Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Домендик зона талашы уланууда

Kyrgyzstan -- Ulan Melisbek, Head of Kyrgyzpatent agency, undated

Kyrgyzstan -- Ulan Melisbek, Head of Kyrgyzpatent agency, undated

20.08.2009

Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши Мамлекеттик патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек уулун коррупциялык иштерге аралашты деп айыптоодо. Муну жалганга чыгарган Кыргызпатенттин башчысы тармакты реформалоого атайылап бут тосуу болуп жаткандыгын билдирүүдө.

Улан Мелисбек бул чыр маселе Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүн автоматташтыруудан улам чыкканын айтты. Адистердин жардамы менен Кыргызпатенттеги кагаз иштерин автоматташтырууга 150 миң доллар жумшалары аныкталып, акча табуу аракети көрүлө баштаган. Бул ишке патенттик ишенимдүү өкүлдөр да кызыкдар экендигин билдирип, каражаттын 25 миң долларын мойнуна алуу сунушун өздөрү билдиришкен.

Улан Мелисбектин айтымында, эгер бул система ишке кирсе патенттик ишенимдүү өкүлдөр кагаз ташыбай, өз кеңселеринен эле тийешелүү документтерди интернеттен салып турушмак:

- Бир маселелерди чечели десек, бир акмак чыга калып кымындай жерден чуу салып жатат. Интернетти ачсам, ошол 25 миң доллар интернетте 150 миң доллар делип, анын баарын Улан Мелисбек доолап, өз чөнтөгүнө салганы жатыптыр деп жазылып жүрөт. Мунун баары обу жок, апыртма кептер. Тилекке каршы домендик зонаны Кыргызпатенттин көзөмөлүнө өткөрүү демилгесине каршы чыккандар мындай нерселерди колдонуп жатышат. Алар укук коргоочуларды да бул ишке илештиришти.

Дүйнөдө ар бир өлкөнүн ICAAN аттуу эл аралык уюм тарабынан ыйгарылган домендик зонасы болот. Мындай зоналардын саны 200дөн ашуун. Маселен Казакстандыкы – “kz”, Өзбекстандыкы – “uz”, Кыргызстандыкы – “kg”.

Кыргызпатенттин деректири Улан Мелисбек “KG” доменинде ат бөлүштүрүү функциясын аркалап келген “Азияинфо” өлкө аймагында жападан жалгыз провайдер болуп, атаандаштыкка жол берилбегендиктен интернеттин өнүгүшүнө тосколдук кылып жатат деген. Андан көп өтпөй эле 7-апрелде президент Кыргызпатентти “KG” домендик атын көзөмөлдөө органы катары дайындоо жарлыгына кол койгон.
Айрым бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү мунун артында Кыргызстандын интернет мейкиндигиндеги сөз эркиндигин ооздуктоо максаты турганын айтып чыгышкан. Байланыш операторлор жамаатташтыгынын аткаруучу деректири Олег Жеребко домендик көзөмөлдөөнү бир колдон экинчи колго өткөрүү жеңил желпи жумуш эмес экендигин жана мындай демилгенин ишке ашуусу күмөн экендигин билдирген эле:

- Биринчиден, мындай демилге көптөгөн каражатты, техника жана адистерди талап кылат. Экинчинден ICAAN уюму да “ме” деп эле бере салбайт. Бул жараян көпкө созулуп, буга бир нече жылдар кетиши мүмкүн.

Улан Мелисбектин пикиринде, бүгүнкү күндөгү ага коюлуп жаткан куру айыптоолор - домендик зонаны көзөмөлдөө маселесине байланыштуу болуп жатат. Ал муну кыргыз интернетин жаратууга карата болгон тоскоолдуктардын дагы бири катары бааларын билдирди.

- Азыр кыргыз адистеринин профессионалдык деңгээли, мээси жетип, улуттук мейкиндикти колго алып, кыргыз маданиятын чагылдырган кыргыз интернетин жараталы десек, ушул жерден кыргыздар бирин-бири жеп жатышат. Ал жакта чоң коммерциялык структуралар жатат. Мен алар менен канчадан бери күрөшүп келе жатам. Канча жолу провакацияларды жасап жатышат.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова анын колунда бул маселе тууралуу аудио, видео материалдар бар экендигин, Улан Мелисбектин “куугунтугуна кабылдым” деген адамдар менен баарлашканын билдирди. Алардын айткандарына жана айрым фактыларга караганда, бул жерде кандайдыр бир туура эмес иштер бардай. Ошондуктан укук коргоочу бул маселени укук коргоо органдары караса жүйөлүү болмоктугун белгилейт:

- Мамлекеттик кызматкерлер менен иштеген башкы прокуратура, каржы полициясы, коррупцияга каршы агенттик деген кызматтар бар. Негизи бул алар үчүн жакшы сигнал болуш керек. Колунда патенти барларга тиешелүү документтерди 3 айдан бери бербестен, качан акча которгондо документтерди беребиз дептир. Ар биринен 7 жарым миң доллар сураганын айтып жатышат. Алардын сөзүнө ишенсек, жагдай ушундай.

