Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:48

Саясат

Бийликти басып алуу өнөкөтү

Кыргызстанда мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу өнөкөтү улам жаңы түс алып, өрчүп жатышы мамлекеттүүлүк үчүн коркунучтуу. Буга “Мекен Туу” саясий партиясынын жетекчиси Урмат Барктабасовдун жактоочуларынын 5-августтагы аракеттери мисал боло алат. Бул тууралуу “Антитеррор” коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков билдирди. Анткен менен У. Барктабасовдун жактоочулары бийликти басып алуу ниеттери болбогондугун жарыялап жатышат.

Текст көлөмү - +
5-августта Бишкекте элдик курултай өткөрүлөт деп жарыялаган Урмат Барктабасовдун жактоочулары бийликке төрт талап коюшту. Алар У. Барктабасовго 2005-жылы козголгон кылмыш ишин жабуу, быйылкы референдумдун жыйынтыгын тааныбоо, парламенттик шайлоону токтотуу жана У. Барктабасовду премьер-министрлик кызматка дайындоону талап кылышты.

“Антитеррор” коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков мындай шарттарды коюу аркылуу, күчкө салуу менен бийликти алуу аракети өнөкөткө айланып бара жаткандыгына токтолду:

- Кара күч менен бийликке умтулуп, премьер-министрликти мага бергиле дегени акылга сыйбаган иш. Таңкалыштуу көрүнүш. Экинчиден, мына 7-апрелден кийин айрым саясий партиялар арасында же болбосо кайсы бир күчтөрдүн ичинде ушинтип эле бийликти басып, алып койсо болот турбайбы деген коркунучтуу ой пайда болгону ырас. Анткени ушундай өнөкөт бир эмес бир нече жолу болуп калган.

Тартип сакчыларынын артка кайтуу талабына карабастан милициянын чынжырчасын жарып өтүүгө аракет кылган Урмат Барктабасовдун жактоочулары соккуга кабылып, артка чегинип качууга аргасыз болгон. Алар таштай качкан унаалардын ичинен курал-жарак жана ок-дары табылган. Бирок муну барктабасовчулар аларга жалган жалаа жабуу катары баалашты. Акыйкатчы Турсунбек Акун да Бишкекти көздөй кирип келе жатышкан Барктабасовдун жактоочуларынын бийликти басып алуу ниети болгон деген расмий бүтүмгө ишене бербейт:

- Биз алар менен сүйлөшкөндө “биз ак калпак кийип келе жатканбыз. Эч кандай жаман ниетибиз жок болчу, курултай өткөрүп эле таркап кетет болчубуз” деп жатышат. Өзү бийлик айкөлдүк менен анын кылмыш ишин кыскартып, анын жөндөмдүүлүгүн, каражатын пайдаланса болмок. А. Жекшенкуловдун, И. Исаковдун кылмыш иштери кыскартылып, акталып чыгышпадыбы. К. Бакиевдин режиминен кор болгондордун бардыгы эле акталбадыбы. Анан эмнеге бул адам акталбай калды? Ушул жери түшүнүксүз болуп калды да. Камап, соттогондон кимге пайда? Мына укук коргоо органдарына элдин дооматы кайра күчөй баштады. Булар Бакиевдерден ашып түштү деп жатышат.

Анткен менен 5-августта кечинде Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Урмат Барктабасов жана анын жакын жактоочуларынан он эки адам кармалып, камакка алынды. Аларга башаламандык уюштуруу, мамлекеттик бийликти басып алуу жана мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү беренелеринин негизинде кылмыш иштери козголду.

Ички иштер министри Кубатбек Байболов менен Улуттук коопсуздук кызматтынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев 5-августтагы окуяны контрреволюциялык аракет катары баалашты. Саясатчы Мирослав Ниязов мамлекеттик бийликти басып алуу аракети азыркы бийликте отургандардын өздөрүнөн калган өнөкөт-үлгү болуп калгандыгын белгилейт:

- Эми булар өздөрүнүн аракеттерин актайлы деген ой менен жүрүшөт. Бул - контрреволюция эмес. Бул өздөрү көрсөткөн үлгүнү башкалары үйрөнүп алышып, ошону эле жасап жатышат. Башка эч нерсе жок бул жерде. Анткени тигил бийликтегилер өздөрү да ушундай жол менен келишкен. Башка бийликке келебиз деген адамдар да ошол жолду пайдаланып бийликке келебиз деген ой менен жасалган иш болду.

