Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:49

Кыргызстан

Сакалчандар менен жоолукчандарга жортуул

Соңку кездери “Хизб-ут-тахрир” тыюу салынган партиясынын мүчөсү деген жүйө менен кармалып, камалгандардын саны артып баратканы айтылууда. Укук коргоочулардын айтымында, мындай иш-чаралардын айынан жарандардын укуктары тепселген учурлар көп.

Текст көлөмү - +
Бөрк ал десе баш алгандар көбөйдүбү?

Асель Шаршенова үч баланын энеси. Менчик үйлөрү болбогондуктан күйөөсү экөө Бишкекте батирде турушат. Асель эртели-кеч балдары менен үйдө отурса, күйөөсү Дастан Аскаров түрдүү кара жумуштарды аткарып каражат табат. Бирок быйыл 9-апрелде анын күйөөсүн улуттук коопсуздук кызматкерлери кармап кетишип, кийин аны Токмок шаардык соту “Хизб-ут-Тахрир” тыюу салынган партиясына тиешеси бар деген айып менен 7,5 жылга соттоп жиберген.

“Азаттык” радиосуна баласын көтөрүп алып ыйлап келген Асель, мындан бир канча жыл мурда чындап эле күйөөсү жашыруун партияга киргенин айтканын, бирок туугандары урушкандан кийин ал уюмдан кол үзгөнүн айтат.

Андан тышкары анын айтымында, улуттук коопсуздук кызматкерлери күйөөсүн кармап кетишкенден кийин да анын аркасына түшүп, үйүн улам-улам текшерип тынчын алышууда. “Улуттук коопсуздук кызматкерлери кала берсе бир курдай өлүм менен коркутушту”,- дейт Асель:

- Менин күйөөмдү кармап кетишкенден кийин үйүмө коопсуздук кызматынын 9-бөлүмүнүн кызматкерлери келип, үйдөгү инимди кармап кетебиз деп коркутушту. Инимди мен балдарга каралашсын деп гана чакырган болчумун, ал өзү намазды деле окубаган жөнөкөй бала.

Коопсуздук кызматкерлери иниме “биз сени үч күн камайбыз, эгер сен “Хизб-ут-Тахрирде” болсоң, анда сен да кетесиң дешти. Мен болсо кошуналарды чакырып, алар кыйкырып атып инимди алып калышкан. Ошондо ал адамдар мени коркутуп, “эгерде сен буларды бирөөгө айта турган болсоң, анда жаман болосуң, каналдан табылып калышың да мүмкүн” деп коркутушкан.

Алар дайыма эле үйгө келип, санкциясы жок эле жөнү жок үйдү текшере беришет. Тынчтык беришпейт. А мен балдарым менен үйдө отурам, күйөөм болсо камакта, же мыйзамдарды, укуктарды жакшы билбейм. Эмне кыларымды да билбей калдым. Каякка барарымды билбей калдым. Прокуратура тияк-биятардын баарына арыз жаздым, бирок буларга чара көрчү эч ким жок. Мамлекетибиз ушундай нерселерге көңүл бурса жакшы болот эле.


Ысык-Көл облусунун Түп районунан келген Адилет Исаев аттуу жаран да аймакта “экстремист” деген шылтоо менен камакка алуулар өсүп атканын айтат:

- Мен Түптөгү бир окуя тууралуу айтып коеюн деп силерге келдим. Ушул жылдын 17-июнунда Насырбек Байышев менен Нурмат Асаналиевди милиция кызматкерлери келип, эч кандай санкциясы жок эле үйлөрүнөн салып кетишкен. Аларга экстремисттик “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын өкүлдөрү деген айыптарды коюп атышат.

Алар кандай партияда болгон күндө да алардын укуктары сакталышы керек эле. Бирок алардын жаран катары укуктары тепселип атат. Андан тышкары милиция Асаналиев Нурматты үйүнөн салып кетип атканда аркасынан чыккан аялынын бутун машине менен тепселеп кетишкен.

Насырбек Байышевдин алты баласы, кары ата-энеси бар. Нурмат Асаналиевдин жети баласы бар. Бүгүнкү күндө алардын балдары кароосуз калышты.


Экстремист деп кармалгандардын саны бир канча эсе өстү дешет

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова 15-июлга чейин Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп, ИИМдин убактылуу кармоочу жайларын кыдырып келеген. Анын айтымында, тилекке каршы быйыл бул жайларда 299-берене менен кармалып тургандардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 3-4 эсеге өсүп кеткен.

