Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:31

Кыргызстан

“Манас” аба базасы калат окшойт...

АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасына байланыштуу кызуу кептердин аягы тыйыла элек. Айрым саясат талдоочулар “Манас” аба базасынын Кыргызстанда калуусуна Орусия өз кызыкчылыгынын негизинде макулдугун берди деп белгилешсе, бүгүн саясат талдоочу Александр Князев база боюнча жаңы келишим даярдалганын айтты.

Текст көлөмү - +
“Кыргызстан коммунисттери” партиясынын лидери Исхак Масалиев “Манас” аскерий аба базасына байланыштуу маселе аягына чыгарылышы керек деп эсептейт. Ал бул тууралуу бүгүн парламентте билдирип, АКШ өкмөтү менен түзүлгөн келишимди парламент денонсациялаганын эскертти:

-Биз денонсациялап бергенбиз, мыйзам турат. Бирок алигиче базадагы аскерлердин кете турган түрү жок. Ошондой эле кызмат кылып атышат тилекке каршы. Тескерисинче, жаңы жетекчи келиптир. Өкмөт менен президенттин өкүлүнө эскертип кетейин деп атам: бул мыйзам ишке ашырылышы керек, алар Кыргызстандан чыгып кетиши керек, -деди Исхак Масалиев.

Ушул эле күнү КМШ мамлекеттери институтунун аймактык филиалынын директору, саясатчы Александр Князев АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасы Кыргызстандан чыкпайт, бул боюнча тараптар жаңы келишимге кол коюуга даярданышууда, деп айтып чыкты:

-“Манас” аба базасын чыгаруу тууралуу маселе Кыргызстан жетекчилигинин чечими менен эле чечилип калбайт. Бул боюнча акыркы чечимди Орусия менен АКШнын президенттери июль айында болору күтүлүп жаткан жолугушууда кабыл алышы ыктымал. Орусия базанын арты менен өзүнүн кызыкчылыгына байланыштуу бир катар маселелерди чечип алууга аракет кылат. Анын ичинде Украинанын НАТОго киришине байланыштуу маселе да бар.

Александр Князевдин маалыматы боюнча расмий Бишкек Вашингтондон “Манас” аба майданын пайдалангандыгы үчүн жылыга 350 млн. доллардан төлөөсүн талап кылган.

Пентагон “Манас” аба базасы үчүн 224,61 гектар айыл чарба жерин, Фрунзе токой чарбасынын 114 гектар жерин ижаралап келет. Мындан тышкары “Манас” эл аралык аэропортунун учуу тилкесинен 985 миң чарчы метр жери дагы америкалыктарга ижарага берилген.

Тышкы иштер министри Кубанычбек Сарбаев 18-февралда парламентте маалымат берип, аскердик базанын ижара акысы үчүн АКШ 2006-жылдан тартып Кыргызстандын мамлекеттик казынасына 17 млн 400 миң доллардан төлөп келаткандыгын билдирген. Анын айтуусунда эки жыл мурда кол коюлган протоколдук келишим боюнча АКШ ижара акынын көлөмүн 50 млн долларга жеткирүүгө милдеттенме алып, бирок иш жүзүндө аны аткарган эмес.

АКШ баштаган эл аралык антитеррордук күчтөрдүн аскердик базасы Ооганстандагы террордук күчтөргө каршы “Урагыс эркиндик” согуштук операциясын ишке ашырууга көмөктөш болуу үчүн Кыргызстандын “Манас” аба майданына 2001-жылы декабрда киргизилген. Биринчи жолку келишим боюнча аталган база бир жылдык мөөнөт менен жайгаштырылган.

Үстүбүздөгү жылдын 18-февралында кыргыз парламенти базаны өлкө аймагынан чыгаруу тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чечимин колдоп берген учурда эле айрым саясатчылар “база эч жакка кетпейт” деген пикирлерин билдиришкен эле. Алардын бири, саясат талдоочу Марс Сариев АКШ үчүн Борбор Азия аймагында базанын болушу өтө маанилүү, ошондуктан алар Кыргызстандын ар кандай талаптарына көнүшү мүмкүн, дейт. Ал ошондой эле “Азаттыкка” айткан сөзүндө база маселесин кароодо Орусия да аралашып, макулдугун берген деп билдирди:

-“Манас” аба базасы боюнча тараптар консенсуска келишти, алар –АКШ, Орусия жана албетте Кыргызстан. Буга Ооган президентини каты деле күбө болуп турат. Хамид Карзайдын катын президенттик катчылык ачыкка чыгаруусу да база тууралуу маселе чечилгендигинен кабар берип турат. Болбосо ооган президентинин дипломаттык жол менен келген катына кыргыз бийлиги деле дипломаттык жол менен, жашыруун жообун берип коймок. Базанын Кыргызстанда калышына эң биринчи АКШ менен Орусиянын макулдашуусу себеп, -дейт саясат талдоочу.

