Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:50

Кыргызстан

300 миллион доллар кимге иштеп атат?

Кыргызстан ушул жазда Орусиядан алган 300 миллион доллар өлчөмүндөгү кредит кандайча коротулуп, каякка пайдаланууда? Аларды ээлигине алган Кыргызстандын Өнүктүрүү фонду эмне дейт? Коомчулукту кызыктырган мына ушул суроолорго "Азаттык" жооп издеп көрдү.

Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин өкүлдөрү
x
Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин өкүлдөрү
Текст көлөмү - +
Ушул жылдын апрель айында Кыргызстан Орусиядан 300 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген кредит алган. Алынган кредитти кыргыз тарап 0,75 пайыз жылдык кызыкчылык менен 49 жыл аралыгында төлөп бериши керек.

Аталган сумма алгач Каржы министрлигине түшүп, андан кийин аны Кыргызстандын Өнүктүрүү фондунун карамагына өткөрүшкөн. Өкмөт болсо бул каражатты колдонуу үчүн эки жүздөн ашык долбоор даярдап атканын, аларды Өнүктүрүү фонду карап чыгарын, бул долбоорлордун баасы 860 миллион доллардан ашарын айткан. Биринчи виче-премьер-министр Акылбек Жапаров Орусиядан келген 300 миллион доллар бул долбоорлорго жетпей турганын, андыктан кошумча каржы булактарын табуу керектигин да билдирген.

Ошол 300 миллион доллар карыз акча келгенине 8 айдан ашты. Бирок Өнүктүрүү фонду берген маалыматка караганда бул сумманын 60 миллиону гана Камбар-Ата 2 ГЭСине бөлүнгөн. Өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, калган акча фонддун Улуттук банктагы эсебинде ошол бойдон турат. Эгер коммерциялык банк болгондо, ушул 8 ай аралыгында 240 миллион доллардан орточо 20 % жөнөкөй кызыкчылык менен эсептегенде деле 30 миллион доллардан ашуун киреше көрмөк.

Мына ушундай жөнөкөй арифметикалык эсептөөлөрдөн улам айрым адистер бул каражаттын 8 ай бою жөн эле жатканына ишенбей турушат.

Белгилүү саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, Өнүктүрүү фонду Орусиядан келген кредиттин ар бир тыйыны кайда корогону тууралуу айтып турса ишеничтүүрөөк болмок:

- Ушул 300 миллион доллар Өнүктүрүү фондунда жатат. Аны кандайча пайдаланып атышканын айтып турушса болот эле. Ошол жери да абдан кызык.

Өнүктүрүү фондунун Коом менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Султангазиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, келген кредиттин 60 миллион доллары гана бөлүнгөнү билдирди.

“Азаттык”: - Ошол 300 миллиондун 60 миллиону гана бөлүндүбү?

А.Султангазиев: - Ооба. 60 миллион долларгы гана бөлүндү, Камбар-Ата 2ге.

“Азаттык”: - Калган каражат кайда?

А.Султангазиев: - Калганы Улуттук банкта, фонддун эсебинде жатат.

“Азаттык”: - Фонддун эсебинде жатабы жөн эле?

А.Султангазиев: - Ооба. Азыр жанагы долбоорлорду карап атышпайбы. Ал долбоорлор директорлор кеңешинен өтүшү керек да. Ошондон өтүп, кандай тобокелчиликтери бар, бардыгы эсептелгенден кийин берилет жанагы акча.

“Азаттык” - 200 ашуун долбоорлор бар экени айтылды эле...

А.Султангазиев: - Ооба. Ошолордун бардыгын карап чыгыш керек да. Акча кайра кайтып келеби? Кандай тобокелчиликтер бар? Алар кандай киреше алат? Ошолордун бардыгы эсептелгенден кийин бөлүнө баштайт. Азырынча Камбар-Ата 2ге 60 миллион доллар эле кетти.

Өнүктүрүү фонду Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигине баш ийет. Ал эми Өнүктүрүү фондунун активдерин “МGN Group” башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. “МGN Groupтун” алдындагы “МGN Asset Menegment” компаниясы Социалдык фонддун “Түндүк электро”, “Чыгыш электро”, “Манас аэропорту”, “Кыргызтелеком”, “Кыргызгаз”, “Ош электро” сыяктуу мамлекеттик ишканаларындагы акцияларын башкарат.

