Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:01

Дүйнө

Ооганстанда НАТОнун операциялары уланууда

Ооганстанда коалициялык күчтөрдүн талиптерге каршы масштабдуу операциялары уланууда. Үч күн ичинде козголоңчулардын жоон тобу окко учту, ондон ашууну колго түштү. Ошол эле учурда калк арасында да бөөдө чыгымдар болду.

Ооган армиясынын жоокерлери урушта колго түшкөн талиптердин бирин кабарчыларга көрсөтүштү.
x
Ооган армиясынын жоокерлери урушта колго түшкөн талиптердин бирин кабарчыларга көрсөтүштү.
Текст көлөмү - +
Операциялар Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд аймагында жүрүп жатат. Уруштардын алдыңкы чегине америкалык деңиз аскерлеринен төрт миңдей жоокер ташталды, аларга британ күчтөрүнөн дагы төрт миңдей топ колдоо көрсөтүүдө.

Ооган аскерлеринен да операцияга ири бөлүктөр тартылды. Уруштардын жүрүшүндө талиптердин жыйырма чакты лашкери жок кылынды, он бири колго түштү. Операция бир айга созулушу мүмкүн.

Британдык аскерлердин бөлүгүнө командалык кылган майор Майк Тэйлор талиптер алдыдагы күндөрдө активдүү аракеттерге өтө башташы мүмкүн деп эсептейт.

"Чынын айтканда талиптер жаалданып каршылык көрсөтөт го деп ойлогон элек, бирок алар коалициялык күчтөрдүн жайпап кирген жапырыгынан алдаалап калышты. Бир аз убакыт алар калк арасына кире качып, биздин аскерлердин кайда экенин, кайсы багытта аракеттенип жатканын байкап көрүп, ошондон соң жанданат болуу керек",- деп айтты ал "Азаттыкка".

Соңку маалыматтарда айтылгандай, НАТОлук аскерлердин алдыңкы бөлүктөрү талиптер коюп кеткен миналарга кабылып, абайлап алга жыла башташты. Кээ бир жерлерде айыгышкан атышуулар болуп жатат. Коалициядагы чалгындоо күчтөрү талиптер ашып барса бир нече күн туруштук бериши мүмкүн деп ырасташат.

Жекшемби күнү америкалык деңиз аскер күчтөрү менен ооган армиясынын алдыңкы бөлүктөрү Маржа шаарына кирип, козголоңчулардын көнөктөтө атылган жооп огуна кабылышты. Талиптердин позициясын мээлеп атылган эки ракета бутадан оолактап кетип, үч жүз метр аралыктагы үйлөргө тийди. Натыйжада жайкын адамдар арасынан он эки киши набыт кетип, бир тобу жарадар болду.

Ооган президенти Хамид Карзай бул ишти териштирип чыгууну талап кылды. НАТОлук контингенттин колбашчысы генерал Стэнли Маккристал бутадан кайып кеткен ракеталардын түрлөрүн колдонууга тыюу салып, бөөдө курман болгон оогандыктар үчүн кечирим сурады.

"Биринчиден, мен айткым келет: президент Карзай ушул операцияны бизге ишенип тапшырып, чоң милдетти – калкты коргоо озуйпатын жүктөдү. Операциялар ошол көрсөтмөлөргө ылайык өтүп жатат. Ага ооган өкмөтү өзү баш-көз болуп жатканы биздин өнөктөштүгүбүздүн башталашын билдирет, буга мен өтө курсантмын",- деп билдирди Маккристал.

НАТОнун күчтөрү Гилменд аймагындагы эки районду талиптерден тазалап, аларды жергиликтүү бийликтердин контролдугуна өткөрүп берүүнү көздөп жатат.

Мындай масштабдуу операция 2001-жылы "Талибан" бийликтен кулатылгандан бери боло элек эле.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)