкөдө ачык саясий террор күчөй баштаганын көрсөткөнүн белгилеген БЭКтин билдирүүсүн 13-январда парламенттеги СДП фракциясы да колдоп, саясий куугунтуктоолор күчөп баратканын ырастады.

И.Исаковду Алайдагы жердештери колдоп чыкты, 11-январь, Гүлчө.
x
И.Исаковду Алайдагы жердештери колдоп чыкты, 11-январь, Гүлчө.
Текст көлөмү - +

Р. Отунбаева: Эки бөлмө үчүн сегиз жыл берүү - абийирсиздик


Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаеванын айтуусунда, Исмаил Исаковдун эки бөлмөлүү үйдү уулуна берип коюшу ашып барса кызматтык жоопкерчиликке тартууга негиз берчү тартип бузуу болчу. Бирок да эки бөлмө кызматтык үй үчүн мурунку коргоо министрин 8 жылга эркинен ажыратуунун артында азыркы бийликтин атаандаштарынын үшүн алып коюу, саясий буюртма турат.

- Кыргызстандын элине-жерине ушунча кызмат жасаган, аброю өйдө, мына ушундай адамга катаал шарттагы түрмөгө камоону бериш бул айбандык, бул абийирсиз иш. Ошон үчүн зээнибиз кейип, жаныбыз ачып турат.

Өткөн жылы Балыкчы окуясына тиешеси бар делинген 18 адам сот жообуна тартылды. Бишкек гарнизондук сотунда бир жылга жакын созулган териштирүүлөр деле катаал жаза менен жыйынтыкталарынан Исмаил Исаковдун өзү деле шек кылбай, анын чоо-жайын жашырбай айтып келди.

- Тез аранын ичинде ишти козгой коюп булар бардыгын коркутуп-үркүтүп, басып, ушундай деп айтасыңар дегени азыр чыгып жатат. Мына өзүңөр да катышып отурасыңар. Мына, бардыгы качан чыгып жатат? Ноябрда. Июнда өздөрү да текшерип баары жакшы деп кетишкен. Ошондуктан мен айтып кетет элем. Бул түздөн-түз саясий заказ болгон.

Бийлик элдин үшүн алууну көздөп жатабы?

Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун ырасташынча, Балыкчы, Бишкек, Петровкадагы соттоолор бийлик атаандаштарынын сесин басып, элдин үшүн алып, каалагандай ээн-жайкын башкаруу азгырыгынан чыгууда.
Каалагандай башкаруу үчүн И. Исаковго окшогон инсандарды жок кылыш керек болгон деп ойлойм.
М. Ниязов

- Билгенибизди жасайбыз деп. Ошон үчүн Исмаил Исаковго окшогон, анан дагы башы көрүнгөн мыкты-мыкты кыргыздын инсандарын тебелеп-тепсеп жок кылыш керек. Ошентип улуттун бүт баарын коркутуп, анан бир кожоюндун бутунун алдында элдин баары жатсын деген ой менен болуп атат дейм.

Парламенттеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов соттор чыгарган өкүмдөрдү талкууга алыштын, анын туура же натуура экенин жалпыга жарыя кылыштын кажаты жок, деген пикирде. Коюлган кинелердин туура же туура эместигин сот гана аныктап, сот гана чечүүгө укуктуу.
Сот чечимин комментарийлеген туура эмес деп эсептейм.
А. Калмаматов

- Биз эми баары бир ишенимди, милдетти ошол сотторго такканбыз да. Ошон үчүн мен өзүм соттордун чечими туура эмес же туура деп, соттордун өзүнө комментарий бергендин өзү туура эмес, деп эсептейм.

Анткен менен Кыргызстан жарандардын укугун, эркиндигин кысмакка алган, сот адилеттигин камсыз кыла албаган, сөз эркиндигине шарт түзө албаган эркин эмес өлкөлөр катарына кошулганын эл аралык уюмдар, мына жакында эле “Фридом Хаус” уюму 2009-жылкы отчетунда жарыя кылды.

Исмаил Исаков 2008-жылы 10-октябрда президент К.Бакиевдин кадрдык, ички жана тышкы саясатына каршы экенин билдирип Коопсуздук кеңеш катчысы кызматынан баш тарткан. Анын себебин генерал И.Исаков: “авторитардык бийлик принциптери жайылып баратат. Сот жана мыйзам сактоо органдарында коррупция, паракорлук күчөөдө. Бул жөнөкөй адамдардын кызыкчылыгын коргоодон көрө акчасы көптөрдүн кызыкчылыгына багытталгандыгына байланыштуу", - деп түшүндүргөн.

Тасмада: Бишкекте Исмаил Исаковдун камалышына нааразылык билдирген ачкачылык акциясы башталды

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: кылым каяктан: москва
21.01.2010 03:51
Билип да билбей жазып жатабыз,Чындыктын чыркырап ийилиши,экинчи үй-бүлөлүк бийликтен арылыш,(тандасаң тазга) жана ушу сыяктуу толгон катачылыка,кемчиликтен тазаланышыбыз керек,бул Бакиевдин мезгилинин талабы.Ачкачылык менен пикет менен чечилбейт Россиядагы,Казакстандагы азаматтар биригип,каражат жыйып баралы.Адам укугу сакталган,мыйзамды сактаган,адлеттүүлүктү сактаган,көз карандысыздыкты сактоого чакырам.(азыркы бийликтин мыйзамынын күчү, карапайым эл үчүн,өтө так күчүндө иштеп жатат а бийлик үчүн жок эсе).