“МGN Groupтун” жетекчиси Евгений Гуревич “Азаттыкка” маек куруп, Өнүктүрүү фондунун стратегиялык өнөктөшү экенин билдирген болчу. Президенттин уулу Максим Бакиев менен тааныштыгы жок экенин, Кыргызстанда алар өз күчтөрү менен бат эле ийгилик жаратышканын, өкмөттө иш билги адистер аз экенин, ошол себептүү кызмат көрсөтүп атышканын айткан:

- Менин жеке оюмда бул жерде эки жагдай бар. Биринчиси, чындыгында илим-билимдүү, башкаруунун тилин билген адистер жетишпейт. Бул эч кимге жашыруун эмес. Экинчиден, учурда Өнүктүрүү фонду өкмөткө караганда каражатты сактоодо катуу көзөмөлдөп атат.

Айта кетчү нерсе, ушул эле Евгений Гуревич, Максим Бакиевдин орун басары Алексей Елисеев сыяктуу адамдар Кыргызстандагы алдыңкы банкка айланган “АзияУниверсалБанктын” директорлор кеңешинде турушат. Ушундан улам келген кредиттер бул адамдар көзөмөлдөгөн банктар аркылуу айланып атат деген чочулоолор чыгууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Эдик каяктан: Бишкек
01.01.2010 08:26
Акаевдин убагында Бирштейн деген "бир иштеп кеткен эле" эми "Бирштейн" эмес кеминде беш-алты "Иштейин" дегендер ишке киришти. Булар Кыргызстанды жок кылат.

кимден: Aibek каяктан: Germania
17.12.2009 23:58
salmatsunarbu kurguz elim... blbeim azattuktu okygan saiun kurguz elinin kelechegi chooon problema bolot go ..kaisul bir ybakta ar kaisul olkonyn koloniasuna ailanat bolyschybuz kerek.. baschka olkolordy koryp suktanup kurguzstan kachan onygot dep kuialdanup gana koibuz go akuru .. negizi kambar ata 2 dele kurulup bytkondon kiiin kurguzdarga baschka elge emes ozybyzgo kumbat satulat el jurt mynkyn kaira dagu bir biilikti almaschturyyga araket kulaarbuz

кимден: Kirgiz
10.12.2009 20:16
Bakiyevdin koshomatchilari apirtip jatishat! Bakiyevdi tushurup jok kilish kerek! bashka biroo kerek! Bakiyevdin ubakitinda koptogon sayasatchilar jana maalimatchilar olup jitip ketti! Bul jakshilikka jorulbas albette. Elibiz bolso duynodogu eng korkok jana ozumchul el bolup kaldi. minday uchurda bash iymekten bashka jol kalbay kaldigo deym? je bashka oyungar barbi?

кимден: Тоо гулу каяктан: Нарын
10.12.2009 12:50
Шеринедегилердин пикирине кошулам. Эл деле ошону айтып жатат.Биз кантип чыдап олтура беребиз бийликте бизди "баран" санагандарды олтургузуп коюп. Оздору айтканы оздору унутуп калышабы же атайылап ошентишеби. БАКС тын калпычы экенин 24-марттын эртесинде эле КТР ден жалпы журт корбоду беле. Баласы МАКС жумушка мыйзамсыз келип анан толтура акча менен мыйзамдуу иш кылмак беле. А биз карап олтура беребизби? Мисалы: Акыркы президенттик шайлоо откон сон, билдик го бийлик башына озу келет Чолпон Атада пансионаттар калган президенттер учун курулуп килемдин онунон бери гулду олтургузгандан бери бир жыл мурда даярдалыптыр. Ал эми бышылуу аштын куйуту жаман дегендей колгон келген акчаны пайдаланып калыш керек да. Ушуну тушунбойт деп элди келесоо корушот, акылдуу адис жок деп.Кыргызда куру намыс кыйын эле эми ошол да жокпу. Кыргыздын "мен" дегинин олтуруп кул кылганы калдык.

кимден: Акелл каяктан: Базардан
10.12.2009 12:03
Немис туура айтасы-адамды билги келсе,колуна бийлик, байлык берип кр деген туура экен. Ажо,тилеке каршы таптакыр эле диктат болуп калды го.

кимден: a007 каяктан: Bishkek
10.12.2009 07:56
Мен Бакыттын айтканы чындыкка жакыныраак деп ойлойм. Ошончо акчаны көрүп туруп, ошолор эле жөн турушса... Мени кооптондурган нерсе, ошол акчаларды колдонуп алганы го мейли, орду түбү менен жок болуп ал дагы Кыргыз элинин мойнуна жүктөлбөсө болду. А MGN боюнча, Maksim and Gurevich's Net эмес Аны Maksim, Gurevich's and Nadel (АУБдун кожоюну) десеңер окшогону турат.


