Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:56

Экономика

Уюлдук байланыш тармагы кимдердин колунда?

Уюлдук байланыш компаниялары 1-февралдан тарта ар бир чалуунун баасын 60 тыйынга кымбаттатмакчы. Монополияга каршы саясат агенттиги буга байланыштуу азырынча эч нерсе айтпасын билдирүүдө.

1-февралдан тарта уюлдук байланыш 60 тыйынга кымбаттамакчы
x
1-февралдан тарта уюлдук байланыш 60 тыйынга кымбаттамакчы
Текст көлөмү - +
Айрым талдоочулардын айтымында, уюлдук компаниялардын аркасында өтө таасирлүү адамдар турат.

Уюлдук байланыш - өтө кирешелүү бизнес


Уюлдук байланыш – Кыргызстандагы эң эле кирешелүү бизнестердин бири. 2009-жылдын жыйынтыгына караганда, өлкөдөгү капиталдык айлануусу боюнча алдыда турган эң ири 10 компаниянын катарына “Sky Mobile” жоопкерчилиги чектелген коому (Beeline) менен “Альфа Телеком” жабык акционердик коому (MegaCom) кирген. Тизме боюнча “Beeline” компаниясы үчүнчү орунда, “Кумтөр” менен менен “Газпром нефть Азия” компанияларына куйрук улаш келатат. Ал эми “MegaCom” компаниясы тизмеде бешинчи. Байланыш тармагынын бул эки гиганты капиталдык айлануусу боюнча “Кыргыз темир жолу”, “Түндүкэлектро”, “Кыргызгаз” сыяктуу лөктөрдөн эбак озуп кетишкен.

Ал эми мамлекетке төккөн салыктардын көлөмү боюнча “Beeline” компаниясы “Кумтөрдөн” кийинки экинчи орунга чыгып, былтыркы жылы казынага 942 миллион 200 миң сом төгүшкөн.

Мурдагы президент А.Акаевдин тушунда да уюлдук байланыш өтө кирешелүү бизнес катары саналып, президенттин үй-бүлө мүчөлөрү бул тармакты көзөмөлдөй турганы айтылчу. Андай сөздөр азыркы президенттин тушунда деле айтылып келатат.

60 тыйындын аркасынан чыккан кулак...
Бирок Кыргызстандын шарттарында рынокту тескөө өтө эле оңой да. Анткени Кыргызстан кичинекей мамлекет. Анын экономикасын аз гана адамдын колуна алып коюу оңой.
Т.Акеров

Жакында эле Кыргызстандагы уюлдук компаниялар 1-февралдан тарта ар бир телефон чалуулардын баасын 60 тыйынга көтөрүшөрү жарыяланган. Социал-демократтар фракциясы муну бийлик менен бир ууч бизнесмендердин жең алдынан сүйлөшүүсү, элди каратып туруп тоноосу катары баалашты.

Айрым серепчилер өлкөдөгү ири уюлдук компанияларынын аркасында президенттин үй-бүлөсү турарын айтышат. Маселен, “MegaCom” деген ат менен белгилүү уюлдук операторунун көзөмөлдөөчү акциясы мурда орусиялык “БиМоКом Лтд” ЖЧКчында болчу. Былтыр күзүндө Орусиялык маалымат каражаттары президенттин уулу Максим Бакиев көзөмөлдөгөн “Альфа Телеком” компаниясы “БиМоКом Лтд” компаниясынан акцияларынын бардыгын тартып алганын жазып чыгышкан. “Sky Mobile” компаниясынын аркасында да бийликтеги өтө таасирлүү адамдар турушканы жазылган.

Бирок кечээ Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси М.Бакиев “24.kg” агенттигине интервью берип, ага байланыштуу айтылгандарды ушак, ойдон чыгарылган нерселер катары баалаган.

Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева уюлдук байланыштын кымбатташын, “алкымы чоң бийлик менен бир ууч бизнесмендердин жасаганы” катары баалады.

Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, бул сыяктуу көрүнүштөр финансылык пирамида, көз боёмочулук болушу толук ыктымал:

- Аталган компаниялар башка эле адамдардыкы болушу мүмкүн. Бирок Кыргызстандын шарттарында рынокту тескөө өтө эле оңой да. Анткени Кыргызстан кичинекей мамлекет. Анын экономикасын аз гана адамдын колуна алып коюу оңой. Себеби рыноктук шарттарда уруксат берүү кагаздарын айрым гана адамдарга берип, калгандарынан алып таштаса эле рынок бир нече адамдардын колуна өтүп калат.

Ошол сыяктуу байланыш түйүнүндөгү компанияларды алсак, аларга деле шарттарды коюп койсо бааларды көтөрүүгө аргасыз болушат. “Мейли анда силер бааларды 60 тыйынга көтөрүп бергиле, биз силерге кирешенин баланча пайызын берип туралы” деп айтуулары мүмкүн. Мындай пирамидалар экономикасы ачык эмес өлкөлөрдө көп эле түзүлгөн.


Ал арада уюлдук компания өкүлдөрү кымбаттоонун келип чыгышына электрге, жылуулукка, ысык сууга болгон тарифтердин көтөрүлүшү себепчи болгонун, Байланыш агенттигинин 9 центтик чек тууралуу да буйругу ага түрткү бергенин айтышууда.

Улуттук байланыш агенттигинин жетекчиси Кубат Кыдыралиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, 60 тыйынга кымбаттатууну уюлдук компаниялар өздөрү коюп атышканын билдирди.