Кылмыш кодексиндеги 299-берене боюнча Улуттук, расалык жана диний араздашууну күчөттү деп шектелгендерге карата кылмыш иши козголот.

Укук коргоочу А.Абдрасулованын пикиринде, “Хизб-ут-тахрир” партиясына мүчө болгону үчүн гана жарандарды камай берүү туура эмес. “Учурда мындай өнөкөт күчөп, күч органдары сакал койгондор менен жоолук салынгандардын баарын экстремист кыла башташты” дейт укук коргоочу:
Укук коргоочу Азиза Абдрасулова

- Террорчулукка, экстремизмге каршы күрөшүү дегендин өзү биздин өлкөдө Исламга каршы күрөшкө айланып кетүү коркунучуна баратат. Мамлекетибиз өзү кимдер менен күрөшүп атканын билбей атат. Баягыда биз Ноокаттагы окуя боюнча барганыбызда, Ноокаттын акиминин орун басарына суроо бергенбиз. Андан “Хизб-ут-тахрир уюмунун мүчөлөрүн кандай тааныйсыңар, аларды кантип айырмалайсыңар?” деп сураганыбызда ал, “Сакал койгондор жана жоолук салынгандар булар Хизб-ут-тахрир партиясынын мүчөсү” деп айтып атат.

Дагы бир мисал, ошол эле Ноокат окуясы боюнча Жогорку Сотто иш каралып атканда Башкы прокуратуранын өкүлү Жорокул Кубатов деген айтат, “Хизб-ут-тахрирдин ушундай коркунучтуу чакырыктары бар. Алар “Аллоху Ахбар” деп айтышат. Ошол “Аллоху Ахбар” дегендер Хизб-ут-тахрирге мүчө” деп айтып атат.

Бул деген абдан коркунучтуу нерсе да. Бүгүнкү күнү кайса мусулман “Аллоху Ахбар” деп айтпайт экен? Ошол себептүү бүгүнкү күнү мамлекет өзү ким менен күрөшүп атканын билбейт? Булар менен күрөшүүнүн идеологиясы, саясаты Кыргызстанда жок болуп атат.

Өз кезегинде күч органдары соңку кездери экстремисттик, террордук уюмдар Кыргызстанда жандана башташканын, андыктан ага тиешеси барлардын кармалып жатышы кадыресе көрүнүш экендигин айтышууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Рысбек Быкын уулу “Азаттыкка” билдиргендей, коопсуздук кызматкерлери эч себепсиз эле жарандарды камай бербейт. Ал эми “Хизб-ут-тахрир” партиясы өлкөдө тыюу салынгандыктан, алардын мүчөлөрү мыйзам алдында жооп берүүсү керек:

- Биз деген кармаганда алдын-ала териштирип туруп кармайбыз. Калп эле жалаа жаба берген болбойт да. “Хизб-ут-тахрир” болсо бизде тыюу салынган. Соттун чечими менен тыюу салынган. Ошондуктан алардын мүчөлөрү бизде болбошу керек. Ошол себептүү кармоолор кадыресе көрүнүш.

Ошентсе да укук коргоочулар коңгуроо кагып, мамлекет диний радикалдар менен күрөштүн туура эмес жолун тандап алышканын, коопсуздук кызматтары арасында “бөрк ал десе баш алгандар” көбөйгөнүн айтышат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: bir каяктан: biskek
27.07.2009 15:00
bulardin cet mamleketterde krisalarai bar bizde alardan kca algan bascilari kop militsiya karapayim eldi karmabay condorun karmasa caksi bolot ele.bizdim mamkleket ( muftiyat) elge islam conundo kenenireek maalima bersi kerek. el bilip bilbey ele tigilerdin katarina kosulup catat. cet elden milyondogon dollar caram kelip catat bularga. os cergesinde bulardin condoro oto bay bolup casap catisat munu militsiya dele bilet alar karmalsa para berip kutulup ketip catisat kedey kembagaldar bolso turmolordo catat bulardin ayinan