кимден: Немис каяктан: Германия
10.12.2009 01:53
Акаев эмне себептен качып кетти кыргыз элин-жерин тыштап, эмне үчүн толкуган элге каршы эч нерсе кыла алган жок??? Себеби элдин алдында күнөөсү тоодой болчу. Дагы жакшы, анча-мынча болсо да уяты бар экен, кан төккөн жок. Акаевдин элдин алдындага тоодой күнөөсү булар эмес беле, Кыргызстандын экономикасын бирден бир өстүрө турган баардык күчтүү өндүрүшүн металлалом катары саттырып ийди, калган каткан кыргыздын байлыгын баласы Айдар жана казак күйөө баласы өз менчигине айландырышкан эле, бийлик корруцияланышып калган, Кыргызстандын өнүгүүсү токтоп калган, чекесинен элге каршы курал колдонулуп, элди атып, куугунтук башталган. Башка кыргыз эли үчүн ыйык, жаркыраган жолду көздөрүн май басып корбой калышкан. Ушунун баарын кыргыз эли көрүп, чыдабай көтөрүлүшкө чыгышкан, өзүңөр билгендей ал Аксыдан башталган. Эптеп Акаевди бийликтен кетирип, эми Бакиев элди жыргал турмушка алып келет десек, баардыгы тескерисинче чыгып, Кыргызстандын элин ого бетер азапка салып, Акаевтин зомбулугунан 10 эсе ашып кетти, балким андан көп эсе. Кыргызстан баягы чырак менен жашаган караңгы турмушка келип калдык, тезек терип оокат кылыгыла деп Бакиев уялбай айтып отурат. Анысы аз келгенсип экономикабыздын көзгө басар энергетикасын сатыкка койду, электр тарифтерин ченебей көтөрүп атат, эми баласын бийликке тартып келди. Баласы жыргатмак беле. Кыргыз эли биригели!!! Бул митайым бийликтин пландарына бөгөт койолу!!!

кимден: Алим каяктан: Каркыра
09.12.2009 20:37
Мен алардын жоопторуна эч ишенбейм! Себеби ажо деле жалган суйлоп, алдап жатат ко!

кимден: Kyrgyz каяктан: Bishkek
09.12.2009 19:24
Камбар АТА-2ни баштаганда айтылган, мындай проекти Кыргызстан биринчи жолу өз акчасы менен жасап жатат жана буга бирканча миллиард сом бөлүндү деген эле. Арадан көп убакыт өтө элек, Оруссиядан алынган кредитти да жумшай башташыптыр. 1-2 агрегаты коюлгандан кийин дагы айтылат, алган кредиттин дагы 50-60 млн. доллары ГЭСке кетти деп.
Кредитти алышы алып алдылар, төлөгөнү келгенде эмне кылат Кыргызстан? Жанакы айтылып жаткан 200 проекттер адамгерчиликтүү болсо анда төлөй алабыз деп ойлонсо болот.
Эгерде бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кирсе анда чөнтөктөрү тешилип калсын эле дейбиз!

кимден: Кыке
09.12.2009 19:12
Мен бул суроо тууралуу объективдүү болгум келет. Орусиядан келип түшкөн насыяны АУБ, МСН, Максим Бакиев, Евгений Гуревич же болбосо Өнүктүрүү агенттиги эмес КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ алган болчу. Ушул карыз акчаны убагы келгенде жогоруда айтылган кишилер же банктар Оруссияга кайра төлөп бербейт. Бул карыз акчаны Орусия КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНЕН талап кылат!!! Ал эми КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ жана мамлекеттин башында турган толук жоопту мойнуна алган КУРМАНБЕК БАКИЕВ мырза карызга алынган насыяны КАНДАЙ, ЭМНЕ МАКСАТ МЕНЕН, КАЙСЫ ПРОЕКТТЕРДИ ишке ашырат - толугу менен бул кишини мойнунда.
Менин ойумча бул насыяны чындыктап туруп түз жана таза колдонуш үчүн өзүнүн уулун иштин башына алып келди. Себеби эч кимге ишенбей жатат. Мындай насыяларды тонош жана уурдаш оңой эле. Кагаз үстүндө проект жазып келип 10 миллион доллар алып анын 5 миллионун насыяны бөлгөн кишиге берип койуп ишиңди бүтүрүп аласың. Ошондуктан КУРМАНБЕК БАКИЕВ эң эле ишенген уулун акчанын башына койду деген ойдомун.
Ал эми МСН деген фирманын кокустан чыга калышы жөн эмес. Үй-бүлө таза иштегенге аракет кылып бирок ошол эле учурда бул чоң акчадан пайда көрүп калыш үчүн ушундай схема колдонуп жатат.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)