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясий партиялардын ага карата даярдыгы күчөдү. Талдоочулар мында акыл-эс менен идеянын жарышынан мурун, кадимки кара күчтүн күрөшү үстөмдүк кылып кетпейби деп чочулап жатышат.

“Антитеррор” коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков айрым бир саясий күчтөр өздөрүнүн куралдуу топторун түзүп, аскердик даярдыктан өткөрүп жатышат деген билдирүүсүн жарыялады:

- Биздин кээ бир коомдук уюмдар жана саясий партиялар өздөрүнүн мобилдик топторун түзүп алышып, кээ бир жашыруун жерлерде, тоолордун этектеринде атканды үйрөтүп, жигиттерин машыктырып жатышат. Ошонун натыйжасында калган куралдарды бири-бирине сатып жатышат. Мына Таласта 6-апрелде 730 автомат жоголгон. Ошонун жартысынан көбү колдо жүрөт. Кимдин колунда экендиги дайынсыз. Ошонун айынан азыр куралдуу топтор пайда болуп жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 5-августта атайын операция учурунда барктабасовчулардын жанынан сегиз автомат, ок-дары жана кол гранаталары табылган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.08.2010 08:50
kairan gana kyrgyzystan! biilik talaxuu menen dagy bolok "qylyk-quluk"tardyn dartyn olo tartuudasyng ee?! ...

кимден: Талантбек каяктан: Ростов
07.08.2010 19:39
эмнесин айтайын,эмнесин айтайын иииииии!--- жакшы болбой атат ))) Ар ким озунун кызыкчылыгы менен алек ,иштейин деген адам жок болуп атпайбы!!!!!!!!!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.08.2010 18:12
Диэр Азаттык! Же баштагы, милиция боору эзилип аткан суротту кайра койгула, же СмайлЛэндден жазган "Боорум айдын" комментарийин алып салгыла. Антпесе тушунуксуз болуп калыптыр, кайсы милициянын боору эзилип атканы ;)

кимден: Сулайман каяктан: Москва
07.08.2010 17:01
Бийлик бийлик деп журуп Кыргызстанды бут дуйного маскара кылып буттунор. Акыры ойлонолучу ал десе ага бул десе буга оой бербей олкобуздун келечэгин бизден кийинки муундарды ойлойлу. Бир эле президентти жамандай бериштин кереги жок баарыбыз бириксек баары жакшы болот кудай буюрса.Кыргызстанды гулдотуш учун президентибизге биринчиден убакыт керек экинчиден тоскоолдук кылбай ал адамды колдоп ар бирибиз жардамыбызды кошушубуз керек.

кимден: Кыргыз кызы каяктан: Ысык-Кол
07.08.2010 16:29
Укук коргоо органдары эмнеге мурунураак эле У.Барктабасовду камашкан жок.Камаганга 5-августагы митинг эмес,мурун эле негиз бар турбайбы.Эркелеткени аз келгенсип,Колдукторду уят кылды.Эми биротоло унун чыгаргыс кылып териштирип,куноосун далилдеп жазалайт деп ишенем.Же казактар кийлигишип алып кетип эле калбаса.Эмнеси болсо да акыйкат жазалансын.Колу менен жасаганды мойну менен тартсын.

кимден: Боорум ай! каяктан: СмайлЛэнд
07.08.2010 09:53
Ит тажаса үрөт, киши тажаса күлөт - дегендей, сүрөттү карасак минингден тажап буткон милиция эми боору калбай күлүп баштаптыр :)))
Туура, мындай кезде акыл токтотуш керек жана кээ бир ишке анча-мынча юмор менен карап койбосок, тытышып калабыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)