Монополияга каршы саясат агенттиги алсызбы?
Бул кымбаттатуу алардын ички иши.
М.Мамбеталиев

“Кыргызтелекомдун” башкаруу кеңешинин төрагасы Марат Мамбеталиев да уюлдук компаниялары 60 тыйынга кымбаттатууну өздөрү чыгарышканын, ага Байланыш агенттигинин 9 центтик чек тууралуу буйругу таасирин тийгизбегенин айтты:

- “Кыргызтелеком” байланыш тармагында монополист болгондуктан аны Байланыш агенттиги көзөмөлдөп турат. Ошол себептүү биз тарифти көтөрүп жибербешибиз үчүн агенттик чек коюп койду.

Мына карап көрүңүз. Эгер сиз үй телефону аркылуу уюлдук операторго чыксаңыз, биз алардын тармагына чыгып, аларга акча төлөйбүз. Эгер сиз уюлдук телефондон үй телефонуна (“Кыргызтелеком”) чыксаңыз, анда сиз операторго төлөйсүз, алар бизге төлөйт. Өз ара эсеп-кысап жүрөт. Демек бул кымбаттатуу алардын ички иши.

- Уюлдук компания өкүлдөрү кымбаттатууга 9 центтик чек да себепчи болгонун айтып атышат.

- Жок. Бул эч кандай кымбаттоого таасирин тийгизе албайт. Бул алардын ички иши, тарифти өздөрү коюшат.

Талдоочулардын пикиринде, Монополияга каршы агенттиги монополист компанияларга бааларды негизсиз кымбаттатууга жол бербеши керек эле. Бирок мындай кымбаттатууга жогорку деңгээлде уруксат берилген болсо, агенттик эч нерсе кыла албайт дешет.
Азыр бул суроого толук жооп бере албайбыз. Анткени 4-декабрга чейин көзөмөл Байланыш агенттигинде болчу.
Назира Үсөналиева

Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик агенттиги азырынча бул маселеге комментарий бере албай тургандыгын билдирүүдө.

Аталган агенттиктин директорунун орун басары Назира Үсөналиева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, буга чейин уюлдук операторлор Байланыш агенттигинин көзөмөлүндө болушканын, аларды көзөмөлдөө процесси агенттикке эми гана өтүп жатканын, андыктан азырынча бир нерсе айтуу эртелик кыларын билдирди:

- Азыр бул суроого толук жооп бере албайбыз. Анткени 4-декабрга чейин көзөмөл Байланыш агенттигинде болчу. Андан кийин бизге өттү. Бирок азыркы кезге чейин бардык архивдик документтер, иш кагаздары бизге берилип атат. Азыр кандайдыр бир жооп айтсак туура эмес болуп калат.

Уюлдук байланыштын кымбаттоосу андан мурдараак болгон электрге, жылуулукка жана ысык сууга болгон баалардын эселеп көтөрүлүшүн коштоодо. Экономисттер болсо мындай кымбаттатуулар рынок мыйзамдары боюнча калган бардык товарлардын, тейлөө кызматтарынын баасын да жогорулатарын айтышууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Алмабек Абдыганы тегин каяктан: Каракулжа
05.02.2010 13:09
Ажобуз "туугандарымды бийликке аралаштырбайм"-деген сөзүн унуттубу же баласына сөзү өтпөй жатабы эч түшүнбөй жатам. Кантсе дагы элдин бийликке болгон ишеничи жоголуп баратат.

кимден: Эсентай каяктан: Ош
02.02.2010 15:41
Эсинерде болсо 2005-жыл революциядан эртеси эле уюлдук компанияларды тартып алуу башталган.

кимден: Алмаз каяктан: ОШ
02.02.2010 11:04
Уюлдук байланыштын 60 центке кымбатташы, кадимки канынды соруп жаткан кенеге окшойт да. Атаңдынгөрү дүнүйө, ишенген кожоң сууга акса алды артыңдан тал карма деген ушул турбайбы!. Бийликтеги АЖОБУЗ ЖАНА КОЖОБУЗ элди ойлосо уюлдук байланышты 60 центке кымбаттаттырбаш колунан келет эле.

кимден: Зарлык каяктан: Жалалабат
01.02.2010 15:24
Курманбек Салиевичтин бир сөзү эсимде "мен бийликке туугандарымды аралаштырбайм" - деген. Азыр болсо ал сөзүн унутту. Ал болсо макул. Ар ким өз ишин кылып жатат. Эми ошол кампаняларды бийлик көзөмөлдөсө болмок.

кимден: Самат каяктан: Москва
29.01.2010 03:13
"Уйулдук байланыш тармагы кимдердин колунда?" - деп сурапсыздар.
Жооп берейинби? Чыгарасынарбы? МАКСИМ БАКИЕВДИН колунда.
Эгер андай болбосо, далилдегиле.
Москвадагы орустар ушундай деп айтып жана жазып журушот. Мен да ушуга ишенем.

кимден: Shom каяктан: Talas
29.01.2010 01:43
Бул азыркы бийлик дем алып жаткан абага да салык салып, акча чогултат жакында мындай темп менен. Бул нерсе ансыз деле ото оор шартта жашап жаткан жарандарыбыздын канын соруу, эл менен эсептешпей, элди козуно илбоо деген соз. Кыргызстан ансыз деле мобилдик суйлошуу жана интернет тармагы боюнча эн кымбат олколордонбуз . Башка чет мамлекеттерде ото арзан жана абдан ынгайлуу шарттар бар. Урматуу Азаттыктын окуучулары бул нерсени жон эле унчукпастан турбашыбыз керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)