11-июнь күнү кыргыз президенти Курманбек Бакиев АКШ президенти Барак Обамадан кат алды. КР тышкы иштер министри элчилик байланыштар аркылуу алынган катты мамлекет башчыга тапшырды. Расмий маалыматтар боюнча анда АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу жана эл аралык террорчулук, маң заттарына каршы күрөштү арттыргандыгы үчүн Кыргызстан элине жана жетекчилерине ыраазылыгын билдирген. Президент менен болгон жолугушуусунан кийин министр “Манас” аба базасы тууралуу эки тараптуу келишимдер жокко чыгарылгандыгын белгилеп, бул мыйзамдар күчүнөн кайтпасын журналисттерге кабарлады.

Ушундан улам айрым саясатчылар “Манас” аба базасы өлкө аймагынан чыгарылбаса да, мурдагы келишимдердин негизинде эмес, жаңы келишимдердин негизинде ишмердүүлүгүн улантат деп айтышууда. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев жаңы келишимдер түзүлүшү зарыл деп эсептейт:

-Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндөгү номур биринчи маселе Батыш үчүн да, Чыгыш үчүн да Аль-кайида менен талибандар болуп атат. Ошондуктан Батыш дагы, Чыгыш дагы бүгүнкү күндө бир нукка, бир жолго түшүп, бир келишимге келип, ушул маселени чечүүгө жетишсе, анда "Манас" аба базасынын да жаңы көз карашта каралып, жаңы жолдо чечилүүгө жол ачылып атат, -дейт Токтогул Какчекеев.

Антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу мыйзамга ылайык 18-августка чейин коалициянын аскерлери толугу менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө тийиш. Бирок айрым саясатчылар белгилегендей президенттик шайлоонун ыр-чыры менен коштолгон ички саясат гана эмес, тышкы саясатта да бул жай өтө аптаптуу болчудай.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: zamir каяктан: bishkek
13.06.2009 14:11
Jenishbek tuura aytasyn.
Shayloobek sayasatka kichine teren kirip anan suiloson jakshy bolmok anan kelechekti da oiloson bolo azyrkyny ele oiloboi

кимден: кыргыз каяктан: Кыргызстан
12.06.2009 18:12
Калганы эле жакшы, бирок,
АКШнын базасын чыгара турган болсо, Орусиянын базасы дагы чыгарылышы керек...

кимден: Икрам каяктан: Баткен
12.06.2009 15:55
Мен Манас аэропортунан Америка авиабазасынын чыгарабаз деп Президентибиз К. Бакиев өзүнүн айтканын уккан элем. Эми ар кандай чыгат, чыкпайт деген сөздөр жүрүп жатат. Бирок мен ойлойм, Президент айткан сөзүндө туруп ал базаны чыгарат. Себеби Президент эки сүйлөп турса анда ага эл ишенбей кадыр-баркы төмөндөп калат го.

кимден: Шайлообек каяктан: ош шаары
12.06.2009 14:56
Урматуу калайык, биз бүгүн эл аралык денгээлде кадыр баркыбызды жоготуп жатабыз. Президент теорияда башкача коментарий берип жатат. Мына, мисалы, Узбекстан эмнелерди кылбай жатат, анан БАЗАнын калышына Орусия макулдук берсе... анда биз президент деп ишенип жүргөн киши алдап жатыптыр да. Парламентте базанын калышын Бакыт Бешимов каалаган болчу. Туура айткан, себеби бүгүнкү күндө заман мына ушуну талап кылып жатат. Афганистанда, Пакистанда абал ото оор. Алардан террорчулар кирип келсе (Кыргызстандын чек арасы жайлоо сыяктуу корголбойт) Орусия бизге эч убакта жардам бербейт. Себеби алар Афганистандын элинин кандай экенин СССР маалында эле билип калышкан. Кыргызстанга бүгүнкү күндө көрөгөч адам лидер болбосо, мобундай нерселерге биз туруштук бере албайбыз.

кимден: Женишбек каяктан: Москва
12.06.2009 11:11
эй американстар пара дамой давай давай

кимден: BBB
12.06.2009 10:52
USA democratiani tutungan mamleket.oshoduktan duynonyn sayasiy tyzylyshy USA ni karay boyun tyzdoyt.bul buytagis chindik.al emi orustardin kyrgyzdarga bergidey akchasin kaydan alat.ozdoru oloyyn dep tursa,minda SKUnun ichinde oyun jatkanday bilinet.

кимден: Tolonturt каяктан: China
12.06.2009 09:53
Америка базасын алып кетсин, алтыныбыз өзүбүздө калып кетсин дегендей эл буга кандай карайт болду экен?

кимден: 1
11.06.2009 23:31
калат 100% билем

кимден: Bek каяктан: Moskva
11.06.2009 21:37
Biz kirgiz kalki kim jakshi soz suylop koyso,u shul tuura dep ele jurup ushul ubakitka cheyin kiynalip kele jatabiz. Kelechekti, aldibizdi karabaybiz. Bizdin eldi azir kim bagip, kim boorunda karap jatat, amerikabi je rossiabi? Kimdi dushman kimdi dos kilip alabiz, oshonu jogorudagi bizdin el ishengen politikachilaribiz oylonush kerek. Ozdorun oylogondoru menen, rossiada jurgon karapayim elibiz kiynalip kalat, rossiaga batbay kalishat. E anda alardi kim bagat, amerika kelip bagabi, je bizdin az koz politikachilaribiz bagabi? İnsap kilgila, eldi da oylongula

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)