кимден: Мусулман-Патриот
24.07.2009 16:52
ээ, деги бул заман КЫЗЫЛ ШАПКЕЧЕНДЕР менен АК ШАПКЕЧЕНДЕРдин заманы болуп калды.
Урматтуу, милиционерлер!
Силер намаз окуган, сакал койгон, жоолук салынгандардын баарын камасак эле ДИНИЙ АРАЗДАШУУЛАР бүтөт десеңер керек. Силердин жасаганыңар болгону МЕДВЕЖИЙ УСЛУГА (кыргызча айтканда КӨТӨНЗОРДУК) болубатпайбы.
Мындай маселени күч менен эмес ой-пикир (идеология) менен жеңсе болот. элге ЧЫНЫГЫ НУКУРА ИСЛАМ ДИНИН ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ менен.
анан бул жерде бөрк ал десе баш алгандай болубатат. Балким айрымдары ЧОҢУРААК ЖЫЛДЫЗДУУ болубаткандыр. айтор чечилбеген маселе.
Бир гана айтаарым "АЛЛООХУ АКБАР" деген коркунучтуу же болбосо экстремисттик маанайдагы чакырык эмес.

кимден: Ermek каяктан: talas
22.07.2009 03:09
Adilet sen birinchiden islam dini tuuralu tuura tak,terenireek maalymat alyp turup anan islam jonundo suiloson bolmok.oshondo zatyna atyn jarashmak.islam jonundo oto ele maalymatsyz ilimsiz naadan ekenin a degende ele olchoiup korunup turat.sen aitkandai islamdy Muhammed (s.a.v.)jazgan emes.Islam bul ALLAH TAALADAN Muhammed paigambarga j-a Muhammaed paigambardan bashtap akyr zamanga cheiinki butkul adam balasyna j-a jinderge din tutunup joshoogo tushurulgon.ALLAH TAALA Muhammedti(s.a.v.) islam dinin insandarga j-a jinderge jetkirish uchun paigambar (prorok) kylyp tandagan.Andan murunku paigambarlardy,ibrahim,muusa iisany j.b.ny tandagandai ele.Islam ALLAH TAALADAN Muhammedke KURAN bolup tushkon.Al emi Muhammed paigambardyn missiyasy islamdy insandarga j-a jinderge ALLAH TAALADAN kandai tushkon bolso oshondoi jetkiruu,j-a islamdy jashoodo korsotuu.Akyikatta Muhammed paigambar (s.a.v.)islamdy ALLAH TAALA tushurgondoi taza tak jetkirdi,ALLAH andan raazy bolsun.Al emi andan kiyin kelgen adamar,din dushmandary j-a saga okshogon chala-sabat musulmandar taza islamdy eldin kozuno ozgortup buzushtu,j-a dagy ele ozgortup buzuuda.birok bul nerse m-n taza islam ech ubakta buzulbait j-a ozgortulboit.Antkeni butkul aalamdyn jaratuuchusu,bardan jok kyluuchu joktan bar kyluuchu ALLAH TAALA ozu saktaimyn dep oz kepildigine algan.

кимден: Адыл каяктан: Алыс
19.07.2009 16:02
Диний экстремизм менен күрөштө кара күчтү колдонуу өтө коркунучтуу. Chingiz жазгандай, экстремизмди күчөтүп алсак, балээ ошондо башталат. Мындай иште өтө кылдаттык керек, бирок муну түшүнгөн өкмөт кайда?

кимден: Али каяктан: Ордо
18.07.2009 00:57
Муфтий иштей албайт-Башка муфтий керек.Окмот чечсе ушуну?

кимден: Almaz каяктан: alistan
17.07.2009 21:04

Укук коргоочу А.Абдрасулова ishinizge iygilik.chynygy kyrgyz atuulu bar eken kudaiga shugur.

кимден: chingiz
17.07.2009 18:24
demokratiyalik olkodo ar bir jaran ozunun dinin jashoogo akisi bar! birok bizdin baskaruuchularibiz dagi dele demokratiya emne kenin tak bilishpeyt! azir ekstremist bolbogondor erteng ekstremist bolup kalish mumkun! eger sen alardi kiynay berseng! ekstremizm jalgiz gana musulmandar emes, ar bir dinden ekstremist chigish mumkun! bugun amerikada ushul nerselerdi kilip kor! je izrailde yevreylerge karshi ! anan koro ber ekstremizm emne ekenin! birok alarga ech kim tiyhe albayt da a?

кимден: Adilet
17.07.2009 17:38
Исламдан коркутууну колдоону да колдобоону тапса болот. Ушул чоң проблема болуп атат. Мухамед сабаттуураак болгондо, туурарак жазып калтырмак, же сабаттуураак бирөөгө текшертип анан чыгарса болмок.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)