25-августта Улан Мелисбек Акыйкатчы аркылуу жолугушуу уюштурганы жатканын Азиза Абдирасулова маалымдады. Бул кунү укук коргоочулар айыптоочу тараптын гана эмес, Улан Мелисбектин да негиздерин укканы жатышат.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Асан каяктан: Москва
18.09.2009 12:04
Президентти алдап салдап эле кагаздарга кол койдуруп алышат окшойт. Кыргыз патент, менин түшүнүгүмчө Интелектуалдык менчиктикке, илимий ачылыштарга, автордук укуктарга ж.б. көзөмөл кылып элдин кызыкчылыгын коргош керек эле. Домендик атты Улан Мелисбек коргогондо эмне өзгөрүү болот? Мен дегеле түшүнгөн жокмун. Домендик аттын Азия инфодо турушунда эмне жаман жагы бар? Кыргыз патент домендик атты көзөмөлдөсө момундай жагы оңолуп Кыргызстанга ушундай пайда алып келет деп эмне үчүн ачык айтпайт. Эмне үчүн патенттик ишенимдүү өкүлдөрүдүн бир аз бөлүгүнүн каалоосун бетине кармап алып бүткүл Кыргызстандын интернет пайдалануучуларынын атынан иш кылганы жатышат. Ошол эле Улан Мелисбек айткан 25000 доллар оңой акчабы, Кыргыз патентти автоматташтыруу ушунчалык зарылбы? Ошол акчаны башка керектүү жакка жумшаса болбойбу, Мисалы Камбар Атага, газ үчүн мамлекет карыз болуп отурат. Бул жерде чындап эле Уландын өз кызыкчылыктары бар окшойт. Болбосо....

кимден: Айбек каяктан: Чүй
24.08.2009 18:26
Улан Мелисбек ушунчалык өзгөрөт деп ким ойлоптур. Кимдин кандай адам экенин билгин белсе колуна бийлик менен байлык бер деген чын окшойт. Убагында демократия деп шилекейине какаганча айкыргын Улан, азыр ошол демаократияны муунтуп жок кылуучулардын бири болуп калды окшойт. Кыргызпатент деген мамлекеттик орган, ал эми мамлекеттик органга көз каранды болгон кайсы массалык маалымат каражаты чындыкты жазып же көрсөттү эле. Азыр чын маалыматты Интернеттен гана алса болот, анан бул дагы мамлекеттин колуна өтчү болсо анда демократия дегенге аш берип, жашасын Бакиевдин диктатурасы деп кыйкыра бергиле.

кимден: Эр каяктан: Борбор
23.08.2009 23:12
Кыргызга чоң таяк керек-түшүнөт баарын ошондо!

кимден: Алымбек каяктан: Москва
23.08.2009 21:43
Кыргыздарда азыр уурдамай ,тономой,жалаа жабуу, алдамай, өлтүрмөй, көрө албастык , паракорлук ж.б. адаттары токтомоюн МАНКУРТЧУЛУКтан чыкпайбыз. Иштегендерге бут тосмой, көө шыбамай эптеп ээрден жыгыш керек. Домендик системаны иштетип койсо жакшы болмок Кыргызстан үчүн. Көрөлүчү аягы эмне болоор экен.

кимден: A.K.A. каяктан: Bishkek
21.08.2009 20:06
KG доменин Кыргызга. Кыргызстан алга!

кимден: ААА каяктан: КР
21.08.2009 19:28
Улан Мелисбекти көрө албастардын иши! Кыргыз ушундай жаман калк - бирок Улан Сени колдойбуз!

кимден: Kyrgyz каяктан: Ozgon
21.08.2009 18:16
Chinigi akiykatchilardin Kg da ishteshi biraz kiyiniraaakko deym :) Asia infonun je bolboso bizdin chongdordun oyu boyuncha Ulan sen alardan biraz akcha alip koyup oz ookatingdi kilip oltura berishing kerek. Sebebi men da bul sferada ishteym domain hosting al bul dgeendei. Baarina ele taanimal domain satishinda oto chon akchalar bar. Ooorunan jilbai olturup alip Asia info akchalardi jiynap jatat. Duynonun ech jerinde domain 100 dollar emes. A bizde bolso Kyrgyzdar tushunboit degen oi menen oz bilgenin kilip jatishat. Men bir kancha domain aldim KG. Ozdorunun ofisterine barip akchani toloshko tuura keldi. Al jerde 1 Kyrgyz jok je men korgon jokmunbu bilbeym. Baari oruscha suyloshup janimdi keyitti. Ozum Kyrgyz bolgonumdan uyaldim chininda. Kantip ozumdun mekenime Kyrgyzdardan alalbayin Kg domain di dep. Emne uchun mindai akcha jakshy tabila turgan jerlerdi mamleket kozomoldop Kyrgyz atuuldarin koyup biraz keebir nerslerdi kolgo albaybiz ya Kyrgyzdarim ??? Okunuchtuu okuyalar kaysinisin aytali...

кимден: inash каяктан: Ankara/Turkey
21.08.2009 17:59
Azia İnfo emnege bergisi kelbey atat Kyrgyzdyn domeni kachan kyrgyzdyky bolot? Ulan Melisbek alga! Biz sen menen!
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)