кимден: Нур каяктан: Москва
19.01.2010 19:41
Элибизден эми эле чыгаан жигиттер баш көтөрсө башын алып салып атышат,канча деген кыргыз азаматтары бар,кыргызды кыргыз кыла турган.Ошолордун баркына жетпей атабыз.Элге пайдасы тийе турган азамттарды коргой албасак,анда биздин келечегибиз,урпактарыбыз башка элге кор болот.Балким,биз кыргыздар биримдигибиз жок үчүн,ак менен караны адаштырганыбыз үчүн Бакиевге окшогон ажого татыктуу болуп жүрбөйлүбү.Эгер керек болсо биз Москвадагы кыргыздар генерал үчүн кыргызстандын келечеги үчүн тике турганга даярбыз!Күч элдин биримдигинде!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.01.2010 00:42
башка айтса да сиз жөн эле олтурбаптырсыз Ажыбай аке, Сиз алайлыксыз го. эми кантип алайлыктардын жүзүн карайсыз. андан көрө алайлыктарга барып ачкачылыкта отургандарга жок дегенде врач ала барып кошулуң. Алайлык Алымбек датканын арбагы уруп кетпесин. Анан айтарым урматтуу алай эли батыраак чыксаңар чыккыла биз да Бишкектен кошулабыз. сиздер мененбиз.

кимден: Аске
17.01.2010 19:11
Нужно подумать о дедовских методах решения политических конфликтов. А то маршы на улицах чо то не срабатывают в наших условиях.

кимден: Рустам каяктан: Россия
14.01.2010 15:53
Жибек!Ты что с неба упала!К продаже не вооружения, а колесной
техники Исаков никак не причастен! До Исакова есть челый начальник управления вооружения Сатыбалдиев Таалай, который без ведома министра имел полномочия и вершил все дела! Как раз да он вообще чистим из воды вышел.В отношении квартиры сын Исакова то же военнослужащий имел полное право получить.Но здесь чисто этичкские нормы нарушены,но никак не уголовное преступление! Ущерба государству Исаков не нанес! Кваритра ведт сдана назад и принята на баланс в Минобороне! Растоптали истинного генерала! Рано или поздно получите по заслугам!

кимден: Joomart каяктан: Kol
14.01.2010 15:48
sizder uchun bir az maalimat, egerde saliwtiram dep kalsanar. akaev kachkanda daniar usenov expertterdi chakirip akaevdin katkan mulkun tabam dep $500.000ga jaldagan. oz chontogunon aldibi??
balykchi-kara keche joluna milliondogon dollardi aliwkan, balykchi menen kochkordun ortosun chandatip bir az tarawti.
jaisanbaev degen kazak milliondordu jeb jolgo tuwo berdi.
zavod, fabrikalardi jep jutup, talkalap deputat bolgondor, azir dele akilman bolup oturgandar sottolnoi ele. eldin akchasin alip kachkan koreets chi? esinerdebi? bala bakchalardi menchiktep, satip, alardin orduna ofis kurgandarchi? alardin kunoosu jok, sebebi sin pikir aitpait, bakiev sonun adam, jakwi dep dalga chaap kouwat.
aga karaganda Isakov general da! bir generaldi dayardaw uchun kop karajat menen ubakit kerek. a bizde bat ele turmogo oturguzat. Isakov aman bolsun, kyrgyzga koburook paidasy tieer bir kunu. KYRGYZ DA KANTSE DA

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.01.2010 10:39
Ушул кезге чейин Бакиевди жактап жүргөм, КТР, ЭлТРди эле көрүп жүрө бериптирмин жакынкы кезден тарта, "Азаттыктын" сайтына кирип ааламда эмне жаңылыктар болуп жатканын окуп алып зээним кейип жатат. Исаковду мурдатан бери эле өтө сыйлайм. Себи ал настоящий генерал. 2 бөлмө үчүн ушундай өкүм чыгаруу нак айбанчылык эмей эмне. Соттор дагы өлгөн экен. (Айтмакчы кимди соттоорун билишет да, Исаковдун бар байлыгы чини, тили анан эл үчүн соккон журогу да) Башкалар бир айылды бүтүндөй жесе (уурдаса), Исаковду кичинекей арбак тоок уурдагандай эле элестеттим. Алайлыктар генералыңар менен сыймыктанышынар керек (алайлыктардын гана эмес бүтүндөй кыргыз элинин генералы), аны колдоп чыксанар бүтүндөй кыргыз эли колдооруна шек жок.

кимден: Марк каяктан: Кыргызстан
14.01.2010 10:21
Жибек, Исаков кайсы күнөөсү үчүн соттолуп жатканын так билбесен, комментарий жазып өзүңдү да кыйнабай, элди да чаташтырбай эле койчу!
Ал эми аскердик техниканы болсо, Исаков министирликтен кеткенден кийин болгону, аны азыркы коргоо министри Калыев Бактыбектин тушунда сатылганы аныкталды го соттук териштирүүдө. Эмнеге Калыев соттолбойт?

кимден: Жибек каяктан: Москва
14.01.2010 05:42
Приговор очень жесткий. Но,
Исмаил Исаков - не честный человек, он продал вооружение,!!!

кимден: КЫРГЫЗ патриоту каяктан: Москва
14.01.2010 00:52
Бакиевке НААЛАТ, уят дегенди унутуп, акчасы кобойуп козун май басып калды, ал арыздансанар да ыйласанар да тушунбойт, май баскан коз корбойт, кулак укпайт. Жалпы эл биригип козуно сайып бийликтен кетириш керек. Башка жол жок. БИЗ эл мененбиз россиядагылар. керек болсо барабыз!!!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)