Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:36

Саясат

Оппозициянын колу толгоодо

БЭКтин тарапкерлери жер-жерлерде шайлоо жыйынтыгына каршы митинг акцияларын баштоого аракет кылууда. Бишкекти көздөй жакын райондордон келаткандарды милиция кармап кетүүдө.

Текст көлөмү - +
Бишкектин өзүндө митинг баштала элек. БЭКтин лидерлери штабда кеңеш куруунун үстүндө. Штабдын билдиргенине караганда, учурда нааразылык акциялары Талас, Нарын шаарларында, Кочкор районунда, Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында өтүп жатат.

СДПнын башкы штабына жөө жүрүш менен Сокулук, Жайыл, Панфилов райондорунан келаткан 42 адамды белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевди баш кылып, милиция кармап кетти. Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кармалган оппозиция тарапкерлери милициянын кабыл алуу-бөлүштүрүү жайына жеткирилди.

СДП штабы ошондой эле жөө жүрүш менен шаарды көздөй келаткан дагы бир нааразы топту милиция Кызыл-Аскер аймагынан таратты деп билдирди. Бул боюнча тартип коргоо кызматтары маалымат таратыша элек.

Нарында шаардык прокуратура оппозициянын үч өкүлүн чакыртып, уруксатсыз жыйын өткөрүү мыйзамсыз болуп калары жөнүндө эскертүү берип кетирди. «Ата Мекендин» штабында элүү чакты адам эртең менентен бери жыйналып, митинг баштай албай турушат.

Кочкордо шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон 250 чамал адам СДПКнын штабына чогулганы жөнүндө кабар келди.

Талас шаарында шайлоонун жыйынтыгына каршылык митинги “Ата Мекен” партиясынын областтык штабында өтүп жатат. Оппозициянын өзүнүн маалыматы боюнча ал жерде беш жүздөй адам чогулган. Башка булактар чогулгандар мындан эки эсе аз деп билдирүүдө.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Мика каяктан: Чуй
30.07.2009 00:13
АЯ Сариев дохлый вариант, бийлик колго алып койгон Темирчикти, Атамбаев наш лидер татыктуу ЭЛ СИЗ МЕНЕН АЛМАЗ БАЙКЕ!

кимден: Марс каяктан: Токтогул
29.07.2009 23:55
Сариев бийликтин оозун карап олтурат качан Кукем кызмат берет деп, Атамбаев татыктуу эркек.

кимден: АЯ каяктан: Здесь
29.07.2009 20:54
Мой выбор-Т.Сариев!Мы организуем вокруг Вас мощный пул из молодёжи!Темир байке-Наш Президент!

кимден: Антон каяктан: 0001
29.07.2009 20:43
Т.Сариев - мына биздин келечек! Ушул адам үчүн күрөшөм!Азамат экен, РФ колдойт сизди!

кимден: Kyrgyzgul каяктан: USA
29.07.2009 20:08
Kudai kiminer ak bolsonor oshonordu koldosun!!! men uchun Bakiev - Atambaev ekoo ten birdei ele, sebebi Atambaev j-do bashta ech ukkan emesmin. Al myna shailoo aldynda ele ozun taanyta bashtadygo, anan bijliktegilerdi karalap jatat, alar meni uulashty, meni tigintishti moomintishti... etc.. eldin bashyn ailandyryp..

кимден: Гүлчө каяктан: Алай
29.07.2009 19:10
Жалаң Даникке окшогондор, "көзүм көрбөсө к...дү бөрү жесин" дегендердин айынан бийлик бизди маңкурт кылып отурат. Ушундай кырдаалда каяктагы куда тосмой?! Келечектин тагдыры чечилип атса?..

кимден: МУКТАР каяктан: КӨК-ЖАР
29.07.2009 19:05
Мен өзүм оштук болом чүйдө жер иштетем,анча мынча саясатка кызыгам кол бошогондо калаага келип интернет карайм. Бүгүн Бешкүнгөйдөгүнү өзүм көрдүм тимэле терорист кармагансып омондор келиптир алар мыйзам бузкан жок жөн эле жолдун четинде келе жаткан. Бул бийлик болбой калыптыр...

кимден: Shoola каяктан: Bishkek
29.07.2009 18:34
Эгерде шайлоонун аягы акыйкатсыз бүтсө нааразычылыкты качан?кантип?кандай жол менен билдиребиз деп,оппозиция шайлоого чейин эле план түзүп коюш керек болчу.
Антпесе кыргыздар айткандай "койчунун кызы кой келгенде иш кылат" болуп жатат же чын эле "көргөзмөгө" ушундай иштерди жазап жатышат.

кимден: KyrgyzICH каяктан: Jer
29.07.2009 18:32
Kyrgyz politikasy yplastygy menen duinogo shyldyng bolup jatatBul Bakeiev AkA jakynda byilikten ketpeit!
A..a...Atambaev dagy ketisret oshol ele kemchilikti andan da huzhe bolushubuz mumkun no mykty bolo albaibyz!!!
Bijlikke jangy door jangy agym kelet..buirusa!!!
No al bugun emes......

кимден: Нурбек каяктан: Бишкек
29.07.2009 17:44
Алмаз ага, мен сизди колдойм, Көлдөгү камагандарды жөө жүрүш менен бошотобуз дегени колдоого аларлык элди таштабагандыгы
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)